Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Кыргызстанда сот тутумун көз карандысыз бийлик бутагы катары реформалоо идеясы ишке ашпай жатат.

Мындан бир жыл мурун коррупция аралап кетти деген негизде ишмердиги токтотулган Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын тандоого бийлик басым көрсөтүп жатканы боюнча парламент депутаттары маселе көтөрүүдө. Буга КСДП фракциясында өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы мисалга алынды.

Добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негиз менен мурун жети добуш алып, өтпөй калган Жамийла Нурунбетова экинчи ирет чогулган фракциянын жабык жыйынында 22 добуш менен шайланды.

Парламенттин сот иштери боюнча комитет төрагасы Токтогул Туманов фракция мүчөлөрүнүн эркин тандоосуна сырттан кийлигишүү болгонун жашырган жок. Бул иште президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын ысымы аталууда. Бирок КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков бул дооматты четке кагууда.

Айла амалдан кийинки айырмачылык

30-майда КСДП фракциясы Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамына Шамарал Майчиевдин, Рустам Исаевдин жана Жылдыз Сайдылдаеванын талапкерлигин тандаган. Майчиев 21, Исаев 16 жана Сайдылдаева 14 добуш алган. Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрага орун басары Жамийла Нурумбетова жети добуш менен өтпөй калган эле. Бирок анда купуялуулук бузулду деген негиз менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

9-июнда КСДП фракциясы кайрадан жабык жыйынга чогулду. Бул жолу мурда 7 добуш алып өтпөй калган Жамийла Нурумбетова талапкерлердин бардыгын артка таштап, 22 добушка ээ болду. Парламенттин комитет төрагасы Токтогул Туманов баштапкы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз жок болчу деген пикирде. Ал экинчи ирет добуш берүүнү уюштуруу менен фракция мүчөлөрүнүн саясий эркине басым көрсөтүлдү деп эсептейт:

- Нурумбетова Сотторду тандоо кеңешиндеги баягы биз айтып жаткан туура эмес иштердин, терс көрүнүштөрдүн башында турган адам болчу. Ал жерде ар кандай күчтөр сотторду тандаганга жана сот тутумуна өз адамдарын киргизгенге аракет болгону байкалып калып, президент тарабынан Сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги токтотулган. Анда мыйзам бузуучулук жана коррупциялык элементтерге жол берилгени боюнча маалыматты биз жарандык коом менен бирге президентке билдирип жатып, ошондой чечимдин кабыл алынышына таасир эткен элек. Анан эми ошол кеңештин эски адамдарын кайрадан алып келип, шайлап жатышканына таң калам.

Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүүдө КСДП фракциясындагы бул жагдай парламент ичинде күмөндүү суроолорду пайда кылды. Добуш берүүнүн купуялуулугу кандайча бузулганы жана ага кимдер кызыкдар болгону боюнча маселени фракция талкууга алып отурган жок. Фракциянын жабык жыйынында экинчи ирет шайлоо өткөрүлүп, кызыгы, анын жыйынтыгы он күн мурдагыдан кескин айырмаланды. Анда эсептөө комиссиясынын мүчөсү болгон КСДП фракциясынан депутат Зайырбек Жоошбеков муну депутаттарга тикелей басым көрсөтүү эмес, жөн гана "түшүндүрүү ишинин" жыйынтыгы катары кабыл алды:

- Эч кимге деле басым көрсөтүлгөн жок. Башында добуш берүүнүн купуялуулугу бузулуп калган экен. Ошон үчүн эле анын жыйынтыгы жокко чыгып, кайра добуш берүү чечими болду. Жамийла Нурумбетова менен биз тааныштык. Ал киши өзүнүн ишин билген кесипкөй адис экен. Биздин ишенимди актайт деген ойдобуз. Экинчи ирет ар ким өзүнүн эле ою менен добуш берди. Мүмкүн түшүндүрүү иштери болгондур. Ар кимиси кийин ойлонгондур. Адамдын көз карашы өзгөрүп турат да. Көз караш деген дайым эле бирдей болуп турбайт.

Сот тутуму Жолдубаеванын “жолундабы” же “оюнчулардын” колундабы?

Бир катар интернет сайттары Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрага орун басары Жамийла Нурумбетова президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын жакын курдашы деп жазып чыкты. Жолдубаева Конституциялык сотту көп жыл башкарган Чолпон Баекованын жакын тууганы экени маалым. Мына ошондуктан Жолдубаева өзүнүн курдашын Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамына өткөрүү үчүн КСДП фракциясында кайра добуш берүүнү уюштурууга кызыкдар болгон деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Турат Мадылбеков бүтүндөй сот тутуму президенттик аппараттагы “көмүскө колдун” көзөмөлүндө калганын белгиледи:

- КСДП фракциясында талаш-тартыш болуп жатып, акыры экинчи ирет добуш берүү менен Нурумбетованы өткөзүп алышты. Каяктан шамал согуп жатканы түшүнүктүү эле болсо керек. Индира Жолдубаева мурунтан эле Нурумбетованы Сотторду тандоо кеңешине "түртүп" келгени белгилүү. Сот тармагындагы “серый кардиналдар” Акаев менен Бакиевдин тушундай деле бар эле. Бирок элибиз эки ыңкылапты башынан өткөргөндөн кийин да мына ушундай деңгээлге жетет деп мурда ойлогон эмес элем. Азыр сот тармагындагылар өздөрү келип бүтүндөй сот тутуму мына ошол адамдын колунда экенин айтып жатат. Мындай жагдайда соттун көз каранды эместиги тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес.

Индира Жолдубаеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын дарегине айтылган дооматтар боюнча суроого жооп алуу үчүн кабылдамасына бир нече курдай барып, бөлүм башчынын өзү менен жолугушуу аракетибизден да майнап чыкпады. Андагы катчылыктан “Жолдубаеванын иш графиги жык болгондуктан журналисттерди кабыл ала албайт” деген гана жооп алдык. Ошол эле кезде Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүүдө депутаттардын саясий эркине басым жасалды деген дооматты КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мындайча четке какты:

- Шайлоонун өзүнүн жол жобосу бар. Бир эмес үч депутат шайлоонун купуялуулугу бузулду деп кайрылып жатса, кантип ошол боюнча калтырып коймок элек. Арыздардын негизинде кайра добуш берүүнү өткөрдүк. Эгерде аны бузууга негиз болбосо ким эле бекер жерден кайрыла берсин. Жолдубаева биздин депутаттарга басым жасай албайт. Муну башка бир кызыкчылыгы бар адамдар оюнан чыгарып жатат.

Кыйсыпыр түшкөн КСДП

КСДП фракциясындагы мындай көрүнүш парламентте кызуу талкууга алынууда. Фракциянын айрым мүчөлөрү Сотторду тандоо кеңешин шайлоодо алардын эркин тандоосуна басым көрсөтүү болгонун тымызын айтканы менен коомчулукка ачык жарыялоого батынышкан жок. Эксперттер арасында бул жагдайды мурдагы бийлик режимдеринин тушундагы бийликчил “Алга Кыргызстан” жана “Ак жол” партияларынын ичиндеги моралдык-психологиялык абал менен салыштыргандар арбын.

Ошол эле кезде парламенттин КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков басым көрсөтүүгө туруштук бере албаган фракциялаштарынын саясий эркин сынга алды:

- Бүт бардыгын былгытып, элдин кыжырын келтирген фактылар азыр көп кездеше баштады. Ошонун бир далили мына ошол фракциядагы берилген добуштардын санын жана андай жыйынтыкка жетишүү үчүн жасалган айла-амалдарды айтсак болот. Нурумбетовага башында 7 добуш берилип, кийин кайра болбогон шылтоо менен экинчи жолкусунда эң алдыга озуп чыкты дегени эмнени билдирет. Демек, бирөө күчкө салуу менен эле депутаттардын добуш берүүсүнө таасир этип, аларды куурчак катары колун бурап, мына ушундай жыйынтыкты камсыздады дегенди түшүндүрөт. Мунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Басымга баш ийип добуш берген депутаттар да бар. Алар өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн тигилердин айтканынан чыга албай добуш берди да. Аларды эч ким мажбурлап добуш бердирген жок.

Майчиев: Сөз көп, бирок далил жок

Мындан бир жыл илгери Сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги президенттин жарлыгы менен токтотулган болчу. Ага сот тандоо учурундагы эрежелердин так эместиги жана судьялык орундарды кызылдай акчага сатып алууга байланыштуу терс көрүнүштөр тууралуу маалыматтын коомчулукка чыкканы негиз болгон. Ошол эле кезде бир топ укук коргоочулар судьялар Сотторду тандоо кеңешинен эмес, президенттик аппарат аркылуу тандалып калды деген сын-пикирлерди айткан болчу. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев буга окшогон дооматтарга далилдүү негиз жок экенин белгиледи:

- Бул жамааттык орган. Жеке мага карата сот тандоодо же башка бир маселеде кандайдыр бир кысым же басым болгонун сезгеним жок. Биз үч жыл мурун түзүлдүк да. Ал эми жанагы айтып жаткан Индира Жолдубаева болсо кызматка кийин келбедиби. Анан ал кандайча бизге басым көрсөтө алат. Сот тандоо боюнча биздин жыйындардын бардыгы ачык өтүп жатты. Ар бир талапкер тууралуу маалыматты сайтка берип турдук. Ошондой ачык-айкын шартта кандай кыңыр иш болмок эле? Мурда сотторду дайындоодо ушундай ачыктык болду беле?

Сотторду тандоо кеңешинин бул курамынын ыйгарым укугу быйыл июль айында аяктайт. Ага чейин жаңы курамы тандалып, анын ишмердигин жөнгө сала турган мыйзамга өзгөртүү киргизилүүгө тийиш. Кеңеш 24 адамдан туруп, 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзамга ылайык, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция анын курамынын үчтөн экисин шайлайт. Үчтөн бирин жарандык коом сунуштап, парламент бекитет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG