Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Түрк дүйнөсү бириге алабы?


Бишкек саммитине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Абдулла Гүл, Азербайжан өкмөт башчысы Артур Расизаде жана Түркмөнстандын ИАсынын президенти Гурбанмырат Мезилов катышууда.

Бишкек саммитине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Абдулла Гүл, Азербайжан өкмөт башчысы Артур Расизаде жана Түркмөнстандын ИАсынын президенти Гурбанмырат Мезилов катышууда.

Бүгүн Бишкекте башталган саммиттин алдында түрк дүйнөсүнүн келечеги, ага мүчө Кыргызстандын орду “Азаттыкта” талкууга коюлду.

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов жана көз карандысыз экономист Искендер Шаршеев катышты.




“Азаттык”: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы максатына жете алабы?

Абылов: Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланышты күчөтө берүү керек, анткени биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиздин теги бир. Экинчи жагы: биз кайсы багытта биригип, иш алып баруубуз керек? Маселе ушунда жатат. Саясий, тарыхый жана экономикалык аспектилерди тактабай туруп, бул уюмга кирип алганыбызга байланыштуу бир топ мүчүлүштүктөр болуп атат.

Мисалы бул уюмга СССР кулагандан кийин алты мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия чогулган. Көп өтпөй орчундуу маселелер чыга баштады, алардын ичинде Түркия түрк дүйнөсүнө Түндүк Кипрди да көз карандысыз мамлекет катары тарта баштаган. Кыргызстан аны эркин мамлекет катары тааныбайт болчу, алар менен түрк дүйнөсү уюмунун ичинде бирге отуруп, бир маселе чеччү болсок, Европа жана башка өлкөлөр үчүн Кипрди тааныган мамлекет болуп калмакпыз. Мындан да башкысы – бул уюмдун Түрк деген сөзгө байланып турганы да бизди чочутту. Анткени түрк империясы кулагандан кийин анын ордунда – Улуу кыргыз державасы калган. Демек, түрк дүйнөсүн түптөгөн ким? Түрктөрбү же кыргыздарбы?

Шаршеев: Тарыхта ар кандай болгон. Азыр байкасак, Түрк дүйнөсүнүн биригүүсүнө өткөн кылымдын он жетинчи жылдары да кандайдыр бир шарт түзүлгөн. Ошондо Орусия менен Кытайга каршы саясат жасап, Англия менен Германия Түркистан Республикасын түзүүгө сунуш берген. Ошондо Мустафа Чокай деген алгачкы өкмөт башчы болуп, Түркстан Республикасын 62 күн башкарган. Бирок аны кийинчерээк Михаил Фрунзе “басмачы” деп сүрүп чыккан.

Бул долбоорго ылайык Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандын кээ бир аймактары кошулуп, бир өлкө болушу керек эле. Эгерде ошондо Англия менен Германия Мустафа Чокайга жакшы жардам бергенде, Борбор Азияда Түркстан деген килейген мамлекет болмок. Бирок Советтер союзу ага жол бербей, 1924-жылдары гана толук талкалап жок кылган.




“Азаттык”: Азыркы биригүү ошол мурунку биригүүгө алып келе алабы?

Шаршеев: Түркия болгону Союз урары менен Борбор Азия өлкөлөрүнө келип, эч кимдин колу тие элек базарды колго алып алды. Бул кезегинде Түркиянын экономикасынын өнүгүүсүнө да чоң шарт түзүп берди. Азыркы кезде Түркия үчүн биз менен иштөө өтө пайдалуу болуп саналат. Негизинен, түрк тилинде сүйлөгөн мамлекеттер биригип, саясий, экономикалык жактан бири-бирине жакшы мамиле кылса – бул жакшы көрүнүш болот.

“Азаттык”: Эмне үчүн бул кеңешке Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр маани бербей жатат? Айрым серепчилер Өзбекстандын бул уюмга аралашпай калуусуна 2005-жылкы Анжиян окуясын байланыштырып жүрүшөт. Анткени ошол учурда Түркия Евробиримдикти колдоп, Анжияндагы кан төгүүлөр үчүн өзбек бийлигин сындаганы Өзбекстандын нааразылыгын жараткан деп айтылат?..

Абылов: Жок. Анжиян окуясынын эч кандай тиешеси жок. Өзбекстан ага чейин эле бул уюмдун жыйындарына катышпай калган. Ал эле эмес Казакстан да катышчу эмес. Буга бир жагынан Түрксойду Азербайжандын Пулат Булбул оглы деген өкүлү он төрт жыл бою башкарып отуруп алганы да себеп, анткени тартип боюнча уюмдун башчысы төрт жылда бир алмашып турушу керек болчу. Бул жерде Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунда Борбор Азиядагы өлкөлөргө тең ата мамиле жасалбаганы да бул уюмга ишеничти жоготкон.

“Азаттык”: Түрк тилдүү мамлекеттердин жыйындарында кабыл алынган макулдашуу, келишимдер кагаз жүзүндө калып, иш жүзүндө эч кандай кадам жасалганы байкалган жок. Мисалы: алыс барбайлы, кыргыз-казак чек арасынын абалы, андан өтүп жаткан жарандарга чек арачылардын жасап жаткан мамилеси ж.б. буга ачык эле далил...

Шаршеев: Бул жерде маданияттуу карым-катыш болушу керек. Экономикалык, саясий жагына келгенде эч качан алданбоого тийишпиз. Бизди эч ким көкөлөтүп салбайт, жакшы шарт түзүп бербейт. Түрк дүйнөсүнүн тарыхы, маданияты, тили бир болгону менен ар бир түрк мамлекети өзүнчө улуттук мамлекет, өзүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөйт. Ошондуктан, тунук акыл менен киришип, өз алдыбызча аракет кылуубуз зарыл.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG