Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Июнь коогалаңы боюнча козголгон кылмыш иштеринин беш пайыздан ашууну гана ачылган.

Мунун бирден бир себебин Башкы прокурор Аида Салянова кылмышка шектүү адамдардын көпчүлүгү учурунда өлкөдөн качып кеткени менен байланыштырды. Көбү Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда жашырынып жүргөнү боюнча башкы көзөмөл органында маалымат болгону менен аларды кайтарып келүү кыйын болуп жатканын Салянова моюнуна алды. Ошондой эле этникалык кагылышты уюштурган жана массалык адам өлтүрүүгө катышы болгон деп шектелгендердин айрымдары чет өлкөлөрдөн башпаанек алууга жетишкенин айтты.

Ачылбай калган иштер

Июнь окуясын иликтеген тергөө органдары адам өлтүрүү, зордуктоо, үй-мүлктү өрттөө, денеге оор залал келтирүү жана адамды кыйнап туткундоо сыяктуу оор кылмыштарды каттаган. Мына ушундай мүнөздөгү массалык башаламандыкты уюштурууга жана этникалык кагылышты жайылтууга байланыштуу беш миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча ушул күнгө чейин мына ошол кылмыш иштеринин 5,3 пайызы гана ачылган. 2014-жылдын май айына карата 307 кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн.
Мындан башка 33 кылмыш иши тергөө учурунда кыскартылган. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Жылдызкан Жолдошева июнь окуясын уюштурууга катышы бар адамдарды издеп таап жазалоого азыркы бийлик кайдыгер мамиледе деп айыптады:

- Июнь окуясын иликтеп, баа берүү боюнча эч кандай жыйынтык болгон жок. Ким уюштуруучу катары айыптуу болду, ким аткарган деген суроолорго жооп жок. Беш миңден ашуун кылмыш иши козголгону менен ушул күнгө карата 25 адам гана соттолуптур. Калганы кана? Уюштургандардын бири да эмне үчүн кармалган эмес?

Жоопкерчиликтен качып кутулгандар

Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча көптөгөн кылмыш иштери ачылбай жатканы боюнча дооматтарга макул. Башкы көзөмөл органы коогалаңды уюштурган жана ага түздөн-түз катышы бар адамдарды качырбай, убагында кармап калуу ал кезде мүмкүн эмес болгон деген жүйөнү бетине кармайт. Анткени окуядан кийин кагылыш болгон көп аймактарга тергөөчүлөр жеке коопсуздугунан улам кире алган эмес. Башкы прокурор Аида Салянова көптөгөн кылмыш иштеринин ачылбай калган себебин учурунда чыныгы кылмышкерлердин өлкөдөн качып кеткени менен байланыштырды:

- Буга окшогон кылмыштарды негизи изин суутпай ачыш керек болчу. Бирок ошол кезде кылмыштын бетин ачуу оңой болгон эмес. Качып кеткендердин кээ бирлери жарандык алып алса, айрымдары качкын макамын алууга документ тапшырган. Мындай жагдайда аларды артка кайтарып берүү созулуп кетет экен.

Күч түзүмдөрүнүн чабалдыгы

Учурунда коогалаңды иликтөө үчүн түзүлгөн улуттук жана парламенттик комиссиялар июнь окуясынын башкы уюштуруучулары катары мурдагы бакиевдик режимдин өкүлдөрүнүн жана өзбек тектүү саясий лидерлердин ысымын атаган. 2010-жылы ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болгон азыркы парламент депутаты Исмаил Исаков кылмышка шектүүлөрдү кармап, жоопко тартууда ошол кездеги укук коргоо органдары чабалдык кылганын белгиледи:

- Ал убакта биздин укук коргоо органдардын кудурети жеткен эмес. Ал турсун биздин айрым милиция кызматкерлери менен кээ бир чекисттер кылмышкерлерди издемек тургай өздөрүнүн түздөн түз милдетин аткара албай калган. Окуяга катышы барлар ошол учурдан пайдаланып өлкөдөн чыгып кеткен.

Улут аралык араздашууга от койгондор катары окуяны иликтеген жергиликтүү комиссиялардын корутундуларында мүнөздөлгөн Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Жалолиддин Салахуддинов баш болгон топтор алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Айрымдары Европадан башпаанек алса, кээ бирлери Ташкенде жайгашып калган. Баш прокурор Аида Салянова Батыровду кайтарып келүү боюнча өтүнүчкө Швециядан жооп болбогонун айтты:

- Батыров боюнча тиешелүү иш жүргүзүлгөн. Бирок ал биз тараптан эле көз каранды эмес экен. Иштин документтерин тиркеп, Батыровду кайтарып берүү боюнча өтүнүч келтирген болчубуз. Бирок ага Швеция жооп бербей койду.

Ырайым кылуунун ылаажысы

Швециядан башпаанек алган Кадыржан Батыров июнь окуясына жеке анын жана санаалаштарынын катышы бар деген дооматты маалымат каражаттары аркылуу бир нече жолу четке каккан.

Июнь окуясында эки тараптан биригип 447 адам каза таап, жүздөгөн жарандар жараат алган. Отуз алты адам дайынсыз жоголуп, кийин алардын он төртүнүн сөөгү ким экени аныкталбай калган жасаттардын арасынан таанылган.

"Кыргызстан элдеринин конгресси" саясий партиясы жакында июнь окуясы боюнча камалгандарга мунапыс берүү демилгесин көтөрдү. Партия лидери Шамшыбек Медетбеков мунапыс берүү менен эки тараптын ортосундагы чыңалууну жөнгө салууга болот деп сунуштады:

- Ынтымак, биримдик болсун деген ниетте демилге көтөрүп жатабыз. Бирок ачык-айкын оор кылмышка айыпталгандарга мунапыстын тиешеси болбойт. Биз жанагы аргасыздан массалык башаламандыкка аралашып калып, эч кандай деле олуттуу кылмышка шектелбеген жарандарга мунапыс берүүнү суранып жатабыз. Анткени кээ бирлерине биздин күч түзүмдөрү күнөөсүз жерден эле айып коюп, акчасын алып коё берип, акча бере албаса иш козгоп, камап салган учурлар да бар.

Бирок мындай демилгеге Кыргызстандагы бардык эле саясий күчтөр макул эмес. Анткени июнь коогалаңына төрт жылга аяк басып, бирок ага байланыштуу кылмыш иштеринин көпчүлүгү ачылбай жаткан жагдайда бул демилге окуяда жабыркагандарга оор тиет деп маселе көтөргөндөр да арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова июнь окуясына аягына чейин укуктук баа берилмейинче анын катышуучуларына мунапыс берүү туурасында сөз болууга тийиш эмес деген ойдо:

- Июнь окуясынын төрт жылдыгы жакындап келе жатканда мына ушундай демилге көтөрүлүшү моралдык-психологиялык жактан өзү туура эмес. Толук укуктук баа берилүүгө тийиш. Ошондон кийин гана бул маселе туурасында сөз кылса болот.

Июнь коогалаңында Ошто, Жалал-Абадда, Сузакта жана Базар-Коргондо эки миңден ашуун үй жана жеке менчик ишкердик жайлары өрттөлгөн. Маданий, социалдык жана административдик маанидеги ондогон объект күйүп кеткен. Кыргызстандын өкмөтү июнь коогалаңынан улам келип чыккан материалдык зыяндын өлчөмүн эки миллиарддан ашуун сом деп баалаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG