Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

ИМ "жихадчы казак балдар" тартылган тасма таратты


Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча бул тасма интернетке 22-ноябрда коюлган.
Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча бул тасма интернетке 22-ноябрда коюлган.

“Ислам мамлекети” радикал тобу өздөрүн казакстандыкпыз дешкен жашы жетелек балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы интернетке жарыялады.

Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча бул тасма интернетке 22-ноябрда коюлган. Андагы балдар казак тилинде сүйлөшөт. Тасмада ошондой эле алар Куранды жана араб тилин үйрөнүп жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк ошол эле балдар жашыл түстүү кийимде колдорунда курал менен аскердик машыгуудан өтүп жатканы тартылган. Тасмада балдар Калашников автоматын канчалык деңгээлде колдоно аларын көрсөтүшөт. Алардын бири Абдулла аттуу бала казакстандык экенин, чоңойгондо можахед болорун айтат. Дагы бир атын атагысы келбеген бала “Биз бул лагерде динсиздерди өлтүрүү үчүн машыгып жатабыз” дейт. Ошондой эле кадрлардын биринде оюнчук курал кармаган наристе бала да бар.

Тасмада балдар Калашников автоматын канчалык деңгээлде колдоно аларын көрсөтүшөт.
Тасмада балдар Калашников автоматын канчалык деңгээлде колдоно аларын көрсөтүшөт.

Тасма качан тартылганы белгисиз. Гезиттин маалыматы боюнча бул сюжет "Ислам мамлекети" радикал тобунун басма сөз борбору “Ал-Хаят” тарабынан даярдалган. “Азаттык” бул тасма боюнча казак бийлигинен комментарий алууга аракеттенүүдө.

Бир жыл мурун интернетте “Сириядагы 150 казакстандык жихадчы үй-бүлө” тууралуу тасма пайда болгон. Анын артынан казакстандыктардын Сирия, Иракта согушуп жаткан ар кандай радикал топторго катыштыгы тууралуу тасмалар чыга баштаган.

Өткөн аптада Казакстандын коопсуздук кызматы "Ислам мамлекети” экстремисттик тобунда 300 чамалуу казакстандык бар экенин жарыялаган болчу.

Сириядагы согушка кеткендердин агымы Кыргызстанда да тыйылбай келүүдө. Учурда Сирияга кеткендердин токсон пайызы Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундары. Анын ичинен ону Сирияда каза тапканы айтылууда. Жакында эле дагы үч кыргызстандык Сирия өкмөтүнүн туткуну болгонун Орусиянын телеканалдарынын бири жарыялап чыкты. Видеодо туткунда жаткандардын бири Шухрат Бабажанов Сирияга халифат орнотуу үчүн барганын баяндап берген:

- Биздин максат - бардык жерде шарият мыйзамын орнотуу. Орусияда да, Кыргызстанда да. Сирияда согуш бүткөндөн кийин бардыгыбыз өз өлкөбүзгө барып, халифат орнотобуз. Алар мени ашпозчу кылып дайындашкан. Анткени биздин өлкөдө тамакты даамдуу жасашат. Мен сыртка чыккан учурда гана автомат беришет.

"Ислам мамлекети" радикал тобу туткундарды алып баратышат.
"Ислам мамлекети" радикал тобу туткундарды алып баратышат.

Мындан эки жума мурда Оштун Кара-Суу районунун Нариман айылынын 93 жаштагы тургуну Пазилатхан Тешаева уулу үй-бүлөсүн алып Сирияга кеткенин айтып, аларды кайтарууну күч кызматкерлеринен суранган эле.

Учурда Сирия өкмөтүнүн туткунунда жаткан Шухрат Бабажановдун агасы үйдө анын үч баласы калганын билдирүүдө. Шухрат Бабажановдун агасынын айтымында, теледен кеткен видео аларга психологиялык жактан сокку урган.

- Жакында теледен көрдүк, колго түшүп калыптыр. Инимдин үч баласы бар. Баары жаш. Өзүнүн да абалы өтө оор экенин көрдүк, ошондон бери көзүбүздөн жаш кетпей жатат. Атам аны көрүп күн сайын ыйлайт. Эч ким мындай ишке барбасын.

Адистердин айтымында, Сирияга кетип жаткан жаштардын диний түшүнүгү тайкы. Сырттан келген экстремисттик агымдардын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө жарамдуу дин таануучулардын аздыгы жаштардын башка агымдарга ооп кетишине себеп болууда.

УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. Алардын 90% өзбек, 6% уйгур, 3% кыргыз. Сирияга кеткендердин 90% 25-29 жаш курактагылар болсо, алардын 23ү аял кишилер. Сириядагы согуштук аракеттерге агылган жаштар түрдүү маалымат каражаттары аркылуу шарият мыйзамын орнотуу үчүн биринчи кезекте Орто Азияга согуш ачарын ачык айтышууда.

XS
SM
MD
LG