Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Иликтөөнүн изи менен түзүлгөн комиссия


Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн жумушчу комиссия баллы жетпеген абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуунун мыйзамдуулугун текшерүүгө киришти.

Буга “Азаттыктын” “Кадрдык империянын караңгы жолдору” деген атайын иликтөөсү негиз болгон. Аталган иликтөөдө Билим берүү министрлигинин гранттык комиссиясынын чечими жана мурдагы министр Канатбек Садыковдун буйругу менен баллы жетпеген абитуриенттерди Медициналык академияга мыйзамсыз кабыл алууга байланышкан чуулгандуу жагдайлар жарыяланган болчу.

Жумушчу комиссия алгачкы жыйынында өзүнүн иш тартибин аныктап, иликтөөнүн багыттарын тактады.

Министр айымдын жаңычыл кадамы

Билим берүү министри Эльвира Сариева жалпы республикалык тестирлөөдө баллы жетпеген абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык, Билим берүү министрлигинин алдында 12 адамдан турган жумушчу комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамын аталган министрлик менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери, жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түзөт. Жумушчу комиссиянын алгачкы жыйынында анын иш тартиби жана иликтөө ишинин багыттары аныкталды.

Жумушчу комиссиянын төрайымынын орун басары Алмазбек Акматалиев бул маселедеги көмүскө фактыларды иликтеп чыгуунун маанисине токтолду:

- Бул өтө маанилүү иш. Кайсы окуу жайлары текшерилет, комиссиянын кайсы мүчөлөрү кандай жогорку окуу жайын текшерүүгө барат деген маселелер чечилди. Ошол улуттук тестирлөөнү өткөргөн мекеме бар. Ошол жактан биздин комиссиянын мүчөлөрүнө кеңири түшүнүк берип, республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окууга кабыл алуунун шарттары менен таанышабыз. Ошондон кийин гана тиешелүү документтердин негизинде иликтөө ишине киришебиз.

Көмүскөдө калган фактылар

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2011-жылдын 26-августтагы буйругу менен республикалык тестирлөөдө белгиленген чектен төмөнкү балл алган 38 абитуриентти Медициналык академиянын ар кайсы адистиктерине окууга кабыл алуу боюнча буйрук чыгарган.

Экс-министр Канат Садыков
Экс-министр Канат Садыков

Бул буйрукка Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн гранттык комиссиянын чечими негиз болгон. Ошол эле учурда билим берүү министринин 2011-жылдын 26-августундагы экинчи бир буйругу менен жогорудагы 38 абитуриенттин ичинен айрымдары бюджеттик орундарга которулган. Бул боюнча “Азаттыктын” атайын иликтөөсүндө белгилүү болгон.

Медициналык академиянын мурдагы профессору, медицина илимдеринин доктору Зиябиддин Айдаров мында жогорку окуу жайына кабыл алуунун шарттары одоно бузулганын белгилеген болчу:

- Ошол кезде министр Канат Садыков маалымат жыйынында белгиленген баллдан төмөн алган абитуриенттер бюджеттик, контракттык бөлүмдөрдүн сынактарына катышууга эч кандай жылчык жок деп айткан. Бирок мына ушуга окшогон аракеттер болуп турган. Ал ар кандай шылтоону негиз кармап, эң төмөнкү балл алган же тестирлөөгө эч качан катышпагандарды деле гранттык комиссиянын чечими менен окууга кабыл алган. Мен бул маселени көтөрүп, “жобонун шарттарын буздуңар, 40-47 балл алгандарды деле окууга алып жатасыңар” дегем. Анан эле алар он беш күндөй окугандан кийин ошолордун арасынан жыйырмасы кайра Медициналык академиянын башка адистиктерине бюджеттик бөлүмдөргө которулган. Кыргызстан боюнча стоматология адистигине бюджеттик орундар каралган эмес. Бирок башында контракттык бөлүмгө кабыл алынгандардын үчөө азыр бюджеттик негизде стоматология факультетинде окуп жатат. Бул боюнча Башкы прокуратурага арыз жазгам. Ал жактан мага чын эле мына ошондой фактылар тастыкталып, тергөө жүрүп жатканын айтышкан болчу. Бирок ал иш негедир токтоп турат.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бири
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бири

Бул чуулгандуу ишти иликтей баштаган комиссиянын жыйынында жогорку окуу жайларына кабыл алууну жөнгө салган укуктук-ченемдер жана андагы мыйзамсыздыктарга шарт түзгөн жылчыктарды изилдөө жагы каралды. Анткени Билим берүү министрлигине караштуу гранттык комиссия абитуриенттердин социалдык абалы боюнча жагдайларды караган жобону жетекчиликке алып чечим чыгарган.

Анткен менен жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Сейит Жаанбаев иликтөөнүн багыты боюнча мындай пикирин айтты:

- Бул иш тартибин кароодо көңүл бура турган нерсени айтайын. Биз жогорку окуу жайларына кабыл алууну объективдүү кылуу үчүн эмнелерди сунуш кыла алабыз - ошол жагын ойлонуш керек. Биз иликтөө учурунда чыккан фактыларды гана беребиз, анан ал боюнча Билим берүү министрлиги өзү чечим кабыл алат. Мына ошондуктан комиссия мүчөлөрү алдын-ала жыйынтык чыгарып, маалымат каражаттарына кандайдыр бир билдирүү жасагандан этият болсок. Коомчулукту дүрбөлөңгө салуунун кереги жок. Биз укуктук жагын карап берсек реалдуу жардам болот да.

“Чубактын чуусундай” чубалган жагдайлар

Жумушчу комиссия Медициналык академия менен кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетине баллы жетпеген абитуриенттерди кабыл алуунун мыйзамдуулугуна өзгөчө басым жасамакчы. Анткени парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге 2013-жылы 24 абитуриентти окууга өткөрүү өтүнүчү боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле кезде Жылдызкан Жолдошева менен Дамира Ниязалиева баштаган алты депутаттын 2012-жылы 25 абитуриентти Медакадемияга окууга өткөрүү иштери иликтенген эмес. Аталган депутаттар кайрылуу каты сунуш иретинде болгонун айтып, чечимди министрлик менен жогорку окуу жайлары кабыл алган деген жүйөнү карманышууда. Бул иштерди иликтөө боюнча жумушчу комиссиянын иши 15-февралда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG