Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Жапония Борбор Азиянын ымаласына кызыкдар


Бишкек. 16-июль.
Бишкек. 16-июль.

Жапония Борбор Азиянын беш мамлекетин өз ара кызматташууга жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө үндөйт.

"Борбор Азия+Жапония" диалогунун алкагында аталган мамлекеттердин тышкы иштер министрлери “Кызматташуунун жаңы он жылдыгы” тууралуу билдирүүгө кол коюшту. Борбор Азия менен Жапониянын кызматташтыгын өнүктүрүүнүн беш багыты аныкталып, эл аралык коркунучтарга чогуу каршы туруу жана көйгөйлөрдү биргеликте чечүү маселеси макулдашылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жаңы аянтчасы

Жапония, Түркмөнстан, Казакстан Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин бешинчи кеңешмеси “Борбор Азия жана Жапония диалогу” алкагында бирдиктүү билдирүү кабыл алды. Анда саясий жана аймактык ымаланы өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды күчөтүү, жеке ишкерликти колдоо, интеллектуалдык жана гуманитардык-маданий кызматташтыкты өркүндөтүү демилгеси көтөрүлдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аталган сүйлөшүү аянтчасы натыйжалуу болооруна ишеним билдирди:

- Борбор Азия мамлекеттери менен Жапониянын өз ара кызматташуусун кеңейтүүдө биз бул диалогду маанилүү аянтча катары карайбыз. Бүгүн биз кесиптештер менен аймактагы өтө курч маселелер боюнча ачык-айрым пикир алмашып, баарлаштык. Бул бизге маселелерди терең түшүнүп, негизги кадамдарды аныктоого жана жалпы көйгөйлөрдү биргеликте талкуулап, жыйынтык чыгарууга жардам берет.

Эрегишкен маселелер эки тараптуу гана чечилеби?

Учурда Борбор Азия мамлекеттери өз ара ымала таппай жаткан чакта Жапония сыяктуу өнүккөн күн Чыгыш өлкөсү кошулган форматта кызматташуунун жаңы шарттарын кабыл алууга тараптар канчалык кызыкдар? Аймактагы кошуналар ортосунда чек ара жана суу-энергетика көйгөйлөрү сыяктуу курч маселелерди чечүүгө бул аянтча канчалык жарамдуу деген суроого Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов мындайча жооп берди:

- Биздин эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чырын жөнгө салуу бүгүнкү жыйындын күн тартибиндеги маселе эмес. Бул маселе эки тараптуу шартта гана каралышы керек. Албетте, бул маселени кароодо бир топ оорчулуктар болууда. Бирок аны жөнгө салууга башка тараптарды тартуунун кажети жок. Биз миңдеген жылдар бою танапташ жашаган соң буга окшогон маселелерди өзүбүз эле чече алабыз.

Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида расмий Токио Борбор Азия менен кызматташууну күчөтүүгө дайыма кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен бирге Кисида жалпы көйгөйлөрдү биргеликте чечүү менен гана аймактагы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга болорун кошумчалады:

- Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен мен маңзат соодасына каршы күрөш жана мамлекеттик чек араларды көзөмөлдөө маселесин көтөрөт элем. Жапония Борбор Азиянын керектөөсүн камсыздоо үчүн мындан ары дагы колдоо көрсөтүп, аймактагы туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыздоодө өнөктөш бойдон калмакчы.

Тышкы иштер министрлеринин "Борбор Азия+Жапония" диалогу кеңешмеси 2004-жылы түзүлгөн. Быйыл анын уюшулганына он жыл толуп, кеңешменин мааракелик жыйыны Кыргызстанда болуп өттү. Анын жыйынтыгында өз ара кызматташууну күчөтүү боюнча билдирүү кабыл алынды. Жыйын соңунда аталган кеңешмеге төрагалык кылуу Кыргызстандан Түркмөнстанга өттү.

XS
SM
MD
LG