Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Камбар-Ата - 2: Кумга сиңген миллиондор


Камбар-Ата - 2 ГЭСи, 30-август, 2010
Камбар-Ата - 2 ГЭСи, 30-август, 2010

Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушундагы каржылык көз боёмочулуктар боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөө боюнча Башкы прокуратура тергөө тобун түзүүнү көздөйт.

Буга чейин ГЭСтин курулушуна каралган каражаттын максатсыз чыгымдалышы боюнча беш кылмыш иши козголуп, бирок жогорку даражадагы бир дагы аткаминер жоопко тартылган эмес. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бул боюнча кылмыш иштери ордунан жылбай жатканын сынга алды.

Эсепсиз каражаттын эбин кимдер тапкан?

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушундагы каржылык көз боёмочулуктар боюнча козголгон иштерге төрт жылга аяк басканына карабастан бир дагы жогорку кызмат адамы жоопко тартыла элек. Эсептөө палатасы 2010-жылы текшерип, бир топ одоно каржылык мыйзам бузууларды тапкан. Мисалы плотинадагы жардыруу иштерин жүргүзүүнүн наркы 347 миллион сомго ашыкча бааланган. Мурда алынып келинген металл конструкциялардын жана бетон куймалардын баасы 285 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн. Мындан улам мамлекеттик мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ысыраптоо сыяктуу беш факты боюнча Башкы прокуратура иш козгогон болчу.

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мына ошол иштин бири дагы аягына чыкпаганына токтолду:

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна Орусиядан келген насыянын эсебинен башында акча бөлүнгөн. Анан мамлекеттик казынадан жана “Электр станциялары” ишканасынын өзүнүн каражаты да жумшалган. Ошол каражаттын көп бөлүгүн Бакиевдин тушунда эле тиешелүү жетекчилер өз ара жок кылышкан. Бул боюнча кийин кылмыш иштери козголгону менен, ушул күнгө чейин чекит коюла элек.

Башында Орусиядан алынган насыянын эсебинен 2007-жылдан 2010-жылга чейин 100 миллион АКШ доллары курулушка жумшалган. 2010-жылдан кийин Камбар-Ата - 2 ГЭСине бөлүнүп, бирок жең ичинен жымырылып кеткен каражаттын 44 миллион сомго чукулу аудит учурунда кайра калыбына келтирилген. Өлкөдө бийлик алмашкан учурда каржынын жетишсиздигинен бул ГЭСтеги курулуш токтоп калган.

Министр Осмонбек Артыкбаев 2010-жылы андагы тоннелдерге сууну толтурбаш үчүн бул долбоорго экинчи ирет каражат бөлүнгөнүн мисал келтирди:

- Курулуш иши токтоп турганда суу плотинадагы тоннелдердин ичине толуп калуу коркунучу пайда болгон. Ошондо убактылуу өкмөт 1 миллиард 200 миң сомду кайрадан караштырган. Ошонун эсебинен плотина толук бүтүп, биринчи агрегат мына ошондо гана ишке берилген.


Бүтпөгөн курулуш, бүдөмүк карыздар...

Жогорку Кеңештин мындан мурунку төртүнчү чакырылышында “Ак жол” фракциясынан депутат болгон Нарынбек Молдобаев Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушундагы каржылык мыйзам бузуулар туурасында ошондо эле парламентте маселе көтөрүлгөнүн белгиледи.

Учурда парламенттин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев буларга токтолду:

- Менин эсимде, энергетика тутумунан түшчү 3 миллиард сомду бюджетке киргизбей эле, анын бардыгын ГЭСтин курулушуна жумшайбыз деген чечим болгон. Анан кийин эле өкмөт ал карыз акча топтолбой калды, аны чыгыш кылып коюш керек деген. Анда вице-премьер-министр Акылбек Жапаров болчу. Ал ушундай сунуш менен келгенде мен буга каршы чыгып “кожоюнуңа айтып кой, силер карыздарды чыгыш кылуу менен эле ал 3 миллиард сомду жеп жатасыңар” деген элем. Бул мына ошол Жапаров президент Бакиевге “улуу урматтуу Курманбек Салиевич ГЭСтин плотинасы даяр” деген кезде болгон.

2009-жылы ГЭСтеги жардыруу иштери башталганда вице-премьер-министр Акылбек Жапаров мамлекет башчысына рапорт жасап, ал түз эфирден көрсөтүлүп турган.

Ошол кездеги вице-премъер-министр Акылбек Жапаров анын дарегине айтылган дооматты мындайча четке какты:

- Мен мына ошол Камбар-Ата-2 ГЭСинин плотинасын куруу боюнча жардырууну уюштуруу комиссиясынын гана төрагасы болчумун. Жардыруу ийгиликтүү болгон. Плотина азыр деле турат. Анын биринчи агрегатын ошондо эле ишке берген болчубуз. Кээ бирөөлөр мына ошондой болбогон сөздөрдү кобурай беришет экен. Ал жерде мына ошол курулуштан бирөө акча жесе ал камалыш керек. Буга чейин тергөө органдары бир нече жолу текшерип чыкты. Мыйзам бузуулар болсо таап чыгып, күнөөлүүлөрдү камашсын анда.

Башкы прокуратуранын маалымат борбору Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча мурда башка тергөө органдары козгогон беш кылмыш ишин иликтөө боюнча тергөө тобу түзүлөрүн билдирди. Бирок ошол эле кезде бул иштерде кайсы кызмат адамдары айыпталып жатканы боюнча комментарий берилген жок.
XS
SM
MD
LG