Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Чек ара бекеттеринин Бажы биримдигине даярдыгы


Кыргызстандын он үч чек ара - бажы бекети Евразиялык экономикалык союздун тышкы чек арасы катары макулдашылды.
Кыргызстандын он үч чек ара - бажы бекети Евразиялык экономикалык союздун тышкы чек арасы катары макулдашылды.

Кыргызстандын Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен бажы бекеттери Евразиялык экономикалык союздун талабына жараша бекемделет.

Учурда техникалык жактан жабдыла турган Бажы биримдигинин тышкы чек арасы катары саналган бекеттердин тизмеси аныкталды. Орусиядан бөлүнгөн каражат келери менен тиешелүү бажы өткөрмөлөрү кошумча заманбап жабдуулар менен камсыздала турган болду. Ошол эле кезде бажы көзөмөлүнүн тартиби жана эл керектөөчү товарлардан бажы төлөмдөрүн алуунун шарттары азырынча жарыялана элек.

Кыргызстандын он үч чек ара - бажы бекети Евразиялык экономикалык союздун тышкы чек арасы катары макулдашылды. Автоунаа жолдорундагы “Эркечтам”, “Торугарт”, “Достук” жана “Кызыл-Кыя”, “Кызыл-Бел”, “Карамык” жана “Кайрагач” жети бажы бекети киргизилди. Темир жолдордогу жана аба майданындагы алты бажы өткөрмөсү менен жалпы бажы бекеттеринин саны он үчтү түздү. Кыргызстан бажы биримдигине кирген соң бул бажы өткөрмөлөрү Евразиялык экономикалык союздун тышкы чек арасы катары эсептелет. Бажы кызматынын Бажы бирлигинин иштери боюнча сектор башчысы Акылбек Бөрүбаев аталган бажы бекеттери заманбап техникалык жабдууга даярдалып жатканына токтолду:

- Азыркы учурда Евразиялык экономикалык комиссиянын талабына ылайык, бажы өткөрмө бекеттерин техникалык жабдуунун шарттары бекитилген. Ошого байланыштуу бажы бекеттери көзөмөлдөп-текшерүүчү техникалык жабдуулар жана порталдык мониторлор, рентген-сканерлер менен камсыздалат. Ошондой эле бирдиктүү маалымат базасы аркылуу товарлардын агымын көзөмөлдөө иштери жөнгө салынат. Мунун бардыгы мына ошол атайын коюлган талаптарга ылайык жүрөт.

Бажы бекеттери бекемделет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Кыргызстандын өкмөтү 23-декабрда Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимге кол коёт. Бирок мына ошол убакытка чейин аныкталган бажы бекеттери техникалык жактан жабдыла элек. Анткени Орусиядан Кыргызстандын бажы инфраструктурасын чыңдоого каралган каражат ушул күнгө чейин келип түшө элек. Орусия буга чейин өлкөнүн бажы бекеттерин жабдууга, чек ара коопсуздугун бекемдөөгө жана лабораторияларды курууга 250 миллион доллар берүүнү убада кылган.

Сырткы көзөмөлчүлөрдүн шыбыры

Коомчулукта мына ошол жардам менен кошо бажы өткөрмөлөрү ал жактан келген атайын тескөөчүлөр тарабынан көзөмөлдөнөт экен деген каңшаар тараган. Бажы кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы Касым Алышбаев мындай имиштерди жокко чыгарды:

- Бажы бирлигине кирген ар бир өлкөнүн бажы кызматы өзүнүн аймагындагы бажы өткөрмөлөрүн гана көзөмөлгө ала алат. Мына ошол жобого ылайык, биз аталган биримдикке киргенден кийин деле бажы өткөрмөлөрү Кыргызстандын бажы кызматы тарабынан гана көзөмөлдөнүп турат. Сырттан келип бирөөлөр бажы өткөрмөлөрүн туруктуу шартта кайтарып турат экен деген сөз жалган. Андай болушу мүмкүн эмес.

Башкача бажы көзөмөлү...

Анткен менен азыркы күнгө чейин үчүнчү өлкөлөрдөн кирчү товарларды бажы көзөмөлүнөн өткөрүүнүн тартиби аныктала элек. Анткени буга чейин Кыргызстандын Бажы кызматы эл керектөөчү товарлардан салмагына жараша гана бажы төлөмүн алчу. Бажы биримдигинин талабы боюнча эми товарлар дааналап эсептелип, ошого жараша бажы төлөмү коюла баштайт. "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы" коомдук кыймылынын теңтөрагасы Марат Мүсүралиев бул жагдай боюнча мына буларга токтолду:

Марат Мүсүралиев.
Марат Мүсүралиев.

- Бажы биримдигинин биринчи тапшырмасы катары Кытайдан кирчү товарлардын агымы катуу көзөмөлгө алынат. Буга чейин Кыргызстан тараптан бажы көзөмөлү либералдуу шартта болуп келген. Ошого байланыштуу товарлардын көп түрлөрүнө салмагына жана көлөмүнө жараша гана бажы төлөмү чегерилчү. Эми мына ошол тартип катуулап, бажы көзөмөлүнөн товарларды дааналап өткөрүү талабы коюла турган болуп жатат. Мына ошого байланыштуу товарлардын баасы көтөрүлөт. Буга кошумча товарларга жогорулатылган бажы тарифи киргизилет.

Кыргызстандын Бажы кызматы бажы бекеттерин техникалык жабдууну ички жана тышкы ресурстардын эсебинен жүргүзмөкчү. Кыргызстандын Казакстан менен болгон бажы өткөрмөлөрүндөгү тиешелүү техникалык жабдуулар Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен бажы бекеттерине көчүрүлө турганы белгилүү болду. Кыргызстан Беларус, Орусия жана Казакстан түзгөн Бажы биримдигине кошулганы турат. Ошону менен бирге аталган мамлекеттерден турган Бажы биримдигинен кийинки баскычтагы уюм-Евразиялык экономикалык союзга кошулууга кадам таштады.

XS
SM
MD
LG