Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Өзбекстандын аймагы менен курчалып калган Кыргызстандын Барак эксклавынын жашоочулары көчүрүлүүдө.

Барак айылынын тургундары Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагынан бөлүнүп берилген жер тилкелерине жайгашууда. Өзбекстан 2010-жылдан бери Барак айылын Кыргызстан менен байланыштырган чек ара өткөрмөсүн жаап салган болчу. Өкмөттүн чек араны тактоо жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Ташкент менен сүйлөшүү татаал болгондуктан Барак айылынын тагдырын чечүү маселеси кечеңдеп жатканын моюнга алды.

Көйгөйдөн качкан эл көчө баштады

Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Өзбекстандын ички аймагындагы кыргыз эксклавы болгон Барак айылынын тургундарын көчүрүүгө көмөктөшүүнү тапшырган. Ага ылайык жакындан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу автоунаа Барактын тургундарынын короо-жайын жана мал-мүлкүн Кыргызстандын аймагына ташый баштады. Кара-Суу менен чектешкен Өзбекстандын чек ара өткөрмөлөрү жабык болгондуктан көчүрүү иштери Кызыл-Кыя аркылуу жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Абдишарип Бекилов учурда көчүрүү иштеринин экинчи этабы жүрүп жатканына токтолду:

- Көчүрүүнүн биринчи этабында сегиз чоң жүк ташуучу автоунаа менен алардын мал-жаны жана үй-мүлкү көчүрүлгөн. Учурда көчүрүүнүн экинчи этабында жарандардын курулушка керектүү материалдары, үй-мүлкү жана мал-жаны чыгарылып жатат.

Өзбекстан 2010-жылы чек араны жапкандан кийин Барактын калкы район борборуна каттай албай калган. Кийин чек ара ачылганы менен өзбек тарап Баракка кирүүчү өткөрмөнү жабык бойдон калтырган. Ошондуктан Барактын калкы Өзбекстандын Анжиян жана Фергана облустарынын аймагын аралап өтүп, Кызыл-Кыядагы чек ара өткөрмөсү аркылуу Кыргызстанга каттоого аргасыз болгон.

Мына ушундай кыйынчылыктан улам барактыктардын көпчүлүгү Кара-Сууга көчө баштаган. Жергиликтүү бийлик аларга Сары-Колот айыл аймагынан үй салууга 18 гектар жер бөлүп берген. Барактын айыл башчысы Бурканбек Ашыров эксклавдын келечек тагдыры арсар бойдон калганын белгиледи:

- Элдин оюна койсо өкмөт бизди көчүрбөй эле өзүбүздүн айылда эле жашаганга шарт түзүп, чек араны ачтырып берсе дейт. Бирок андай болбой жатпайбы. Анан эми бул жакка көчүп чыккан менен мамлекет тарабынан каржылоо болбогон соң көп жарандар үчүн жаңы үй тургузуу оор эле болуп жатат. Көпчүлүгү үй сала албай туугандарынын үйүндө жашап жүрөт. Ошондуктан бизди козгобой эле коридор ачтырып беришсе жакшы болот эле. Же болбосо өзүбүздүн айылга жакын жерден жер тилкесин Өзбекстан менен алмашып маселени чечишсе болот эле.

Өкмөт эли көчүп кеткен аймакты Өзбекстанга алмашпайт

Өзбекстандын курчоосунда калган Барак эксклавын Кыргызстандын негизги аймагынан бир жарым чакырым тилке бөлүп турат. Эксперттер арасында Баракты Өзбекстандын башка бир жер аянты менен алмаштыруу демилгеси көтөрүлүп жүрөт. Бирок өкмөттүн чек ара тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров муну четке кагып, тескерисинче, эксклавды өлкөнүн негизги аймагы менен кошуу үчүн Өзбекстандан коридор суралып жатканын айтты:

- Биз Баракты эч качан Өзбекстандын башка бир жерине айырбаштай албайбыз. Анткени Өзбекстан, тескерисинче, ал тилкеде ага кирип кеткен жер участокторун бизге компенсация кылышы керек. Ошондо бул маселе ушундай чечилсе эксклав биздин негизги аймак менен кошулуп калат. Ага чейин чек ара өткөрмөсүн ачуу талабын коюп жатабыз. Болбосо биз дагы алардын биздеги анклавдарынын жолун бууп коёбуз. Бул маселени биз создуктура бербей чечүүгө милдеттүүбүз.

Өзбекстандын ичинде турган Барактын жалпы аянты 230 миң чарчы метрди түзөт. Башкача айтканда, 230 гектар жер аянты. Мурда Барак айылында 253 кожолук жашаса, анын көпчүлүгү Кыргызстандын негизги аймагына көчүп кетип отуруп учурда 34 түтүн гана калган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG