Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Президент аппаратынын ЖКнын 80 депутатына “мамлекеттик кеңешчи” деген чин берүү сунушу коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты.

“Азаттык” бул маселени “Арай көз чарайда” талкуулап, ага саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жана тарыхчы, профессор Айнура Арзыматова катышты.







“Азаттык”: Айнура айым, Жогорку Кеңештин 80 депутатына жана бир катар мамлекеттик кызматкерлерге “ мамлекеттик кеңешчи” деген чин берүү тууралуу жарлыктын долбооруна биринчилерден болуп каршы пикириңизди билдирип, элге каршы аракет деп айттыңыз. Себебин түшүндүрө кетсеңиз?

Арзыматова: Президенттик аппарат даярдаган бул долбоор таптакыр акылга сыйбаган, түшүнүккө батпаган нерсе. Себеби ошол депутаттардын ичинен жок дегенде эки-үчөөнө берсе биз каршы болбойт элек. Бирок 80 депутат деген эмне? Алардын ичинде таптакыр оозун ачпагандары бар. Аларга генералдын чинин берген менимче, акылга сыйбас нерсе. Элге каршы дегеним – аларга чин менен кошо берилүүчү акча, айлык акысына, пенсиясына төлөнүүчү кошумча акчанын баары мамлекеттик бюджеттен, сиз менен биздин, элдин акчасынан алынат.

“Азаттык”: Орозбек мырза, “мамлекеттик кеңешчи” деген чинди кимдер ала алышат? Кандайдыр бир тартиби бар болсо керек?

Молдалиев: Мамлекеттик чин берүү боюнча атайын 2004-жылы мыйзам кабыл алынган. Ал мамлекеттик кызматтын кадырын көтөрүп, жакшы нукка салуу, коррупцияны азайтуу максатында кабыл алынган. Бирок ошол учурдагы Жогорку Кеңеш бул мыйзамга бир топ өзгөртүү кийире коюп, мыйзам баштапкы абалынан өзгөрүп кетти.

Ал жерде саясий кызматтагыларга мамлекеттик чин берүүнү “президент өзү чечет” деген жери бар. Негизинен алып келгенде президент кааласа берет, каалабаса бербей коёт деген түшүнүк да жатат. Мен бир нерсени белгилеп коеюн, депутаттар эл тарабынан шайланып, элдин өкүлү болуп саналышат. Эгер алар аткаруу бийлигинен мындай чин алып алышса, анда алар кимдин кызыкчылыгы үчүн иштешет деген суроо туулат.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө элдин нааразылыгын туудурган дагы бир нерсе – ошол чинди алуучулардын тизмеси болуп жаткансыйт. Анткени алардын ичинде мыйзам чыгарууга да, мамлекетке да эч кандай эмгеги сиңбеген адамдар жүрүшөт деген пикирлер да арбын...

Молдалиев: Тизме менен сыйлап, тизме менен наам берүү – мыйзамдын маңызын бузуп коюп атат. Депутаттар эгерде наам алгысы келсе, анда өзүнчө мыйзам иштеп чыгуулары керек. Анда депутаттарга баланча жыл иштегенден кийин, мурунку чакырылыштарда иштеген жылдарын, мыйзам чыгарууга кошкон салымын эске алып, бирок акчалай кошумчасы жок эле, наам берилсин деп жазылып турса, жаман болбойт. Наам алуу үчүн азыр депутаттар президентке көз каранды болуп калып жатат.

Арзыматова: Мамлекеттик кызматта 30-40 жылдап иштеп деле эч кандай наам албагандар бар. Ошондуктан эч кандай эмгек сиңирбей туруп эле азыр 80 депутат менен кээ бир мамлекеттик кызматкерлерге генералдык наамга тете мамлекеттик чин берүү туура эмес болуп турат. Депутаттар жеке келечегин ойлогон адамдар болуп атат, бирок президенттик аппарат аларга кошулуп алганы нааразы кылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG