Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Президенттин бир тууганы доодон кутулду


Президент Атамбаевдин бул ишке кийлигишүүсүн айрымдар мыйзамдуулукту сактоодогу үлгүлүү сапат катары карашса, кээ бирлери популисттик кадам катары баалашууда.
Президент Атамбаевдин бул ишке кийлигишүүсүн айрымдар мыйзамдуулукту сактоодогу үлгүлүү сапат катары карашса, кээ бирлери популисттик кадам катары баалашууда.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Калыйбек Шаршеновго жыйырма жыл мурун козголгон кылмыш иши кыскарды.

Президент буга кийлигишкен соң, ал иш кайра жанданып, Шаршенов үй камагына алынган. Андан соң ал көптөн бери өнбөй келген доону жабырлануучуларга кайтарып берген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазып чыгышты. Президенттин бул кадамын айрымдар мыйзамдуулукту сактоодогу үлгүлүү сапат катары карашса, кээ бирлери саясий беделин көтөрүүгө жасаган популисттик кадам катары баалашууда.

Президент тууганчылыктын “туусун сындыра” алдыбы?

Президенттин бир тууганы Калыйбек Шаршеновду орусиялык чек арачылар Москвадан Бишкекке учарда кармашкан. Буга 20 жыл илгери козголгон иш боюнча анын издөөдө экени негиз болгон.Териштирүүдөн соң ал бошотулуп, ошол күнкү рейс менен Бишкекке учуп келген. Кийин ал маалымат Ак үйгө жетип, Атамбаев ишти териштирип, агасына мыйзам чегинде чара көрүүнү буюрган.

Эске сала кетүүчү жагдай, 1994-жылы “Адис” фирмасынын кожоюну ири суммадагы карызды кайтарбай койгон факты боюнча шаардын Октябрь райондук милициясы Калыйбек Шаршеновго иш козгогон. Көп жыл унутта калган мына ошол иш кайра жанданып, президенттин тууганы соттун чечими менен бир ай үй камагында отурду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев тууганчылык менен жердешчиликтин кесепеттерин жеңүүдө президенттин бул кадамы көп жетекчилерге үлгү болорун кошумчалады:

- Өлкө башчынын ушундай кадамы кеңири жайылса . “Бөтөндөр коркуш үчүн, өзүңдүкүлөрдү биринчи ур” деген принцип иштеш керек. Анан эми бардыгыбыз тууган-туушкан деп жашырып отура берсек, оңолбойбуз да. Кайсы бир чоңдун тууганы кандайдыр бир кылмыш кылса, аны аяп отуруштун кереги жок. Тууганчылык менен жердешчилик жыйырма жылдан бери чырмалышып отуруп, чегине жетип калыптыр да. Бирдеме болсо эле эл чогулта коюп эле, соттун ордуна чечим чыгарып жатышпайбы. Анан эми кылмыштуулук менен күрөш баштасаң эле аяк-быяктан чалдырып, ишке киришкенди токтотсок болот эле.

Доонун себеби кыйынчылыкпы же шылуунчулукпу?

Жакында үй камагындагы Калыйбек Шаршенов мурунку соода өнөктөштөрүнө карызын кайтарып берген. Андан соң жабырлануучу тарап доодон баш тартып, аталган кылмыш иши кыскарды. Атамбаевдин бир тууганы Калыйбек Шаршенов “Кыргыз жер” деген фирманын башчысына 56 миң сом, ысымы белгисиз Кытай жаранына 10 миң доллар карызын жыйырма жылдан бери бербей жүргөн. Шаршенов тергөөдө айыбын моюнга албастыгын айтып, карыздын топтолуп кетиши боюнча өзүнүн жүйөсүн келтирген. Айыпталуучу ал иштин жабылбаганын жана издөөдө жүргөнүн бир ай мурун Москвадагы аэропорттон гана билген.

Парламенттеги оппозициячыл депутат Өмүрбек Абдрахманов президент бир тууган агасынын ишин териштирүүнү талап кылган бул жагдай боюнча мына буларга токтолду:

- Бул президенттин популисттик жүрүшү. Ага ишенүүгө болбойт. Анын соңку мезгилде таптакыр түшүп кеткен саясий беделин көтөрүү үчүн саясий технологдор иштеп чыккан маалымат таратылууда. Бирок ошол эле кезде президенттин бир тууганы шылуунчулук менен иш кылып жүргөнү – бул үй-бүлөдө моралдык баалуулуктар дурус эмес экенинен кабар берет. Бул маалыматты мурда эле Чүйдүн Арашан жана башка айылдарынын тургундары жакшы билет болчу. Анан эми бир чети ошол шылуунчулук иш боюнча ошол эл ичиндеги сөздү токтотуш үчүн мына ушундай жүрүш жасалды. Ал болгону эң оор дегенде жазана төлөйт, жабырлануучуларга карызын кайтарып берет. Башка жоопкерчилик тартпайт.

"Жоопкерчиликке жол ачкан кадам"

Анткен менен коомчулукта президенттин бул кадамы өлкөдөгү жоопкерчиликтин жана мыйзамдуулуктун таңкыстыгы күчөп турган шартта, коңгуроо катары коомчулукка ташталган саясий чакырык катары кабылданууда.

Коомдук ишмер Мукан Алыкулов президент бир тууганынын жоопкерчилигин кароону талап кылган бул жагдайды кыргыз саясатында мурда болбогон көрүнүш катары мүнөздөдү:

- Бул жагдай “тууганчыл бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген элибиздин асыл макалын эске салат. Биздин жогорку бийлик башындагы адамдын бул кадамы чынында мактоого арзый турган сапат. Ал мындай нерсеге көз жумду мамиле кылып, бул маселе боюнча маалымат чыгартпай койгонго деле мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анан эми бир тууганын тартипке чакырып, анын ишин карапайым жарандар катары териштиргиле деп буюрганы эң туура. Бул анын чындыкка тике карап, чын дилден тазаланалы деген ак ниетинен кабар берет. Мен бул жерден эч кандай жасалмалуулукту көргөн жокмун.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов бул окуяны жергиликтүү агенттиктерге тастыктап, ал президент үчүн күтүүсүз жаңылык болгонун белгилеген. Ошондой эле ал президент бул ишти кароо мөөнөтү өткөнүнө карабастан териштирүүнү талап кылганын билдирди. Президент өзү же анын катчылыгы бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG