Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Бул жумада мурдагы президент Аскар Акаев кайтыш болгон агасына топурак салганы мекенине келет экен деген маалымат коомчулукту эле эмес бийликти да дүрбөлөңгө салды.

Жергиликтүү агенттиктер баш прокурорго шилтеме берип, Акаев келсе, ага суроолор көп экенин жарыялашты. Ошентип Акаев келбей калды. Ал арада “арнамысчыл” депутат Турсунбай Бакир уулу Газадагы кан төгүүгө Израилди айыптап, анын туусун айрыды. Буга капа болгон Израилдин Астанадагы элчилиги депутатты жоопко тартууну талап кылган. Кумтөр боюнча жаңы келишимди даярдоо иши создугуп, “Центерра” жетекчилиги сүйлөшүү үчүн Кыргызстанга келбей турганы белгилүү болду. Буга Кыргызстанда 200 миллион доллар дивидендди мыйзамсыз алып чыгуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон.

Учпай калган рейс...

Жума башында тунгуч президент Аскар Акаев кайтыш болгон агасына топурак салууга Москвадан учуп келмек. Мындан тогуз жыл мурун өлкөдөн качкан мурдагы президент кайтып келет деген маалымат коомчулукта чоң талкуу жаратты. Жергиликтүү агенттиктер баш прокурор Аида Саляновага шилтеме берип, Акаев келсе, тергөөгө чакырыла турганын кыйытты. Муну менен азыркы бийлик Акаевдин келишин каалабай турганын туюнтту. Ошентип Акаев көзү өткөн агасына топурак салганы мекенине келбей калды. Анын жакын туугандары муну Акаевдин жеке коопсуздугуна бийлик кепилдик бербей койгону менен байланыштырды. Талдоочулар Акаевдин келиши саясий туруктуулукка таасир этиши мүмкүн деген негизде бийлик андай тобокелчиликке жол бергиси келген жок деп бүтүм чыгарышты. Анткен менен 2005-жылы мурдагы президентке адвокаттык кылган Акин Токталиев Акаев бийликтин эскертүүсүнөн коркуп, мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды деди:

- Акаев кандай тоскоолдук болсо дагы Кыргызстанга келип, элге ачык кайрылуу менен чыгышы керек эле. Ал “элим алдыңарга келдим, агам өтүп, топурак салуу парзымды аткарайын, мен башкарып турган мезгилде кеткен кемчиликтер үчүн кечирим сурайм” деши керек эле. Аскар Акаев кандайдыр бир кылмыш иши болсо, тергөөгө барайын, далилденсе моюнум менен тартайын деп саясий эркин көргөзүшү керек эле. Негизи, анын кандайдыр бир айыбын далилдей турган илинчек деле жок. Бирок Акаев саясий эрксиздигин көргөзүп, коркоктук кылып койду. Азыркы бийлик аны камаган күндө да андан кийинки эки бийликтин ким экенин көргөн эл аны кубаттап тосуп алмак.

Мурдагы президент Аскар Акаев бир тууган агасынын тажиясына келиши күтүлүп жаткан. Бирок анын ордуна уулу Илим Акаев келди. Болот Акаевдин сөөгү 5-августта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Желектин айынан чыккан жеме

Акаевдин келип-келбеши коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чакта парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу кыргыз бийлигинен Газадагы кан төгүүнү расмий айыптоону талап кылып чыкты. Турсунбай Бакир уулу Израилдин желегин айрып, аны ажатканада пайдаланууга чакырык таштады. Ушундай жол менен Палестинаны коргогусу келген депутаттын бул жоругу Израил элчилигинин сынына кабылды. Израил элчилиги желекти мазактаганы үчүн депутатка чара көрүүнү өтүнгөн. Талдоочулар арасында депутат муну менен өзүн мусулмандардын коргоочусу катары көргөзүп, саясий упай топтогусу келген деген пикирлер үстөмдүк кылды. Анткени Газадагы кан төгүүгө себеп болгон экинчи тарап туурасында депутат унчуккан эмес. Кыргызстандагы еврейлер коомунун өкүлү Александр Зеличенко депутаттын желекти мазактоосун оор кабыл алды:

- Ал баарыбызды мазактады. Элчилик абдан туура кадам кылды. Бул эгер кайсы бир мамлекетти таарынткан учурда колдонулуп жүргөн диломатиялык тажрыйба. Бакир уулу Кыргызстан менен дипломатиялык мамилеси бар жана жардам берип келе жаткан мамлекетти мазактады. Ал желекти тытуу менен биринчи мамлекетти, андан соң ар кандай сөздөрдү жазуу менен Кыргызстанда жашаган еврей улутундагы жарандарды да шылдыңдады.

Депутат Турсунбай Бакир уулу Израилдин желегин айрып жатат. 4-август, 2014.

("Азаттыктын" "Көрөгөч" көзөнөгүнө түшкөн тасма)

Депутат Турсунбай Бакир уулунун көргөзмөлүү акциясы бир туруп анын эл аралык абалга карата кайдыгер эмес экенинен кабар берет. Ошол эле кезде айрым талдоочулар дипломатияда жана саясатта көп жылдык тажрыйбасы бар депутаттын согуштун бир тарабын гана жактап, кызуу кандуулукка барышын туура көрүшкөн жок. Диний маселелер боюнча эксперт, тарыхчы-окумуштуу Назира Курбанова депутат Бакир уулунун аракетин аша чапкандык катары баалады:

- Бул бир гана диний жек көрүүчүлүккө эмес, этникалык жек көрүүчүлүккө алып барат. Себеби, Кыргызстанда деле Израил жарандары жашап жатат. Еврей коомдук уюмдары бар. Депутат нааразылык билдирүүнүн кандайдыр бир башка жолун тапса болмок.

Кыргызстандын мыйзамында мамлекеттик символдорду мазактоого карата кылмыш жоопкерчилиги бар. Бирок ал ченем башка өлкөнүн желегин же башка мамлекеттик белгилерин мазактоо үчүн жоопко тартууну карабайт. Дипломаттардын айтымында, депутаттын Израил желегин мазактоосу эки тараптуу мамилеге таасир этпейт. Бирок андай жоосун коомчулуктун кайсы бир бөлүгүн экинчи бир тарапка каршы козутуп, жыйынтыгында чатакташууга алып келиши мүмкүн. Юридика илимдеринин доктору, эл аралык мамилелер боюнча адис Кайрат Осмоналиев кайсы бир мамлекеттин желегин шылдыңдоодон келип чыккан чыр чоң чатакка айланганы жөнүндө мисалдар тарыхта бар экенин айтты:

- Бул жерде менимче, моралдык жана саясий жоопкерчилик гана болушу мүмкүн. Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин депутаты. Ошондуктан ал жасаган аракетин ойлонушу керек болчу. Тарыхта мындай окуялардан улам согуш чыккан учурлар бар.

Дипломаттар тышкы алакага тийчү кесепеттерди эскертишет

Бул жума дипломатиялык чатакка алып келүү кесепети бар дагы бир окуя менен коштолду. Өлкөдөгү айрым интернет сайттар “президент Алмазбек Атамбаев коңшу мамлекеттердин башчыларына чуркап барып, чөгөлөбөйм” деп билдирген деген мааниде маалымат жазышкан. Мамлекет башчысынын ал сөзү газды токтотуу, күйүүчү май жүктөгөн вагондордун кармалып турушу жана чек ара чатагы сыяктуу маселелерди чечүүгө байланыштуу айтылганы көрсөтүлгөн эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну жалган маалымат катары карап, аны жайылткан тарапты сотко берүүгө камданарын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин Маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Турдакун Сыдыков ал маалымат кошуналар менен болгон алакага тескери таасир этет деп чочулайт:

- Бул маалыматтын жарыяланганына биз таң калып, чындыкка дал келбеген чагым катары кабыл алдык. Коңшу мамлекеттер жана алардын жетекчилери менен болгон биздин президенттин мамилеси тууралуу таратылган жалган маалымат биздин улуттук кызыкчылыгыбызга карама-каршы келет жана дипломатиялык алакага терс таасирин тийгизет. Ошондуктан биз бул маалыматты тараткандарды сотко берүү үчүн башка мамлекеттик органдар менен кеңешип жатабыз.

Кумтөр долбоору кургуйга кептелдиби?

Кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосунда теңшериктик негизде Кумтөр биргелешкен ишканасын түзүү боюнча парламент бекиткен меморандум ишке кире элек. Аталган документке ылайык, биргелешкен ишкана түзүүнүн шарттарын караган макулдашуунун долбоору ушул кезге чейин иштелип чыгууга тийиш эле. Бирок канадалык тарап менен сүйлөшүүлөр солгун жүрүп, макулдашууну даярдоо жагы ушул кезге чейин чечиле элек. “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун айтымында, буга “Центерра” жетекчилигинин жолугушуу үчүн Кыргызстанга келбей жатканы негиз болгон:

- “Центерра голддун” жетекчилери Ян Аткинсон, Майкл Фишер Кыргызстанга келе элек. Алар биздин бир нече жолку чакыруубузга “Центерранын” директорлор кеңеши Кыргызстанга келүүгө тыюу салды. Анткени ал жерде кылмыш иши козголгон. Биздин коопсуздугубузга кепилдик жок, ошон үчүн бара албай жатабыз” деп жооп беришүүдө. Алар Бишкекке барбайбыз, Стамбулда же Алматыда жолугалы" деп сунуштоодо. Мен Стамбулга же Алматыга эмнеге бармак элем? “Кыргызалтындын” жана кыргыз өкмөтүнүн позициясы - кемчилик бизден кетпесин. Кетсе канадалыктардан кетсин, бирок биз колдон келген да, келбеген да бүт аракеттерди жасап жатабыз. Парламент кабыл алган токтомду аткаруунун аракетиндебиз.

“Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров жазда 200 миллион доллар дивидендди “Центерранын” эсебине чыгарып кетүүгө кол коюп, кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы иштеген деген шек менен камакка алынган. Мындан кийин “Центерранын” жетекчилиги Кыргызстанга келүүдөн баш тарта баштаган. Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мына ошондон соң “Центерра” теңшериктик негизде биргелешкен ишкана түзүүгө кызыкдар болбой калды деген ойдо:

- Болбогон жерден 50-50 пайыздык биргелешкен ишкана түзөбүз деп чыгышты. “Центерра” болсо андан кандай пайда табабыз күмөнсүп турат. Анткени мындай шартта директорлор кеңешин дайындоодо кыргыз тараптын позициясына алар ишенбей калышты. Алар кыргыз тарап өзүнүн адамдарын коёт дагы анан иштетпейт деген негизде шекшип турушат. Ошондуктан алар мүмкүн болушунча Кумтөрдөн кетүүгө далбастап калышты. Биз туура эмес саясаттын негизинде мына ушундай туңгуюкка кептелдик.

Мына ошондуктан эки тарап мунасага келип, Кумтөрдө кайрадан биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууга келери күмөн болуп калды. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев мындай жагдайда парламент мурда кабыл алган меморандум ишке ашпай турганына токтолду:

- Тилекке каршы, кыргыз өкмөтү чечкинсиз болуп жатат. Эми бул боюнча чечимди өкмөт гана эмес, президент, парламент, бүткүл коомчулук бир пикирге келип, кабыл алышы керек. Менимче, улутташтыруудан башка вариант жок. Анткени “Центерра” Кыргызстан талап кылган шартка өз макулдугу менен көнбөйт.

Жогорку Кеңеш күздө эс алуудан кайтып келсе, өкмөттөн “Центерра” менен Кумтөр боюнча жаңы макулдашуунун шарттарын талап кылмакчы. Эгерде мына ошол учурга чейин макулдашуунун долбоору иштелип чыкпай турган болсо Кумтөрдүн мындан аркы тагдыры кандайча чечилери азырынча белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG