Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

УКМК коррупцияга укурук таштайт


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында жемкордукка каршы күрөшүү агенттигин түзүү демилгесин көтөрдү.

Буга чейин өлкөдөн куулган эки президент экөө тең учурунда ушундай эле демилгелер менен чыгышып, бирок андан майнап чыкпагандыгына күбө болушкан коомчулук өкүлдөрү Атамбаевдин мындай демилгесине сын көз менен карашууда.


Демилгенин деми күч

Менимче, президент бул күрөштө кылчактабай туруп, радикалдуу кадамдарды жасоого даяр. УКМКга таза жана тажрыйбалуу адамды алып келгени да бекеринен эмес.
Аликбек Жекшенкулов

Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамга ылайык өз алдынча жаңы бийлик органын түзө албайт. Ошондуктан ал улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин түзүүнү тапшырды. Ага ылайык, жакынкы төрт күндүн ичинде жаңы агенттиктин жобосу иштелип чыгып, мамлекет башчысынын кароосуна жөнөтүлөт.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов жемкордук менен чын ниеттен күрөшүүгө Атамбаевде саясий эрк жетиштүү деп эсептейт:

- Алмаз Атамбаевга азыр коомчулуктун колдоосу жана ишеними жогору. Мына ошондон пайдалануу менен катуу чараларды көрүп, коррупциянын тамырын кыркууга аракет жасоого мүмкүнчүлүк бар. Ири аткаминерлерден баштап жазаласа эле бул иш-чара өзүнүн натыйжасын берет. Менимче, президент бул күрөштө кылчактабай туруп, радикалдуу кадамдарды жасоого даяр. Улуттук коопсуздук кызматына буга чейин кандайдыр бир иштерге аралашпаган таза жана тажрыйбалуу адамды алып келгендиги да бекеринен эмес.


Эски өнөкөттөр кайталанбайбы?


Коомчулукта Атамбаевдин демилгесине ишенбөөчүлүк менен карагандар да аз эмес. Анткени мурдагы качкын президенттер Акаев менен Бакиевдин тушунда да коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтар түзүлүп, бирок жыйынтык болгон эмес. Анткени жогорку бийлик сересиндегилер өздөрү кыңыр иштерге аралашкандыгы кийин ачылган кылмыш иштеринен белгилүү болду.
Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн атайын агенттик түзүп олтурбай эле укук коргоо жана сот органдарын тартипке келтирсе натыйжа чыкмак.
Канат Аманкулов

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиев жаңы президенттин кадр тандоосу мурдагылардан айырмаланбагандыгын айтып, анын аталган демилгесинен майнап чыгаарына ишенбейт:

- Мына ошол агенттикке ким жетекчи болуп келет? Эгерде азыр башка кызматтарда кайталанып жаткандай мурдагы эле аткаминерлер келсе, анда эч кандай өзгөрүү болбойт. Чынын айтканда мен мындан майнап чыгаарына ишенбейм. Анткени президенттин акыркы дайындоолорун карасаңыз, буга чейин чоң кызматтарда жүрүшүп, коомчулукка бир жакшы иши менен эмес, алдым-жуттумдугу жагынан белгилүү болгондору бар.

Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөшүүнү кайрадан Улуттук коопсуздук кызматына караштуу мекемеге берилишин туура эмес дегендер чыкты. Анткени коопсуздук органдары боюнча мыйзамга ылайык, атайын кызмат экономикалык кылмыштар менен алагды болбой түздөн-түз террорчулук жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүш керек деген талап койулган.

Башкы прокуратуранын башкы тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Канат Аманкулов коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн атайын кызматтын алдында жаңы агенттик ачуунун зарылдыгы жок деген пикирде:

- Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн атайын агенттик түзүп олтурбай эле укук коргоо жана сот органдарын тартипке келтирсе натыйжа чыкмак. Бул жагын тартипке келтирип, мыйзамдардын аткарылышын камсыздамайын он агенттик түзгөндө деле жыйынтык чыкпайт. Президент реформаны жасап, кайсыл тармакта кандай иш жүрүп жаткандыгына катуу көзөмөл кылып, талапты койсо эле иш ордунан жылмак.

Буга чейин президенттин алдында коррупцияны алдын-алуу жана эскертүү сыяктуу мамлекеттик бийлик органдары иштеп келген. Бирок алар натыйжалуу иш алып барууга негиз берген даана бийлик-укуктарга ээ болушкан эмес. Жаңы түзүлө турган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттикке алдын алуу менен бирге эле күчкө таянган ыкчам чараларды жүргүзүүгө укук берилиши мүмкүн экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG