Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Тарыхта Үркүн деген ат менен белгилүү 1916-жылдагы окуя ар тараптуу изилденип, жыйынтыктуу баа берилиши кажет. Бул маселе Үркүндүн жүз жылдыгын белгилөөнү уюштуруу боюнча “Улут ордо” коомдук демилге тобунун жыйынында талкууланды.

Жыйында жүз жылдыкты белгилөө боюнча парламенттин токтомун аткарууда өкмөт кылчактап жатканы сынга алынды. Өкмөт аппараты бул боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү жагы чечилип жатканын белгиледи. “Улут ордо” кыймылы 1916-жылдагы окуянын жүз жылдыгын белгилөө боюнча бир катар эскерүү иш-чараларын уюштуруу демилгеcин көтөрүүдө.

Тарых таразалай алабы?

2016-жылы кыргыздардын Орус падышалыгына каршы көтөрүлүшүнө жүз жыл толот. Жыйырманчы кылымдын башында кыргыз эли баштан кечирген бул кайгылуу окуяга мамлекеттик деңгээлде баа берилбей келе жатканы коомчулук өкүлдөрүн түйшөлтүүдө. Арадан бир кылымдай убакыт өтүп, өлкө эгемендик алгандан кийин деле ага мамлекеттик деңгээлде баа берүүгө саясий жетекчилик даабай келген. “Улут ордо” кыймылынын лидерлеринин бири Рустам Маманов буга Кремлдин көзүн караган саясат себеп болуп жатканына токтолду:

- Башында СССРдин, анан эми азыркы Орусиянын көзүн карап жүрүп, 1916-жылдагы бул окуяга бүгүнкү күнгө чейин саясий баа бериле элек. Негизи бул Үркүн 20-кылымдагы кыргыз элинин улуттук трагедиясы болгон да. Мына азыркы кезде ошол окуядан 200 миңден ашуун кыргыз кырылганы боюнча жаңы маалыматтар чыгып жатат. Эгерде Үркүн болбогондо биздин улуттун тарыхый тагдыры балким башкача болот эле. Бул окуя биздин улуттук демографияга чоң сокку урган. Эгерде ошончо адам орус аскерлеринин колунан кырылбаганда биздин элдин калкынын саны азыркыдан көп болмок. Улуттук экономикабыз да бир топ күчтүү болмок.

1916-жылдагы бул окуя тарыхчылар тарабынан ар кайсыл учурда ар түрдүүчө мүнөздөлүп келген. Совет доорунда бул окуя - кыргыздардын падышалык эзүүгө каршы таптык-улуттук боштондук кыймылы катары сүрөттөлгөн. Анткени мындай тарыхый көз карашка социалисттик интернационал идеологиясы негиз болгон. Соңку тарыхый изилдөөлөрдө бул окуя Орус падышачылыгынын жергиликтүү элге карата колонизатордук саясаты катары сыпатталып жүрөт. Үркүндү изилдөөчүлөрдүн бири Памирбек Казыбаев жергиликтүүлөрдү аскерге тартуу жана андан баш тарткан элге жазалоо отряддарын жөнөтүү тарыхый адилетсиздик болгон деп эсептейт:

- Архивдик документтердин бардыгы ошол кездеги падышалык бийликтин кызыкчылыгына жараша жазылган. Анын көпчүлүгүндө жергиликтүү элди күнөөлөшкөн. Албетте башы-көзү жок болуп турган элде да күнөө бар. Бирок актыларды карасак, алгач Чүйдүн Ак-Суусунда башталган окуяда жергиликтүүлөр чөптү өрттөп жиберишкен экен. Адам өлүмү болгон эмес. Бирок жазалоочу отряд ага жооп кылып миңдеген адамдарды кыргынга учуратканы туурабы. Керек болсо 1916-жылдын аягында Орто Азияга келген Орус Думасынын депутаты Керенский деле ашкере жазалоо болгонун айтып чыккан. Анткени Падышалык Орусия кыргыздарды өзүнүн курамына алган учурдагы “тилге,динге кысым болбойт, жергиликтүү элден аскер алынбайт” деген макулдашууну бузган.

Жарым чындык - жалтак саясат

Ошол эле кезде Үркүн маселесин мамлекеттик деңгээлде көтөрүү учурдагы кыргыз-орус мамилесине доо кетирет деп чочулагандар да жок эмес. Салттуу илимдердин изилдөөчүсү Чынар Сейдакматова 16-жылкы тарыхый чындыкты калыбына келтирүү үчүн аны ашкере саясатташтыруунун кереги жок деген пикирде:

- Окуяны калыс изилдеп чыгыш керек. Ага орус тарыхчыларын дагы тартуу керек. Анан биз азыркы Орусияга басым көрсөтүп, доомат койбостон, дипломатиялык негизде келишип, кечиримдүү болушубуз абзел. Мына ошол окуяда кыргын болгону чын. Аны орус тарап да кыргын болгонун таанышы кажет. Бирок мындан саясат жасап, аны улам күчөтүп отуруп, эки мамлекеттин ортосундагы ажырымга алып бара турган жолду тандоонун эч кимге кереги жок.

Үркүн курмандыктарынын сөөгүн жашыруу демилгеси

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Үркүнгө саясий баа берүүдөн мурун ашууларда көмүлбөй калган сөөктөрдү жерге жашыруу демилгесинин жактоочусу. Ошол эле кезде Каныбек Иманалиев окуянын чыгыш себебин тактап, тизмектөө керектигин айтты:

- Мына ошол окуянын кесепетинен улам ашууларда калып кеткен кандаштарыбыздын сөөгүн чогултуп келип, мусулманчылык эрежелер менен жерге жашыруу биздин улуттук парз болуш керек. Мына ошондон кийин гана сүйлөсөк болот. Андан соң мына ошол көтөрүлүш эмнеден чыкканын, ага кандай чыныгы себептер болгонун, кандай окуялар кайсыл жерлерде от алганын буга чейинки иликтөөлөрдүн негизинде жыйынтыктап туруп, толук жана так изилдеп чыгуу зарыл. Бул боюнча атайын тарыхый экспедиция уюштурууну көздөп жатабыз. Мына ошол иш-чаралардын бардыгы алдыдагы эки жыл аралыгында аткарылыш керек.

Каныбек Иманалиев

Каныбек Иманалиев

Жыйында өкмөт Үркүндүн жүз жылдыгын белгилөө боюнча парламенттин токтомун аткарууну кечеңдетип жатканы сынга алынды.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов уюштуруу иштери жүрүп жатканын айтты:

- Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 24-октябрындагы Үркүндүн жүз жылдыгын белгилөө боюнча токтому аткарыла баштады. Бул боюнча тиешелүү документтин долбоору иштелип чыгып, ал азыр экспертизадан өтүүдө. Анын негизинде өкмөт башчысынын буйругу күчүнө кирсе, атайын уюштуруу комиссиясы түзүлөт. Анан ал иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, бекитилмекчи.

1916-жылдагы кандуу окуя Орус Империясынын жергиликтүү элди согуштагы оорук жумуштарга тартуу буйругунан улам чыккан. Көтөрүлүштүн кесепетинен миңдеген адам окко учуп, жазалоо отряддарынын жаалынан корккон он миңдеген эл Кытайга качууга аргасыз болгон. Үркүндөн жабыр тарткандардын так саны боюнча маалымат изилденип бүтө элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG