Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Алиясбектин “ыңкылабы”


Өкмөт жыйынында министрлер чекишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Өкмөт жыйынында министрлер чекишти, 22-август.

Апрель ыңкылабынын баатыры, жаштар жана эмгек министри Алиясбек Алымкуловдун өкмөттүн жыйынындагы жүрүм-туруму коомчулукта талкууга алынууда.

Анда министр Алымкулов ички иштер министри Суранчиев аны тоготпой жатканын айтып, чуу чыгарган. Алымкулов жеке келишпестигин өкмөт жыйынына алып чыкканы мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбейт деген сын-пикирлер да үстөмдүк кылууда. Алиясбек Алымкулов аны каралоо өнөктүгү жүрүп жатканын айтып, бирок бул чырдын түпкү себебин айтуудан баш тартты.

“Өздүк” маселени кароого айланган өкмөт жыйыны

- Атаңдан калган кызмат бекен?.. Эмне менин аялым намаз окуса, мен намаз окусам, эмне биз арак ичип алыптырбызбы?.. Мен башымды өлүмгө сайып койгон кишимин, өлүп да көргөмүн.

Бул жаштар жана эмгек министри Алымкуловдун ички иштер министри Суранчиевге ачууланып жатканынан бир үзүм. Ага чейин Алиясбек Алымкулов өкмөттө күн тартиби боюнча каралып жаткан маселени үзгүлтүккө учуратып, ички иштер министри анын өтө маанилүү кайрылуусуна үч жумадан бери жооп бербей жатканына доомат кылган болчу.

Алиясбек Алымкуловдун сөзүнүн төркүнүнө караганда, ага карата тартип сакчылары тарабынан сыйлабастык мамиле болгон:

- Урматтуу генерал, сиз мага окшогон эле жөнөкөй, катардагы министр экениңизди унутпаңыз. Телефонду албай качып, орун басарларыңыз аркылуу сүйлөшөсүз. Анан мен тууралуу жалган маалыматтарды жайылтасыз. Бакиевдин бийлиги кулаардын алдында МАИ кызматкерлери бийликти элге жек көргөзгөн. Азыр да ошолор бийликти элге желмогуз көрсөтүп жатат. Мен эмне, мында турасыңар десем, “бизде ушундай көрсөтмө бар, биз тиякка чогултуп беришибиз керек” дейт. Мен ушул жагдай боюнча телефондон кайрылсам, министр Суранчиев менден качат. Эмне мен аны жеп койомбу? Ал эмнеге менден качат? МАИ кызматкерлери “биздин президент дагы, премьер дагы ички иштер министри” дейт. Эмне бул киши асмандан түшкөнбү? Өлгөн балдардын канын ойлогула десем, “алар менен биздин ишибиз жок” дейт.

Ыңкылапчы министр ызаат көрсөтүүнү талап кылабы?

Бирок жыйындан соң Алиясбек Алымкулов чатактын себеби боюнча журналисттерге маалымат берүүдөн баш тарткан. Алиясбек Алымкулов “Азаттыкка” ички иштер министри аны атайылап каралап жатканын айтып, бирок ал тууралуу кошумча комменттарий бергиси келген жок.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жол көзөмөлдөө кызматы 3-августта Лексус маркасындагы автоунааны эреже бузганы үчүн токтоткон. Анын ичинен чыккан министр Алымкулов жана анын жубайы инспекторлорго орой мамиле кылган. Кийин ички иштер министрине чалган Алымкулов бул окуяны териштирүүнү талап кылган. Бирок териштирүү Алымкулов каалагандай жыйынтык берген эмес.

Жогорку Кеңештин этика жана регламент комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева бул маселени мындайча мүнөздөдү:

- Министр болобу, депутат болобу мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамды жетекчиликке алууга тийишпиз. Биз пленардык жыйында болобу же өкмөттүн жыйынындабы мыйзамдын чен-өлчөмдөрүн сакташыбыз керек. Анан эми ошол жыйында ал мырзанын жеке мүнөздө чечип алууга тийиш болгон маселесин айтып, өзүн ынкылапчы министр катары абалынан пайдалангысы келгени туура эмес. Буга акыйкат жана калыс баа берүү зарыл.

Алиясбек Алымкулов 2010-жылдагы ыңкылаптын активдүү катышуучусу катары коомчулукка таанылган. Анткени ага 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурунда борбордук аянтка келатканда башынын эки жерине ок тийип, ооруканага түшүп, оор жарааттан аман калган. Кийин убактылуу өкмөт жаштардын муктаждыктарын чечүү үчүн атайын министрлик түзүп, ага Алиясбек Алымкуловду алып келген.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов министр Алымкулов кызматын жана ынкылаптын атын жеке маселесин чечүүдө пайдаланган деп сынга алды:

- Ыңкылапка акыркы күнү келип кошула калып, ага чейин жогорку кызматтарда иштеп келген адамдын үстүнөн ашып өтүп, милдет кылганы туура эмес. Эң негизгиси “ыңкылапты кылдык, биз силерди бийликке алып келдик” деп айтып жаткан адам алгач мына ошол ынкылаптан кандай натыйжа болду, мына ошол бийлик алмашууга алып келген бийликтин кемчиликтери оңдолдубу деген сыяктуу суроолорду койсо жакшы болмок.

Атайын министрликке атайын министрби?

2010-жылдан бери парламентте коалиция кулап, өкмөт ураган сайын Алиясбек Алымкулов улам жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында калып келет. Башында ал жаштар министри эле болсо, кийин ага эмгек менен миграция тармагы кошуп берилген. Ошондуктан ишинин жыйынтыгына карабастан кызмат ордун сактап келаткан Алымкуловго коомчулукта "ыңкылаптын эрке баласы" деген лакап ат ыйгарылган.

“Эркин эл” партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков муну менен мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетип жатат деп эсептейт:

- Жаштар министрлигинин алдына коюлган максаттарынын бири дагы аткарылган жок. Мына ошол министрлик түзүлгөндө эле анын кереги жоктугун жана ал бийликтин жаштарды алдоо аракети деп айтып чыкканбыз. Анан эми 7-апрелде ок тийген бир жигитти даңазалап, аны бийликке жөн эле отургузуп койду деген элек. Биз бүгүн мына ошонун жыйынтыгын көрүп отурабыз. Муну мен жөн эле жосун, жөн эле маданиятсыздык эмес, мамлекеттик бийлик институтунун беделине доо кетирүү деп билем.

Министр Алиясбек Алымкулов кырк төрт жашта. Ал кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Андан кийин бир топ жыл жеке ишкердик менен алектенген, кийин кыргыз-орус биргелешкен ишканасында расмий өкүл болуп жүрүп башкы директорлукка чейин жеткен. Андан соң 2008-жылдан 2010-жылга чейин “ЭлГаз” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган.

Алиясбек Алымкулов 2010-жылдын 19-майынан бери өкмөттүн мүчөсү. Ал жаштар министри катары жубайларды баш коштуруу демилгесинин автору катары да коомчулукка белгилүү. Ошондой эле жаш министрдин расмий өмүр баянында анын ыр жазаары, беш убак намаз окуп, жаман адаттардан алыс экени көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG