Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Бул аптада өкмөттүн курамы бекитилип, анда мурдагы министрлердин көбүнүн кайра кызматка келиши коомчулуктун нааразылыгын жаратты.

Алардын арасынан биринчи вице-премьерликке отурган Тайырбек Сарпашев, маданият министрлигине келген Камила Талиева жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин дарегине өзгөчө сын-пикирлер айтылды. Андан ары Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкекте бийликке каршы чоң митинг өтөөрүн жарыялап чыкты. Ага удаалаш эле Таластагы Шыралжын кенинде чатак чыгышы жаңы ишке киришкен өкмөт үчүн чоң сыноо болду. Жергиликтүү тургундар менен милиция кагылышып, жол тосулган соң өкмөт кырдаалды курчутпоо үчүн жергиликтүү тургундардын талабына көндү.

Жаңы айлампадагы эски “карталар”

Башкаруучу коалиция тандап, Жоомарт Оторбаев жетектей турган өкмөттүн жаңы курамын Жогорку Кеңеш бекитти. Жаңы деген менен мурдагы министрлер кабинетинин токсон пайызы кайра кызматка келди. Буга чейин ишмердиги коомчулукта сынга алынып жүргөн вице-премьер-министр Сарпашев эми биринчи орун басарлыкка көтөрүлсө, билим берүү министри Садыков, саламаттыкты сактоо министри Сагымбаева, ички иштер министри Суранчиев, жаштар жана эмгек министри Алиясбек Алымкулов кызмат орундарын сактап калышты. Парламент негедир алардын буга чейинки ишинин жыйынтыгы боюнча маселе көтөргөн жок. Коопсуздук боюнча вице-премьерлик “Ар-намыстан” депутат Абдрахман Маматалиевге жүктөлдү. Жаңылардан өкмөткө социалдык тармакты көзөмөлдөөгө Элвира Сариева, инвестиция жүгүн аркалоого Валерий Диль келди. Коргоо министрлигине бул кызматта иштеп кеткен Абибилла Кудайбердиев кайра отурду. Ошондуктан саясат талдоочу Артур Медетбеков бул өкмөт курамын парламенттеги партиялардын кызыкчылыгына карата түзүлдү деп сынга алды:

Жаңы коалиция башчылары келишимге кол коюуда.

Жаңы коалиция башчылары келишимге кол коюуда.

- Эгерде мына ошол өкмөт курамынын жарымынан көбү кыйын болсо, өздөрүнүн башкаруу жөндөмүн мурдагы өкмөт башчысы Сатыбалдиевдин убагында эле көрсөтүшпөйт беле. Мына ошол жетекчиликке коюлган адам өзүнүн ишин билеби, билбейби, адиспи же адис эмеспи ал жагы кызыктырган жок. Мында эптеп эле квотанын негизинде бөлүнгөн кызматтарды өздөрүнүн партиялаштарынын бири алып калса экен деген кызыкчылык болуп калды. Анткени алдыда шайлоо келе жатат. Мына ошол коюлган адамдар өздөрүнүн партиясына добуш алып келүү үчүн гана иштей турганы дайын болуп калды. Ошон үчүн таасирдүү тармактарды торт кескендей бөлүшүп жатышат. Бул өкмөт курамы чоң мамлекеттик маселелер турсун, элдин күнүмдүк көйгөйүн чече албайт.

Коопсуздук тармагы кимдин колуна тийди?

Жогорку мамлекеттик кызмат орундарына дайындалгандардын ичинен “Ар-намыс” фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Абдрахман Маматалиевдин коопсуздук тармагын жетектөөгө кандайча барып калганы көпчүлүктү кызыктырды. Анткени Маматалиев Баткендин акими болуп турган кезде 1999-жылы чек арадан кирип келген жоочулардын колуна барымтага түшкөн факты калкып чыкты. Бирок Маматалиевдин коопсуздук тармагын түшүнгөн аскер адамы эместиги жана жоочулардын колунда барымтада болгону анын талапкердигин көрсөтүүгө жолтоо болгон жок. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев анын кесиптешинин талапкерлиги кандай шартта каралганын мындайча айтып берди:

Абдрахман Маматалиев.

Абдрахман Маматалиев.

- Биринчиден, ал киши мына ошол коопсуздук боюнча өкмөт башчысынын орун басарлыгына талапкерлигин өзү көрсөттү. “Мен бул тармакты билем, өкмөттө бөлүм башчынын орун басары болгом” деди. Анын анын барымтага түшкөнү боюнча суроо берсек, “кезинде генерал Шамкеев деле барымтага түшкөн, ал деле иштеп жүрбөдүбү” деген оюн айтты. Анан биз карап көрүп, талапкерлигин колдодук. Эми ал бул кызматта иштеп келе алабы же жокпу мезгил көрсөтөт. Иштей албаса өкмөт башчысы аны бизге кайра артка чакыртып алуу сунушун киргизүүгө укугу бар.

Маданият тармагына маданияттуу адам келдиби?

Ошол эле кезде буга чейин өкмөттүн социалдык тармагын көзөмөлдөп келген Камила Талиеванын Маданият министрлигин жетектөөгө келиши айрым маданият ишмерлерин нааразы кылды. Анткени бул айым жетекчи кызматта туруп, мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпаган аракеттери менен коомчулукка белгилүү болгон деп сынга кабылды. Бир катар маданият тармагынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Талиеванын министр болушуна каршы чыгышты. Акын Зайырбек Ажыматов жаңы министр тармакты жөндөп кетерине ишенбейт:

- Маданият тармагындагы жаштар биздин тармакка мынча акча бер деп суранган жок. Ал 3-4-маанидеги маселе болуп калды. Ага ишенимибиз деле жок калган. Биринчи маселе - маданиятка олуттуу мамиле кылуу керек болуп жатат. Олуттуу мамиле кылынбай жатканын кечээ коалициялык өкмөттү түзүүдө көрдүк. Аны ары-жак бери жакка тепкилеп, кандай адамды алып келишти. Буга чейин Маданият министрлигин кимдер гана жетектеген жок. Бирок бул тармакты билген, руханий лидер болчу адамдардын жетектешине шарт түзбөй жатышат.

Анткен менен Камила Талиева өкмөттүн социалдык тармагын жетектеп турган кездеги анын дарегине айтылган сындарды четке какты. Бирок бул тармакты жетектеп турган учурда кандай жаңычыл өзгөрүүлөрдү жасаганын айта алган жок. Ошол эле кезде жаңы маданият министри Камила Талиева маалымат жыйынында айтылган сын-пикирлерди кимдир бирөөнүн ага каршы уюштурган шыкагы катары кабыл алды:

Камила Талиева Маданият министрлигине келгенге чейин вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Камила Талиева Маданият министрлигине келгенге чейин вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

- Маданият ишмерлери бул тармакка көңүл бурулбай калганын эмне үчүн ушул кезге чейин айтпайт? Эмне үчүн мурунку жетекчилердин учурунда көтөрүшкөн эмес? Бул мага каршы атайлап уюштурулуп жатат. Аны ким уюштуруп жатканын да билем. Экинчиден, мен маданияттан алыс адам эмесмин. Буга чейин райондук, облустук деңгээлде бул тармакка жакындан аралышып, театрга барып, ар кыл мааракелердин сценарийин түзүп жүргөм. Ошондуктан, бул тармакта ишимдин жыйынтыгын көрөсүңөр.

Жогорку Кеңеш өкмөт мүчөлүгүнө көрсөтүлгөндөр кандай талаптардын негизинде жетекчилик кызматтарга коюлганы боюнча расмий маалымат берген жок. Бирок коалицияга кирген фракциялар өкмөттү түзүүдө жогорку кызмат орундарын квоталардын негизинде бөлүштүргөн буга чейинки ыкмалар колдонулганы белгилүү болуп калды. Бирок ага чейин мамлекет башчысы Атамбаев башкаруучу коалицияны түзүүдө мамлекеттик кызматтарды бөлүштүрүп алууга жол бербей, өкмөткө кесипкөй адистерди тартуу демилгесин көтөргөн болчу. Мурдагы өкмөттө социалдык тармакты караган Камила Талиеванын маданият министрлигине көрсөтүлүшүн өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев өзү да жогору баалаган:

- Камила Талиева бул мамлекет үчүн белгилүү адис, саясатчы жана парламент депутаты катары тажрыйбасы бар. Өкмөттө социалдык блокту жетектеп келген. Ошондуктан ал коюлган милдетти татыктуу алып кете алат деген ишенимдемин. Маданият тармагында реформа жасоого Талиеванын кудурети жетет. Аны кандайча ишке ашыра турганын мезгил көрсөтөт.

Оппозиция күүлөнүүдө

Өкмөт куралып, анын мындан ары кайсы багытта иш алып барары аныктала элек жагдайда Улуттук оппозициялык кыймыл атайын билдирүү менен чыкты. Оппозиция өкүлдөрү Ак үйдүн алдында жана борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган сот чечимин айыпташты. Ошол эле кезде оппозиция бийликке он талап коюп, бул маселелер боюнча 10-апрелде митинг уюштурууга камданды. Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев азыркы куралган өкмөт элдин көйгөйүн чечүүгө жарамсыз деп сындады:

- Бүгүнкү күндө түзүлгөн коалиция элдин маселелерин чече албайт. Азыр түзүлүп жаткан өкмөттүн курамы эле эмес же өкмөт башчысы гана эмес бүгүнкү бийлик түп-тамыры менен бизди канааттандырбайт. Ошондуктан каршылыгызды митинг аркылуу билдирели деп жатабыз.

Оппозициялык күчтөрдүн жыйыны. 2014-жыл.

Оппозициялык күчтөрдүн жыйыны. 2014-жыл.

Улуттук оппозициялык кыймылды жетектеген саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Камчыбек Ташиевди кандай идея бириктиргени түшүнүксүз. Анткени бири парламентаризмди өнүктүрүү жана президенттин бийлик-укугун чектөө демилгеси менен чыгып жүрсө, экинчиси күчтүү президенттик бийликти калыбына келтирүүнүн тарапкери. Ошондуктан коомчулукта аталган оппозиция өкүлдөрүнүн максаты тутумдашкан бир идеянын астына биригүүдөн мурун, эптеп эле бийликти колго алууну көздөйт деген сын-пикирлер үстөмдүк кылат. Саясатчы Камчыбек Ташиев бул суроого мындайча жооп берди:

- Айрымдар Равшан Жээнбеков АКШнын, Ташиев Орусиянын саясатын колдойт экен деп сөз чыгарышты. Анда бул жагы кандай болот деп жатышат да. Урматтуу эл-журт биз эч кандай АКШ менен Орусияны эмес Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойбуз. Анткени биз кыргыз элинин кулундарыбыз. Ошон үчүн кыргыз эли үчүн гана кызмат кылабыз. Сырткы күчтөр биз өткөрө турган митингдерге кирише албайт. Андан кийинки биздин ишмердигибизге дагы алардын эч кандай тиешеси жок.

Шыралжын сыноосу

Оппозиция башын көтөрүп, бийликке каршы митинг уюштурарын айтып бүтө электе Таласта Шыралжын кенин иштетүүгө каршы чатак чыкты. Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында бул кенди иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен милициянын күчтөрү кагышып, эки ортодон жараат алгандар болду. Жергиликтүү тургундар милицияны айылдан сүрүп чыгарып, Талас-Тараз жолун бөгөп алышкан. Жергиликтүү тургундар бир эле Шыралжынды эмес Таластагы бардык кендердин ишин токтотууну талап кылышкан. Мына ошондон улам келип чыккан чатакка байланыштуу нааразылык акциясына чогулгандар
бийликке карата беш талап койду. Бакай-Атанын тургуну Имамбек Байсеитов жергиликтүү элдин талаптарын мындайча жарыялаган болчу:

- Шыралжын алтын кенин иштетүү тезинен токтотулсун, экологиялык зыян төлөнүп берилсин, митингге чыккандар куугунтукталбасын, күч колдонгон милиция кызматкерлери жоопко тартылсын жана Талас өрөөнүндө эч кандай кен ачылбай, экологиялык таза аймак болуп сакталсын. Бул жалпы элдик талаптар аткарылбаса, нааразычылык токтолбойт.


Бул кенди азыркы учурда “Алтын-Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындап жаткан. Ал буга чейин аны чалгындоо укугуна ээлик кылган кытайлык "Ти жен ху" компаниясы менен соттошуп жүрүп, андан утуп чыккан болчу. Бирок мына ошол эки компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн эки тарап тирешкен жагдай чечилбей кала берген. 4-мартта чогулган элге коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев жана өкмөттүн облустагы өкүлү Койсун Курманалиева барган. Бийлик элдин талаптарын жарым-жартылай аткарууга убада берген. Маселен, Шыралжын кенин иштетүүгө укуктуу «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясы маселе бир жаңсыл болмоюнча ишмердигин токтотуп, андагы техникасын чыгарып кетүүгө макул болгон. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев коюлган талаптарды аткаруу боюнча мына буларга токтолду:

- Митингге чыккандар куугунтукка алынбасын деген боюнча тергөө иши жүрүп жатканда милициянын аракетине да калыс, адилеттүү баа берилсин деп, протоколго кол койдук. Ал эми Талас өрөөнүндөгү кен байлыктарды казуу токтотулсун деген арызыңарды Геология агенттигине бергиле, карап көрүп, жообун берет дедик. Бирок жабылат деп эч ким убада бербейт деп айттык.

Өрт өчүргүчтөй иштеген өкмөт

Таластагы чыккан чатактан улам, өкмөттүн кен казуучу компаниянын ишин токтоттуруп, бул боюнча атайын комиссия түзүү демилгеси кырдаалдан чыгуунун аргасы катары бааланды. Анткени кендерге байланыштуу маселе тереңдеп кете турган болсо анын саясий түс алып кетишинен чочулаган бийлик нааразылыкты жеринде жайгарууну көздөгөн шекилдүү. Анткени жергиликтүү тургундар менен милициянын кагылышуусуна алып келген бул ишти иликтеп, ага катышы барларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу чатакты ырбатып жибериши мүмкүн эле. Ошондуктан борбордук бийлик бул маселени терең иликтеп чыкмайынча кен чалгындоону улантууга уруксат берүүгө батынбады. Коопсуздук маселелери боюнча адис Артур Медетбеков бийлик чатакты болтурбоо үчүн маселени мурдатан тартипке салып, маселенин алдын ала түшүндүргөн эмес деп сындады:

- Өкмөттүн бул чечими анын алсыздыгын көрсөтүп турат. Өкмөт бул маселеде көйгөйдүн себептери менен эмес анын натыйжасы менен алышып калды. Анткени бийлик башында туура эмес ишти баштап алып, анан чатак чыккандан кийин аны басыш үчүн артына кайра кетенчиктеп калат. Мындай өнөкөт буга чейин деле болгон. Бул жолу дагы бийликтин ал чечимине каршы чыккан жергиликтүү элди милиция менен сабатабыз деп алып бара коюшуп, маселе өтө эле терең экенин түшүнгөндөн кийин кайра артка кайтууга аргасыз болушту.

Жаңыдан куралган өкмөт үчүн Таластагы Шыралжын кенин иштетүүгө байланыштуу чатакты чечүү алгачкы сыноо болуп калды. Маселе убактылуу жайгарылгандай болгону менен анын тамыры тереңде дешет талдоочулар. Анткени Бакай-Атадагы бул чатактын өлкөдөгү алтын кендери жайгашкан башка аймактарга жайылып кетүү коркунучу бар дешет алар. Мунун себеби катары кен чыккан аймактардагы окшош көйгөйлөрдү - чечилбеген социалдык маселелер жана андагы ачык-айкындыктын жоктугу мисалга алынып жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG