Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Кыргызстанда Байкоочу кеңештердин иштөө мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Мындан ары коомдук кеңештердин мүчөлөрүн ким, кантип тандашы керек? Президенттик аппараттын коомдук кеңештерди тандоо милдетин өкмөткө жүктөө сунушу жарандык коомдун каршылыгына кабылды.

“Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" мыйзам долбоору 2012-жылдын декабрь айында даярдалып бүтүп, быйыл 20-июнда Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган.

Президент Алмазбек Атамбаев сентябрда мыйзам долбоордогу айрым беренелер боюнча каршы пикирин билдирип, кайрадан парламентке жөнөткөн.

Коомдук байкоочулар кеңешин координациялоо кеңешинин мүчөсү Ноокатбек Идрисов негизги маселе - Байкоочу кеңештерди тандай турган комиссияны көз карандысыз шайлоо демилгесинен улам чыгып жатканын белгилейт. Анын айтымында, буга чейинки тандоо комиссиясы президенттик аппараттын алдында болчу, эми алар бул милдетти толугу менен өкмөткө бергиси келип жатат. Жарандык коомдун өкүлдөрү кайра эле чөнтөк комиссия түзүлүп калат деп кооптонууда.

- Коомдук кеңештерди тандоо боюнча комиссияны түзүүнүн башкача механизмин сунуштап атабыз. Анын үчтөн бири өкмөттөн, үчтөн экиси жарандык коомдон болот. Жарандык коом өз өкүлдөрүн өкмөткө көз каранды эмес жол менен өзү шайласын деп сунуштап жатсак, президенттин аппараты бул сунушту жактырбай жатат. Алар ошол комиссия өкмөттүн алдында болуп, өкмөт аныктаган жол менен шайласын деп жатышат. Андай болсо комиссия кайра эле көз каранды, чөнтөк комиссия болуп калат да, Байкоочу кеңештерди жакшы түзө албай, алар алсыз болуп калаарын айтып жатабыз.

Рита Карасартова

Рита Карасартова

Жарандык иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова биринчи жолу түзүлгөн тандоо комиссиясынын курамында иштеген. Комиссия 2010-жылы отурумуна чогулуп, 10 мамлекеттик мекеменин Байкоочу кеңештерин тандап берген. Андан соң 2011-жылы май айында дагы бир чогулуп, калган кеңештер бекитилген. Андан бери Байкоочу кеңештердин айрымдары жоюлуп, курамы азайганы менен комиссия тарабынан эч кандай толуктоолор болгон эмес.

- Анткени ким эле өзүн көзөмөлдөй турган органга кыйын кишилерди койсун деп комиссияны түзөт? Алар жумшак сүйлөгөн, баарын кыйратып жатасыңар дегендей кишилерди алып келүүгө кызыкдар. Мен да биринчи комиссияга кирип калгам, муну ошондо байкагам. Ошонун кесепетинен Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Байкоочу кенеш иштебей калды. Анткени ал жерде өз алдынча жүргөн үч эле киши бар экен. Калганы курулуш компаниялардын жетекчилери экен. Алар анан лицензия берген мамлекеттик уюмга кантип каршы чыкмак эле?

Жарандык коом уюштурган коомдук угууга катышкан президенттик аппараттын диний саясат жана жарандык коом менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева президенттин сунушунда Байкоочу кеңештер боюнча эч кандай тескери ой жок экендигин белгиледи.

- Эгер президент өзүнүн авторитардык бийлигин күчтөндүрүп, Байкоочу кеңеш институту аркылуу өкмөттү пайдалангысы келсе, ал башка абал болмок. Бирок президент кайрадан ошол Байкоочу кеңештерди сыйлаганы үчүн, силер айтып жаткандай комиссияга каалаганын киргизип ала тургандай манипулятор болгусу келбегени үчүн Конституцияга ылайык бул милдетти өкмөткө берүүнү сунуштап жатат. Бул позиция жана бул жерде бизди айыптоого эч кандай негиз жок.

Алар жумшак сүйлөгөн, баарын кыйратып жатасыңар дегендей кишилерди алып келүүгө кызыкдар.
Президенттик аппараттын укук жагынан камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамда Байкоочу кеңештерге өтө эле көп мамлекеттик көзөмөлдөөчү укуктар берилип калганын, мунун өзү Конституцияга каршы келээрин белгилейт. Анын пикиринде эге мыйзам долбооруна ушул калыбында кол коюлуп калса, кийин мыйзамдык карама-каршылыктар чыгышы толук мүмкүн:

- Өкмөттүн милдети жарандык коом менен мамиле түзүү экендиги Конституцияда жазылып турат. Ошондуктан Байкоочу кенештер аткаруу бийлигинин органдарында болушу керек. Калган мамлекеттик органдар кааласа өздөрү түзүп алсын. Мисалы, Жогорку Кеңеш, биздин аппарат, же Эсеп палатасы, же Башкы прокуратура өздөрү чечиши керек, керекпи же жокпу. Эртең булардын бири Конституциялык палатага “бизди көзөмөлдөп жатат, бул Конституцияга туура келбейт” деп кайрылса, Конституциялык палата чын эле чечип коёт да.

Ушул тапта мамлекеттик мекемелердин алдында иштеп келатышкан Байкоочу кенештердин иштөө мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзамга кол коюлуп, ал күчүнө кирип, жаңы Байкоочу кеңештер тандалгыча, азыркы иштеп жаткан кеңештердин иш мөөнөтүн жарлыктын негизинде узартып берүүнү өтүнүштү. Ал эми мыйзам долбоору боюнча жарандык коомдун сунуштарына президент макул болбой турган болсо, январдын орто ченинде парламенттик коомдук угуулар болушу мүмкүн.

Эркин Алымбеков

Эркин Алымбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбеков өлкөдө демократиялык институттарды, нормаларды ишке ашыруу үчүн бийлик менен коом ортосундагы ачык-айкындуулукка шарт түзүү керек деп эсептейт.

- Байкоочу кеңеш институту формалдуу түрдө түзүлгөн, натыйжасы жок уюм болуп калбасын деп чыркырап жатабыз. Коом менен бийликтин айкындуулугуна барышыбыз керек. Эгер биз азыр жакшы иш жасап жатсак да бийлик жабык боло берсе, эл ишенбей, маселени күч менен, таш менен, тосмодон ашып чечебиз деген каалоо пайда боло берет.

Мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган Байкоочу кеңештер экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен 2010-жылдын ноябрь айынан тарта түзүлө баштаган. Бул кеңештер мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү, каражаттардын туура сарпталып жатышына коомдук көзөмөлдү орнотуу максатында бардык министрликтерде түзүлгөн. Мындай Байкоочу кеңештер, көзөмөлдөөчү органдар башка өнүккөн өлкөлөрдө да бар.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG