Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Парламенттеги башкаруучу коалиция өзү түзгөн өкмөт менен бирге жоопкерчиликти алууга жарамсыз болуп чыкты.

Андыктан коалициянын өзүнүн ичинде ажырым пайда болуп, анын келечек тагдыры арсар абалда калды. Cаясий эксперттер коомдук саясат институтунда өткөн жумадагы талкууда башкаруучу коалициянын абалына карата мына ушундай баа беришти.

Биримдик менен жоопкерчиликтин таңкыстыгы

Саясий эксперттер парламент Кумтөр маселеси боюнча өкмөттүн сунушун четке кагып, ошол эле кезде ага кошумча милдет такканын түшүнүксүз кадам катары баалашты. Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн 67 пайызга көтөрүү боюнча демилге 74 добуш менен жактырылып, бирок өкмөт буга каршы экенине карабастан чечим кабыл алынганы терс жагдай катары мүнөздөлүүдө. Эксперттер өкмөттүк кризистин ордуна кайра өкмөткө 23-декабрга чейин коюлган шарт боюнча келишимге келүү жагы таңууланганы туңгуюк абалды жаратты деп мисал келтиришти.

Мындай шартта башкаруучу коалиция өзү жоопкерчиликтен качканы ажырымды андан бетер курчутту дешет алар. Саясий эксперт Валентин Богатырев башкаруучу коалицияда бирдиктүү позициянын жоктугун төмөндөгүдөй себептер менен түшүндүрдү:

- Парламенттеги КСДП фракциясынан башка күчтөр келе жаткан шайлоодо кайрадан келүү мүмкүнчүлүгү аз экенин түшүнүп турушат. Ошондуктан алар электоратка таасир этүү үчүн парламент трибунасын пайдаланып, Кумтөр жана Батукаев” сыяктуу маселелерден саясий упай топтоого киришти. Өкмөттүн сунушу менен макул болбосо алар өздөрүнүн өкүлдөрүн өкмөттөн чакырып алып, коалициядан чыгып кетиши керек эле. Бирок андай болгон жок. Мунусу менен бул парламент парламентаризм мындай болбошу керек деген мисалды көрсөттү.

Парламентаризм жолунан чыккан парламент

Ошол эле кезде талкуунун айрым катышуучулары башкаруучу коалициянын курамындагы кээ бир фракциялар өкмөт менен бирге жоопкерчиликти алууга даяр эмес экенин сынга алышты. Мындай шартта алар коалициядан чыгуу, өкмөттү кетирүү жана парламентти таркатуу сыяктуу демилгелердин бирин тандоого тийиш эле дешет. “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбековдун айтымында, башкаруучу коалиция өзү дайындаган өкмөткө таасир эте албай калган соң жогорудагы чаралардын бирин кабыл алышы керек болчу:

- Башкаруучу коалиция өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара алган жок. Мамлекеттин өтө орчундуу маселелеринин бардыгы чечилбестен кала берүүдө. Анан парламент бир эле учурда маселени чече албай, ошол эле кезде элге жагынымыш болуп меморандумду жокко чыгарып, бирок жоопкерчиликти өкмөткө жүктөп койушканы болду. Буга чейин коалиция бир нече ирет урап, бир нече ирет куралды. Бирок мындан эч нерсе өзгөргөн жок. Ошондуктан парламент мөөнөтүнөн мурун таркашы керек.

Консенсустар менен компромистер

Бирок маселенин мындай өңүттө коюулушу менен башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын көпчүлүк мүчөлөрү макул эмес. Башкаруучу коалицияда бирдиктүү саясаттын жоктугун жана жоопкерчиликтин аздыгын моюнга алган менен көпчүлүк депутаттар парламентти таркатуу демилгесине каршы. Анткени мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү саясий күрөштү гана курчутуп, мамлекеттин олуттуу маселелери чечилбей кала берет дешет алар. КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев башкаруучу коалицияда ажырым болгону менен келишүүчүлүк да табылып жатканын кыйытты:

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар айт намаз маалында. 8-август, 2013-жыл

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар айт намаз маалында. 8-август, 2013-жыл

- Башкаруучу коалициянын ичинде ар бир саясий фракциянын өзүнүн кызыкчылыгы болгону чын. Ошондуктан коомдук басымдан улам да добуш берүүдө башкаруучу коалиция баштапкы бирдиктүү позицияны кармана алган жок. Бирок муну менен башкаруучу коалиция ыдыроо алдында турат деп айтууга негиз жок. Анткени башкаруучу коалиция саясий компромисстердин негизинде иш алып барууда. Ошондуктан бул парламентти таркатуу керек дегенге кошулбайм. Себеби жаңы парламент келсе, ал деле азыркы чакырылыш сыяктуу эле иш алып барып, ошол жол менен маселеге чечүүгө мажбур. Башкача жол жок.

Жакында өкмөт тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн отчетун Жогорку Кеңешке алып келет. Ошондой эле парламентте Батукаев маселесин жана Кумтөр долбоорун кароодо кайрадан саясий кызыкчылыктардын кагылышы от алат деген божомолдор бар. Саясий эксперттер мунун себебин чечим кабыл алуучу саясий борбор парламенттеги башкаруучу коалиция эмес мурдагыдай президенттик институт болуп жатканынан көрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG