Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:12

Кыргызстандын аба майдандарынын 51 пайыз үлүшүн Орусияга сатуу эгемендикти жоготууга алып баруучу өтө чоң жаңылыштык болуп калышы ыктымал.

Буга кооптонуусун билдирген коомчулук өкүлдөрү аны экономикалык жактан да, саясий жактан да улуттук кызыкчылыкка каршы келе турган кадам катары айыптап чыгышты. Буга чейин аталган аба майдандарын жаңылап, өнүктүрүү максатында аларды орусиялык “Роснефть” компаниясына сатуу боюнча меморандумга кол коюлган болчу.

Алгачкы кадам ташталды

“Манас” ачык акционердик коомунун көзөмөлдүк пакетин сатуу маселеси 13-февралда эки тараптын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында каралган. Бул боюнча орусиялык “Роснефть” компаниясы менен тиешелүү меморандумга кол коюлганы жакында белгилүү болду. Бул ачык акционердик коомго эл аралык макамы бар “Манас” жана “Ош” аба майдандары карайт. Андан башка ага жергиликтүү беш аба майданы кирет. “Роснефтиге” таандык “Новапорт” ишканасы “Манас” акционердик коомунун элүү бир пайызын сатып алууга ниеттенүүдө. Орусиялык тарап “Манас” эл аралык аба майданын өнүктүрүүгө 350 миллион доллар инвестиция салууга убада берген.

“Манас” эл аралык аба майданы” ачык акционердик коомунун вице-президенти Абдималик Бусурманкулов бул боюнча мына буларга токтолду:

- “Роснефть” компаниясы дүйнөдөгү ири компаниялардын бири. Анын инвестициялык мүмкүнчүлүгү чоң. Анан учурда авиакеросинди биз сырттан кымбат баада ташып, пайдаланып жатканда “Роснефтинин” биздин жарандык авиация тармагына кириши бизге чоң мүмкүнчүлүк берет. Анткени анын авиакомпанияларды арзан авиакеросин менен камсыздоо мүмкүндүгү бар. Мындай шартта эл аралык жана ички авиа-каттамдарга билеттин баасы арзандайт.

Аба майдандары - эгемендиктин “энчиси”

Бир катар коомчулук өкүлдөрү стратегиялык маанидеги аба майдандарын чет өлкөлүк компаниянын колуна берүү улуттук кызыкчылыкка каршы келерин айтып чыгышты. Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев өкмөттүн бул демилгесин саясий жактан алганда кечирилгис кемчилик катары айыптады:

- Өлкөнүн эгемендигин камсыздоочу шарттардын бири стратегиялык маанидеги объекттердин мамлекеттин өзүнүн колунда болушунда. Ошондуктан мына ушундай өлкөнүн тагдырын чечер менчикти чет өлкөнүн колуна берүүнүн себебин түшүнбөй турам. Анткени бул биздин келечекке түздөн-түз таасир эте турган жагдай болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай демилгеден этият болуш керек.

Ошол эле кезде өлкөнүн аба дарбазаларын чет өлкөлүк компанияга сатуунун экономикалык негиздемеси да түшүнүксүз экени белгиленди. Анткени айрым экономисттер кирешелүү тармактардын бирине айланган “Манас” эл аралык аэропортунун көзөмөлдүк пакетин инвестициялык салымга айырбаштоодон пайда жок дешет. Учурда аталган акционердик коомдун 87 пайыз үлүшү мамлекеттин колунда. “Өкмөт эл аралык маанидеги аба майдандарын насыялардын эсебинен жаңыласа болмок” дешет алар.

Жаш ишкерлер бирлигинин төрагасы Руслан Акматбек бул демилгени кирешелүү тармакты тарттырып жибергенге барабар кадам катары баалады:

- “Манас” эл аралык аэропорту” акционердик коомунун жылдык кирешеси 1 миллиард 800 миллион сомго чейин жетти. Эгерде “Кыргыз газдай” бир аз ыңгайсыз абалда турса да, сатсак мейли эле. 2013-жылга карата эле аба майдандарына конуучу учактардын жана жүргүнчүлөрдүн саны 40 пайызга өскөн экен. Учурда Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандарынын көбү биздин аба майдандар аркылуу учуп калышты. Анан мына ошондой кирешелүү тармакты сатуунун кереги бар беле?

2014-жылдын аягына чейин “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору чыгарылат. Ал кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшчү каражаттан сырткары жылына 60 миллион доллар ижара акысын төлөп турган.

Кенемтени толуктоого кеңири тандоо болдубу?

Бул чыгымдын ордун толуктоо үчүн өкмөт өткөн жылы “Манас” аба майданында эл аралык жүк ташуучу хаб ачуу демилгесин көтөргөн. Буга байланыштуу эл аралык маанидеги жети ири компаниядан кызматташуу сунушу түшкөнү айтылган болчу.

Мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев көзөмөл пакетин эч кандай тендери жок эле бир компанияга берүү демилгесин мындайча сынга алды:

- Республиканын бюджети ижара акысынан түшчү 60 миллион доллар каражатты жана салык жыйымдары сыяктуу чоң акчаны жоготуп жаткан учурда анын ордун толуктоо үчүн өкмөт мына ошол аба майданынан акча түшүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңири изилдеш керек болчу. Ошон үчүн 5-6 ири компания катышкан сынактын негизинде эң ыңгайлуу шарттарды сунуштаган бирөөсүн ачык-айкын тандап алып, анан анын инвестициясын пайдалануу керек эле. Анан эми андайы жок эле бир эле компанияга көзөмөлдүк пакетти берүү демилгеси туура болбойт. Муну сөзсүз парламент карап, өзүнүн баасын бериши керек.

Ошол эле кезде “Роснефт” компаниясы Кыргызстандын эл аралык жана ички авиакаттамдарын өнүктүрүү боюнча милдеттенме алууга убада берген.
Меморандумда “Манас” эл аралык аба майданы” ачык акционердик коомуна караштуу аба майдандардын инфраструктурасын өнүктүрүү жагы каралган. Мындан сырткары жаңыдан түзүлө турган авиакомпанияга онго чукул учак алып келип, аларды жаңы каттамдарга коюу жагы көрсөтүлгөн.

Өкмөттүн бул демилгесин колдогон экономисттердин бири Мейманбек Абдылдаев азыркы шартта орусиялык тараптын сунушун кабыл алуудан башка чара жок дейт:

- Эми сырттан инвестиция келсе, Орусиядан гана келет. Батыштан келбейт. Анткени саясий из бар жерге батыш инвесторлору жакындабайт. Ошондуктан бул демилге туура эле болду. Бул Бажы биримдигине кирүү чечиминин үзүрү. Анан эми бул маселе Орусиянын геосаясий кызыкчылыгындагы маселе болгондуктан аны кадимки инвестиция катары эле карап, андан чочулабаш керек.

Кыргызстандын өкмөтү менен орусиялык “Роснефт” компаниясынын ортосундагы меморандум атайын макулдашуу катары кайрадан иштелип чыкмакчы. Анда кызматташуунун шарттары майда-баратына чейин тактала турганы белгилүү болду. Андан соң аталган макулдашуу парламенттин кароосуна жөнөтүлөт. Жогорку Кеңеш бул демилгени бекитсе, макулдашуу 2015-жылдан тарта күчүнө кирмекчи. Бирок буга чейин стратегиялык объекттерди сатпоо боюнча мыйзам кабыл алынып, ал тизмеге аба майдандары да киргизилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG