Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Эл бийликке ишене баштадыбы?


Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун билдирүүсү боюнча калктын өкмөткө ишеничи өткөн жылы беш эсеге өстү. Маалыматка караганда, ал атайын жүргүзүлгөн сурамжылоодо аныкталган. Калк ичинде бийликтин кадырын сурамжылоо 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келатканы маалымдалды.

Калк ичинде бийликтин кадырын билип туруу чечими 2010-жылдан кийин кабыл алынып, андан кийин аны ишке ашыруунун жол-жоболору жана методикасы иштелип чыккан.

Ишеним көрсөткүчү 100 пункттан турат. Улуттук статистикалык комитет үч ай сайын сурамжылоо жүргүзүп турат. Анда республиканын бардык аймагынан 3.6 миңден ашуун киши суралат.

2014-жылдагы сурамжылоодо өкмөткө ишеним беш эсеге өсүп, 14.7 пунктту көрсөткөн. 2013-жылы ишеним көрсөткүчү 2.9 пунктту түзгөн. 2012-жылы болсо ишеним такыр жоголуп, -5.5 пункт болгон.

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун жетекчиси Талант Султановдун айтымында, 2014-жылы өкмөткө ишенимдин көбөйүүсүнө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айрым демилгелери себеп болду:​

Талант Султанов
Талант Султанов

- Биздин оюбузча ишеним көрсөткүчүнүн өсүшүнө, Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчылыкка дайындалышы менен мамлекеттик органдардын эл менен сөзсүз байланышта болуусун тапшыруусу, ар бир мамлекеттик органдын өзүнүн бир жылдык планы болуп, ошону менен отчет берүүсүн тапшыруусу себеп болгондой. Ошондой эле ар бир министрди коомчулук менен жакындаткан “Министр байланышта” деп аталган акция иштелип чыкты. Маалымат каражаттарынын жардамы менен мамлекеттик органдардын эмне менен алек болуп жатканы тууралуу эл көбүрөөк кабар алып, түшүнө баштады.

2012-жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчтөр же терс көрсөткүч 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин башаламандыкка байланыштуу экенин Талант Султанов кошумчалады.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун директору Талант Султановдун маалыматына таянсак, Жоомарт Оторбаев өкмөткө келгени калк ичинде ишеним беш эсеге өсүп, 15 пунктка жакындаган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү учурунда мамлекеттик органдарга ишеним үч пунктка да жеткен эмес. 2012-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөттү жетектеп турганда ишеним такыр болгон эмес.

Кыргызстан социологдор бирикмесинин төрагасы Кусейин Исаев Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун изилдөө ыкмалары менен тааныш эместигин айтып, бирок анын маалыматтары ишеним туудурбасын белгиледи:

- Айтыш кыйын. Адамды өлтүрүп туруп, кайра тирилтпесе... Кантип ошондой болуп кетсин?

“Эр айдоочу” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Качкын Булатов өкмөткө, бийликке ишеним өстү дегенге кошула албайт:

- Биздин өкмөткө ким ишенет? Эч ким ишенбейт. Бардык жерде башаламандык, уурулук болуп жатса ким ишенет? Эч ким ишенбейт. Ал эми жөн эле статистиканы айтып жаткандар сатылган мекеме же бийликти колдогон мекеме.

Атын атагысы келбеген социолог 3.6 миң кишини сурамжылоодон чыккан тыянак реалдуулукка жакын болот деп эсептейт.

Ош базары
Ош базары

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун иликтөөсү бийликке ишенимдин беш эсеге өскөнүн көрсөткөн менен ишеним өтө төмөн бойдон экенин көрсөтүп турат. Анткени 100 шкалалык көрсөткүчтө 14.7 пункт гана ишеним көрсөтүлгөн. Бул пайыз менен алганда калктын 15% жакынынын гана бийликке ишеними бар дегенди билдирет. Салыштырмалуу Орусия жана башка өлкөлөрдө ишеним абдан жогору экенин ар кандай сурамжылоолор көрсөтүп келет.

Кыргыз оппозициясы бийликке ишеним аз экендигин такай белгилеп келет. 12-февралда оппозициялык “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн оппозицияга тапшырууну талап кылды. Анын пикиринде, өкмөт кыйынчылыктардан төө куш сымал башын кумга катып жашынууда. Кумтөр, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекция жана башка чуулгандуу иштер аягына чыгарылган жок.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG