Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Өткөн жыйырма эки жылда “Кумтөр” долбоору боюнча канадалык тарап менен кыргыз өкмөтү алымча-кошумчасы менен он макулдашууга кол койгон.

Эң алгачкы генералдык макулдашуудан тартып, 2003-2009-жылдардагы келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кандай кемчиликтер кеткен? Кумтөр кандайча “Центерранын” карамагына өтүп, андагы Кыргызстандын үлүшүнүн азайышы эмнеден улам болгон? Чыгашаны көбөйтүү менен “Центерра” дивиденд жана салык төлөөнү кандайча ишке ашырган? “Центерра Голд” менен биргелешкен ишкана түзүүгө барган он биринчи макулдашуунун өзгөчөлүгү эмнеде?

Бирштейндин “карааны”

Деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктиктеги Кумтөр алтын кенин советтик геологдор алгач 1978-жылы чалгындаган. 1989-жылы СССРдин Геология министрлиги Кумтөрдө 700 тоннадан ашуун алтын запасы бар экенин жарыялаган.

1991-жылы түбү литвалык Канаданын жараны Борис Бирштейн
президент Акаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Анын “Сиабеко” деген фирмасы аркылуу Кумтөрдү иштетүүгө канадалык “Камеко” сунушталган.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

Канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү өкмөт башчысы, маркум Насирдин Исанов жүргүзгөн. Бирок 1991-жылы 29-ноябрда Жалал-Абадга болгон иш-сапар учурунда Исанов менен Бирштейн отурган автоунаа кырсыкка учурап, өкмөт башчысы табышмактуу жагдайда каза тапкан. Бирштейн менен айдоочу жеңил жараат менен аман калышкан. Андан соң өкмөт башчысы болгон Турсунбек Чыңгышев 1992-жылы 3-декабрда Торонтодо “Камеко” менен генералдык макулдашууга кол койгон. Бирок ал макулдашууга парламент каршы чыккан. Анын арты менен өкмөт кетип, кийин легендарлуу парламент таратылган. Кийинки өкмөт 1993-жылы 10-майда жана айрым өзгөртүүлөр менен 1994-жылы 3-майда Кумтөр боюнча концессиялык келишимди бекиткен.

Кумтөрдү иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Темир Сариев 1993-94-жылкы келишимдердин кемчиликтерин мындайча тизмектеген болчу:

1994-жылкы келишимди бузбай туруп, иш алып барганда 2003-жылдан тарта, тапкан пайданын 67 пайызы Кыргызстанга түшмөк. Бул бери эле дегенде 2-3 миллиард доллардан ашуун каражат. Мына ошол келишим бузулгандан улам, ошол каражаттан кур калдык.
- Биринчиден, “Камеко” башында Кумтөрдү иштетүү үчүн 30 миллион долларды Кыргызстанга карыз катары берип туруп, анан өзү 15 миллион кошкон. Анан жыйынтыгында чоң өлчөмдө насыя алуу үчүн Кумтөрдүн алтынын күрөөгө коюп, ири өлчөмдө насыя алган. Ал убакта 4-5 компания Кумтөрдү иштетүү боюнча өздөрүнүн эң мыкты сунушун берген. Бирок тендер өтпөгөндүктөн алар сынакка катыша алган эмес. Анан үлүштүн үчтөн экиси бизде туруп, башкарууга болгону бизден бир гана адам киргизип калганбыз. Анан ал макулдашууда менеджмент жалпы чыгашадан беш пайыз алып турат деген шарт кирип калган. Ошондуктан алар чыгымдарын көбөйтүп, ошонун эсебинен олчойгон гонорарларды алып турушкан. Мына ушундай одоно кемчиликтер кеткен.

Насыяны Кыргызстан өзү алалбайт беле?

Андан ары кенди иштетүүчү «Кумтор Оперейтинг Компани» түзүлүп, 1994-жылы кенди иштетүүнүн техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анын негизинде алтын өндүрүү фабрикасын куруу үчүн чет элдик банктан 452 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алынган. Кыргызстандын 1 тонна 600 килограмм алтыны насыя алуу үчүн күрөөгө коюлат деген шылтоо менен сыртка чыгарылып, кийин ал ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Легендарлуу парламент бул “алтын чырына” президент Акаевди айыптаган менен анын аягына чыга алган эмес.

Алтын чайкаган фабрика 1997-жылы Кумтөрдөн алгачкы алтынды өндүрө баштаган. Бул учурда Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшү же башкача айтканда 67% Кыргызстанга, 33% пайызы же үчтөн бири канадалык “Камекого” караган. Кыргызстан тарабынан компаниянын уюштуруучусу болгон “Кыргыз алтын” ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Дастан Сарыгулов өзүнө коюлган дооматты четке кагуу менен, 1994-жылдагы келишим менен кеткенде Кыргызстан көп пайда көрмөк деген ойдо:

- Жердин астындагы алтынды бир дагы банк күрөөгө албайт. Насыянын бардыгын “Камеко” өзүнүн менчик объектилерин коюп туруп алган. Ал учурда Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги банктарга күрөөгө коё тургандай актив жок болчу. Анан тендер өткөн жок, ошол үчүн чоң кемчилик кеткен деген да туура эмес. “Камеко” мойнуна алган көрсөткүчтөрдү өз убагынан мурда аткарган. Маселени башка жагынан караш керек. Эгерде мына ошол 1994-жылкы келишимди бузбай туруп, иш алып барганда 2003-жылдан тарта, тапкан пайданын 67 пайызы Кыргызстанга түшмөк. Бул бери эле дегенде 2-3 миллиард доллардан ашуун каражат. Мына ошол келишим бузулгандан улам, ошол каражаттан кур калдык.

Чайкалган алтын "чайпалган" саясат

Чындыгында эле Кыргызстан “Кумтөрдөгү” башкарууну жоготкон учур 2003-жылга туура келет. Анткени 2003-жылы өкмөт башчысы Николай Танаев менен “Камекодогу” директорлор кеңешинин мүчөсү, президенттин уулу Айдар Акаев “Кумтөр” келишимин кайрадан карап чыгууга макулдук беришкен. Анын негизинде “Кумтөр” алтын кен долбоору “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33 пайызга түшкөн. Ошол кездеги парламент башында буга каршы болгонуна карабастан кийин ал макулдашуу басым аркылуу бекитилген. Оппозиция буга Акаевди күнөөлөп, анын үй-бүлөлүк башкаруусунун таасиринен улам, Кумтөр кени канадалык тараптын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялап чыккан.

Ошол кездеги Кыргызстандын президенти Аскар Акаев муну четке кагып, канадалык тарап “Центерраны” уюштурууда күрдөөлүү активдерин кошконун айткан жайы бар:

- “Центерра” түзүлгөндө “Камеко” компаниясы Кумтөрдөгү гана үлүшү менен эмес, Монголиядагы, АКШдагы алтын кендериндеги үлүшү менен кирген. Бул алардын өтө чоң активи менен кирди дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан алардын “Центеррадагы” үлүшү көбүрөөк болот да. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын үлүшү так жана калыс аныкталган.

Ошол эле кезде дүйнө жүзүндө 2003-жылга чейин алтындын бир унцийинин баасы 280 долларга чейин түшүп кеткен. 2003-жылы “Центерранын” акциялары биринчи жолу биржага чыгарылган. Кыргыз өкмөтү “Кумтөр” долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн жыйынтыгы менен колунда калган 33 пайыз үлүшүнүн 17 пайыз акциясын да сатып жиберген. Анын баасы ошол кезде 86 миллион АКШ долларына бааланган. Анын натыйжасында, Кыргызстандын “Центеррада” 15 пайыз үлүшү калган. Бирок алтындын дүйнөлүк баасы кескин түрдө өсүп, 2003-жылдын аягында анын бир унцийи 320 доллар болсо, 2004-жылдан тарта 450 долларга чыккан. Өлкөдөгү экономисттер мындай шартта экономикалык конъюнктураны эске албай туруп, акцияларды шашылыш сатыштын кереги бар беле деген маселени кабыргасынан коюшкан.
“Центерранын” бирден-бир активи бул – Кумтөр. Анткени Ренди 15 миллион долларга сатып жиберген. Гацууртту иштеткен жок. Бороодогу 56 тонна алтын эбак эле түгөнгөн. Анан биздин Кумтөрдүн алтын запасын 101 тонна деп көрсөтүп туруп, “Центеррага” киргизип коюшкан.

Мурдагы президент Аскар Акаев муну акциялар социалдык тармакты өнүктүрүү үчүн сатылган деп негиздеп келет:

- Туура. Ошол кезде алтындын баасы дагы төмөн болчу. Анан биз биринчи жолу мына ошол алтындын пайдасын көрүп, сатылган акциянын эсебинен социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын кор уюштурганбыз. Ага чейин алтындын баасы арзан болгондуктан аны казып алууга кеткен чыгымдарынан арткан эмес.

Айлакердикке айланган активдер

“Кумтөр” алтын кен долбоорунун жаңы шарттарын кароо боюнча териштирүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз делегациясы “Центерранын” Монголиядагы Бороо, Гацуурт жана АКШдагы Рен, Невада алтын кендеринин абалы менен таанышып кайткан. Анда аталган алтын кендери мурда иштетилген же рентабелдүүлүгү төмөн болуп чыккан. Бирок ошого карабастан 2003-жылы Николай Танаев жетектеген өкмөт Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшүн “Центеррадагы” үчтөн бир үлүшкө айырбаштоо чечимин кабыл алган.

“Кумтөр” алтын кен долбоорун иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев “Центерранын” башка активдери боюнча мурдагы президент Акаевдин айткандарын иликтөө корутундусунда мындайча жокко чыгарган:

- Бардык келишимдерди салыштырып келсек, эң эле зыяндуусу мына ошол 2003-жылкы келишим болгон экен деп таптык. Анткени алтын кен долбоорун кайра түзүмдөштүрүүдө “Центерра” жанагы айтылган кендерди актив катары койгон. Бирок бүгүнкү күндө “Центерранын” бирден-бир активи бул – Кумтөр. Анткени Ренди 15 миллион долларга сатып жиберген. Гацууртту иштеткен жок. Бороодогу 56 тонна алтын эбак эле түгөнгөн. Анан биздин Кумтөрдүн алтын запасын 101 тонна деп көрсөтүп туруп, “Центеррага” киргизип коюшкан. Анан 2003-жылы Кумтөр толук көлөмдө салык төлөй баштамак. 2007-жылы Кумтөрдү башкаруу толугу менен Кыргызстанга өтмөк. Келишимди кайра кароонун арты менен мунун бардыгы болбой калган.

2005-жылы Кумтөрдүн маселеси кайрадан көтөрүлүп, аны Кыргызстандын кызыкчылыгына карата чечүү маселеси турган. Бирок ич ара саясий оюндардын күчөшү 2007-жылы Кумтөр”боюнча макулдашуунун жаңы шарттарын кайрадан кароону үзгүлтүккө учураткан. Ошол кезде өкмөт башчылыкка келген азыркы президент Алмазбек Атамбаев “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүн 30 пайызга чейин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок парламенттик шайлоо башталып кетип, келишим бекибей калган.

Кубулган жүздөр “куруткан” жагдай

2009-жылы “Кумтөр” макулдашуусу кайра каралып, Чудиновдун өкмөтү үлүштү 33 пайызга көтөргөн. Анда 2017-жылга чейин кен казууну үзгүлтүккө учуратпоо шарты киргизилген. Бирок “Центерра” бул үчүн Кумтөрдөгү Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун 2 миң гектар жер аянтындагы кенди казып алуу укугун алганы кийин билинип калган. Бул боюнча өкмөттүн токтому 2012-жылы жокко чыгарылган.

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев 2009-жылкы макулдашуу болбогондо мурдагы келишимдин шарты боюнча сүйлөшүү болмок деген ойдо:

- Негизи мына ошол 2003-жылкы макулдашууда 101 тонна эсептелип, анан келечегинде 80 деп, жалпысынан 180 тонна эле киргизилген. Мына ошол өндүрүм бүткөн соң гана жаңы алтын запастарын ачууда үлүштү бөлүштүрүү боюнча сүйлөшкөндө натыйжалуу болмок. Бирок мына ошол 2009-жылкы макулдашууда кайра ага кошумча 200 тонна алтын казып алууга уруксат берилип жатпайбы. Түшүнбөстүк мына ошол жерден чыгып жатат.

Парламент “Центерра” эсеби боюнча он биринчи макулдашуунун шарттары боюнча меморандумду көпчүлүк добуш менен жактырды. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин “Центерра” менен Кыргызстандын ортосунда теңшериктик негизде “Кумтөр” биргелешкен ишканасы түзүлмөй болду. Буга чейин депутаттардын көпчүлүгү "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшү 67 пайызга чыкпаса, аны улутташтыруу керек деп өкмөткө тапшырма берип келген. Бирок бул талап кийин жумшарып, меморандумдун шарттары боюнча 2026-жылга карата Кыргызстан калган он жети пайыз акцияны сатып алууга мүмкүнчүлүк алаары көрсөтүлдү. 1997- жылдан бери “Центерра” Кумтөрдөн 270 тонна алтын өндүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG