Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

"Күрдөөлдүү" саясий күз келатат


Оппозициялык "Эл үнү" кыймылынын Кумтөр келишимин жокко чыгарууну талап кылган митингинен. Бишкек, 24-апрель, 2013.
Оппозициялык "Эл үнү" кыймылынын Кумтөр келишимин жокко чыгарууну талап кылган митингинен. Бишкек, 24-апрель, 2013.

Президент Алмазбек Атамбаев күзүндө, же эмки жазда өлкөнү бөлүп-жаруу, солкулдатуу аракети болорун эскертти.

Эксперттер да коомдук-саясий кырдаалды курчутууга себепчи жагдайлар жана аны колдонууну каалаган күчтөр бар экенин айтууда. Ал арада оппозициялык партиялар жаңы кыймылга биригип жатканы маалым болду.

Президент Алмазбек Атамбаев спортчулар менен жолугушуусунда мурда бийликте туруп, кол жууп калгандар кырдаалды курчуткусу келээрин билдирди. Аттарын атабаганы менен айрым саясатчыларды кээ бир араб өлкөлөрүндөгүдөй Кыргызстанда да жарандык согуш тутанткысы келет деп айыптады:

- Биздин саясатчылар мамлекеттик кызматты арам акчаны адалдоо жана акча жасоо объекти деп кабыл алат. Көптөгөн саясатчылар үчүн биздин мамлекет болушунча көбүрөөк акча ала турган жөн эле күркө. Күздө, балким келаткан жазда солкулдатуу аракети болот. Өз үйү, өз бурчу үчүн эч нерсе жасабаган адамдар биздин мамлекетти кыйраткысы келет. Бизге кызмат берсеңер, митинг кылбайбыз, элди көчөгө чыгарбайбыз деп соодалашат. Митингдерди уюштургандардын артында жалаң мурун депутат болгондор, мурунку министрлер, жалаң мурункулар турат.

Байкоочулардын баамында, коомдук-саясий кырдаалга таасир бере турган бир катар жагдайлар бар. Маселен, талдоочу Закир Чотаев ага өкмөттүн иши, Кумтөр маселеси, депутаттар соту сыяктуу жагдайлар таасир этиши ыктымал деген ойдо:

Бизге кызмат берсеңер, митинг кылбайбыз, элди көчөгө чыгарбайбыз деп соодалашат. Митингдерди уюштургандардын артында жалаң мурун депутат болгондор, мурунку министрлер, жалаң мурункулар турат.
Алмазбек Атамбаев

- Өткөн күздө бизде өкмөт алмашкан. Эми бул күздө парламентте бир жылдык отчетун бериши керек болот. Өкмөт бир топ долбоорлор ишке ашып жатат деген менен эл реалдуу жыйынтыгын көрө элек. Ошондой эле түшүмдүүлүк, Ысык-Көлдөгү туристтик сезондун жыйынтыгы да кырдаалга таасир этет. Андан сырткары коррупция маселеси да көтөрүлөт. Атаханов кызматтан кетип, акыйкатчыны кызматтан четтеткен менен Батукаев боюнча да талкуу, талаш-тартыш да аягына чыкпай калган. Депутаттар боюнча да Жогорку Соттун чечими турат. Кумтөр боюнча да чечим күздө кабыл алынат.

“Антикризис” коомдук фондун төрагасы Эркин Абдразаковдун баамында, азыркы бийликке чогуу келгендер арасында да ажырым көбөйдү, бул дагы кошул-ташыл болушу мүмкүн:

- Азыр бийликте отургандар аз эле иштеп кетип калып жатышпайбы. Бийликке чогуу келген тарапташтар кийин тил табыша албай калып, же болбосо бир нерсени бөлүшө албагандыктан четте калгандар да толтура болуп жатат. Соңку учурда административдик реформаны жакшы жүргүзбөгөндүктөн жана кээ бир аткаминерлерди партиялык тизме менен алып келип алышып же ыйгарым укугу жок, же каражаты жок алдыга койгон милдетин аткара албайт. Экинчиден, мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы жок болгондуктан бийликтегилер өздөрүнөн өздөрү чочулап аткан кези.


Мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы жок болгондуктан бийликтегилер өздөрүнөн өздөрү чочулап аткан кези.
Эркин Абдразаков
Ал эми "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов интернет гезиттерге маегинде оппозициячыл күчтөрдүн солкулдатуу аракетинен майнап чыкпайт деген көз карашын билдирди. Анын оюнча, эл ичинде ар кандай тополоңдордон көңүл калуу, иренжүү сезими күч.

Ал арада оппозициядагы партиялар жаңы кыймылга бириге баштаганы маалым болду. Ал күчтөр орозодон кийин жанданып, эл ишениминдеги өкмөт түзүү, Кумтөрдү эл пайдасына чечүү жана конституциялык реформа жүргүзүү сыяктуу талаптар менен чыкканы жатат.

XS
SM
MD
LG