Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Жаз келиши менен гезиттерде "Отунбаева менен Бабанов бийликти тартып алганы жатат” деген имиштер жайнап кетти.

Ошол эле убакта Өмүрбек Бабанов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда төңкөрүшкө каршы экенин, ал эми Роза Отунбаева революциянын жеңиштерин коргоп алууга күчтөр бар экенин өз-өзүнчө айтып чыгышты.

"Ийленген" имиштер

“Үчүнчү төңкөрүш” жана Отунбаева-Бабанов “тандемине” байланыштуу макала, маектер “Де Факто” “Айбат” жана башка бир катар жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарык көрдү.

Мурдагы премьер-министр, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов эки күндүн ичинде үч маалымат каражатына төңкөрүшкө каршы экенин, бирок парламентти таратууну талап кылган акцияларга каршы эместигин айтып чыкты.
“Биринчиден, менин оюмча, дагы бир революция же төңкөрүштү биздин мамлекет көтөрө албайт. Кыргызстанда башка бир да төңкөрүш же революция болбошу керек”, - дейт Бабанов K-News маалымат агенттигиндеги интервьюсунда.

Ошол эле маалымат агенттигиндеги экинчи маегинде Бабанов өлкөдө тез арада конституциялык реформа жасалып, бийлик таза президенттик же таза парламенттик болууга тийиш деп эсептейт.

Бул учурда Ошто өз фондунун иши менен жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага Араван районунун тургундары айрым маалымат булактары аны экс-премьер Бабанов менен байланыштырып, азыркы бийликке каршы иштеп жатат деп жазганын тактап берүүнү суранышкан.

Роза Отунбаева мындай суроолорго: “Мен Ош облусундагы бала бакча маселелери, окуучуларды кесиптик-техникалык окуу жайларга тартуу жана энелердин коопсуздугу сыяктуу көйгөйлөр менен жүрсөм, мени кайсы бир ойго келбеген иштерге кошуп, ар түрдүү ушактарды таратып гезиттерге жазып чыгышыптыр. Өмүрбек Бабанов кызматтан кеткенден бери аны көрө элекмин. Болду эми, революциялар болду, өттү, өнүгүүнүн, куруунун да чагы келди. Баарыбыз президентке жардам берип, азыркы коомдун курч проблемаларын чечкенге киришпейлиби? Эгер стабилдүүлүккө доо кетирип, азыркы курсту артка бурабыз деген күчтөр чыга турган болсо, аларды токтотконго күч жетет”, - деп жооп берди.

Отунбаева жана Бабановду азыркы бийликке каршы биригиши тууралуу жазып чыккандардын бири саясат таануучу Табылды Акеров. Анын макаласы интернет сайттарга да жайылды. Табылды Акеровдон ал эмнеге таянып антип жазганын сурадык.

- Булардын фамилиялары коомчулукка белгилүү болгондуктан, революциялык маанай түзүү үчүн айрым күчтөр ушуну колдонгусу келгендей. Өзүмдүн материалымда Роза Отунбаеванын бул жерге тиешеси жок экенин айтып, бирок ал сөзсүз түрдө коомчулукка өз позициясын билдирип коюшу керек, себеби маалымат өтө көп тарап жатат дегем.

Саясат таанучунун пикиринде, Отунбаева менен Бабановдун атын колдонгусу келген күчтөр бар, имиштер ошондуктан атайын таратылып жатат. Ошол эле убакта аты аталган саясатчылардын кандайдыр бир жолугушуулары же төңкөрүшкө даярданып жатканы тууралуу далилдер эч кимде жок.

- Далилдер жок, бирок аймактарда сөздөр өтө көп жүрүп жатат. “Ата-Журт” менен “Республика” биригеби деп сурап жатышат.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибековдун аты да оппозицияга байланыштуу көп аталууда.

Акматбек Келдибеков оппозициялык кыймылдардын ичинен акчасы, адам ресурсу жана саясий таасири жагынан белгилүү. Ал эми “Ата-Журт” партиясынын башка лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, Кубатбек Кожоналиевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот аздыр-көптүр кишилерди эмитен эле көчөгө чыгарууда.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, кезектеги төңкөрүш тууралуу сөздөр ишке ашышы күмөн:

- Отунбаева, Бабанов жана Келдибековдун төңкөрүш жасоо үчүн биригүүсүнө көзүм жетпей турат. Кырдаал такыр башкача. Үчөө тең прагматиктер жана турмушка реалдуу көз караш менен караган саясатчылар.

Ошол эле учурда мындай имиштердин чыгышына азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар да кызыкдар болушу мүмкүн.

- Ушундай ыкма менен айрым адамдар өздөрүн керек сезишет. Негизи эле мындай учурда айрым саясатчылар жакшы пайда көрүшөт.

"Кыргызстан үчүнчү ыңкылапты көтөрө албайт"

Марс Сариев төңкөрүштү ишке ашыруу үчүн азыркы геосаясий кырдаал да дал келбесин түшүндүрдү:

- Орусия менен АКШнын тирешүүсү чечүүчү ролду ойнойт. Азыр Атамбаевде Орусиянын ачык жана түз колдоосу бар, ошол эле убакта АКШ 2005-жылдагыдай чечкиндүү кадамдарга кызыкдар эмес, бул Атамбаевге пайда алып келүүдө.

Кыргызстанда жазында түрдүү митингдердин жанданышы көнүмүш адатка айланып, көпчүлүк адамдарда дагы эмне болуп кетет деген чочулоо калыптангандай.
Февраль айынын экинчи жарымында Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында жалпысы 10-15 миңдей диск жайылганы жөнүндө маалымат пайда болду. “Ууланган Кумтөр” деп аталган диск кендин зыяндуулугу жөнүндө башталып, анын аки-чүкүсү жөнүндө толук маалыматтарды баяндайт.

Ошол эле учурда ар кандай талаптар менен, анын ичинде парламентти таркатуу талабы менен нааразылык акциясына чыгууну болжоп жаткан саясий топтор активдешти.

Коомдук ишмер Мирослав Ниязов башында турган топтор парламентти таркатуу талабы менен, Мукар Чолпонбаев башында турган “Кыргызстанды сактоо” кыймылы Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, саясий куугунтукту токтотуу талабы менен марттын орто ченинде нааразылык акциясына чыгышаарын жарыялашты.
1-мартта Талас шаарында облустун аймагында кен иштетүүгө каршы митинг өттү. Милициянын айтымында, ага 20 киши чыкты. Уюуштуруучулар болсо акцияга келгендердин саны 200 киши деп жатат. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиргенине караганда, элдин саны 100дүн тегерегинде. Митингди "Талас элинин ынтымагы" кыймылы уюштурду.

Мындай имиш кептерге карата камтамачылыгын бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да билдирип, Кыргызстан үчүнчү ыңкылапты көтөрө албастыгын айтып чыкты. Президент бул тууралуу Сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы соңку мезгилде бийликти басып алууга үндөгөн маанайдагы материалдар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көп чыгып жатканын, бул туура эмес экенин айтып, өлкө тагдыры менен ойнобош керектигин, эгер кимдир бирөөлөргө бийлик керек болсо шайлоого камдануусу зарылдыгын белгиледи.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында эки жолу - 2005 жана 2010-жылдары элдин массалык нааразылыгынан улам бийлик алмашып, эки президент өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG