Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Батукаев, Көлбаев... Кезекте ким?


Камчы Көлбаев, апрель, 2013-жыл.
Камчы Көлбаев, апрель, 2013-жыл.

"Мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин Жогорку Сот чектеген 3 жылдык жаза мөөнөтү аяктап, ал 8-июнь күнү таң эрте эркиндикке чыгарылды.

Бул маалыматты "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты. Ага ылайык, кримтөбөл 8-июнь күнү эртең мененки саат 8де бошотулган.

Камчы Көлбаевге адам уурдоо, уюшма кылмыштуу топ уюштуруу сыяктуу 7 оор берене боюнча айып тагылып келсе, сот бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алуу беренеси боюнча гана айыптуу деп тапкан. Жогорку Сот мындай чечимге жабыркагандардын жана күбөлөрдүн Көлбаевди айыптоодон баш тартуусу себеп болгонун айткан.

Көлбаевге коюлган айыптар

Буга чейин айрым маалыматтарда Көлбаевдин кайрадан камалары айтылып келген. ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Көлбаев каттоого алынып, мындан кийинки иш-аракеттери көзөмөлдө болорун айтып ишендирүүдө:

- Көлбаев эркиндикке чыккандан кийин кайрадан тартип буза турган болсо соттун чечими менен ИИМ аны каттоого алат. Тагыраагы, анын ар бир кадамы, жасаган иши тыкыр көзөмөлдө болот. Бирок Көлбаев сот чектеген жазасын алып бүттү. Ал куугунтукталбайт, анын деле Кыргызстандын атуулу катары эркиндикке чыкканга укугу бар да.

ИИМдин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “Азаттыкка” Көлбаев абактан чыгары менен маектешүүгө чакырылып, кийинки иш-аракеттери сураларын билдирген. Бирок аталган башкармалык анын эркиндикке чыкканын кеч укканы маалым болду.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, азыркы Бишкек шаардык милиция башчысы Мелис Турганбаев буга чейин Көлбаев башында турган кылмыштуу топко каршы иш жүргүзүп келген. Ал Көлбаевге коюлуп келген оор беренелердин сотто далил таппай калышын тергөөнүн начардыгы деп эсептейт. Айтымында, УКМК тергөө иштерин өз деңгээлинде жүргүзгөн эмес:

- Бул ишти алгач ИИМ тергеп баштаган. Андан кийин УКМКга өткөрүштү. Биз тергеп жатканда анын күнөөсүн далилдеген фактылар чыгып эле жаткан. Анан эле коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр ишти УКМКга өткөрүп салды. Алар кантип тергегенин кайдан билмек элек. Менимче суроонун баарын Шамил Атахановго бериш керек. Эмнеге ишти ортодон башкаларга өткөрүп салганын.

Турганбаев Көлбаевдин абактан чыгышы өлкөнүн коопсуздугуна терс таасир этпейт деп эсептейт.

“Кримтөбөл соодалашуунун негизинде бошонду”

Криминалдык дүйнөнүн коен жатагынан бери билген кыргыз тилдүү журналист Семетей Талас уулу “мыйзамдагы ууру” деген макамды алып жүргөн адам абактан жогорку бийликтин кийлигишүүсү менен гана чыгышы мүмкүн деген ойдо. Ал бийлик менен соодалашуу болгонун боолгойт.

- Көлбаев абактан жөн чыккан жок. Бийлик "түз жүрсөң чыгасың" десе керек. Анан ортодо соодалашышты. Бирок мунун чыгышы криминалдык дүйнөдө роль деле ойнобойт. Таасир саясый бийлик алмашканда гана жүрөт. Ага чейин тынч эле болот. Бийлик алмашканда бири-бири менен согушушат.

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков абактагы кримтөбөлдөрдүн куйрук улай чыгып жатышына мыйзамсыз чечим кабыл алган сотторду күнөөлөйт. Ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшкөн милициянын аракетин соттор теңирден тескери буруп жатканын айтып кейийт.

- Тиешелеүү органдар бандиттерге каршы иш козгоп, камап жатат, а бирок биздин соттор четинен актап жатат. Бул мышык-чычкан оюнун эске салат. Соттордун мыйзамсыз чечимдери кылмышкерлерди коргоп жатат. Бул боюнча кетсек уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүбүз эч жыйынтык бербейт. Ал үчүн сот системасын реформалашыбыз керек.

Көлбаев өзү ким?

Чолпон-Атада туулган 40 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстандагы уюшма кылмыштуу топтордун бирден бир негизги өкүлү катары саналып келет. Ал узак убакыт бою кылмыш дүйнөсүндө Рысбек Акматбаевдин жан-жөкөрү болуп, кийинчерээк ички каршылыктардан улам өзүнчө бөлүнүп кеткен. 2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салды жана эки адамды өлтүрдү деп күнөөлөнүп 25 жылга эркинен ажыратылганы менен 2006-жылы түрмөдөн чыгып кеткен. 2008-жылы Москвада “мыйзамдагы ууру” деген наам алат. Ушул эле жылы Бишкек милициясы Көлбаевди кармап түшүндүрүү иштеринен кийин кайра кое берген.

2010-жылы кайрадан 25 жылга эркинен ажыратылат, бирок жатак-абактан качып кетет. 2011-жылдын июлунда Интерпол тарабынан Араб эмираттарында кармалып, 2012-жылдын декабрында Бишкекке алынып келинген. Ага УКМК Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу сыяктуу 7 оор беренеси боюнча айып таккан.

Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү лакап аты Коля-кыргыз экени айтылып келет.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялады. АКШ президенти Барак Обама 2011-жылы аны дүйнөдөгү 7 эң ири маңзат королунун бири катары сыпаттап, кара тизмеге киргизген.

XS
SM
MD
LG