Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Башкы прокурордун үч орун басары кызматынан алынып, бир катар башкармалыктар менен бөлүмдөрдүн башчылары кызматынан кетти.

Башкы көзөмөл органындагы мындай кадрдык жүрүштөргө жаңы баш прокурор Индира Жолдубаева расмий түшүндүрмө бере элек. Бирок мурдагы баш прокурор Салянованын санаалаштары мунун саясий себептерин чечмелеп, буга чейин ачылган чуулгандуу иштерге таасир этүүчү кадам катары мүнөздөшүүдө.

Бошотулган орундар

Мамлекет башчысы Атамбаевдин жарлыгына ылайык, “чү” дегенде эле баш прокурордун төрт орун басарынын үчөө кызматынан бошотулду. Биринчи орун басар Темирбек Бекмамат уулу, аскер прокурору Марат Эшперов жана тергөө боюнча үчүнчү орун басар Уланбек Халдаров кызматтан алынды. Баш прокурордун орун басарларынан жалгыз Людмила Усманова ордун сактап калды. Мындан сырткары башкы көзөмөл органдын бир катар башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн башчылары кызматтан кеткен. Алардын көпчүлүгү кезинде Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков сыяктуу үлкөн саясатчыларга козголгон чуулгандуу иштерди алып барышкан. Мурдагы баш прокурор Салянованын саясий санаалашы Расул Умбеталиев соңку кадрдык өзгөртүүлөрдү төмөндөгүчө мүнөздөдү:

- Учурунда президент бул командага карата коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш жүргүздү деген баасын берген. Эми тилекке каршы, мына ошол чуулгандуу иштерди алып барган прокурорлордун көпчүлүгүн кызматтарынан алып жатышат. Бул дагы бир максатты көздөгөн саясий чечим. Анткени ал прокурорлорго учурунда Салянованын жетекчилиги менен иштеген деген жазылбаган бир жагдай турат. Анан эми ал учурда өтө орчундуу иштер козголгон. Аларды эмне үчүн кызматтарынан алып жатат? Мына ошол чуулгандуу иштерди кайра башкача жол менен тергеп, аягында башкача чечим болуп калышы мүмкүн.

Кымырылган кылмыш иштери

Башкы көзөмөл органындагы кадрдык жүрүштөрдүн расмий себеби азырынча айтыла элек. Бирок Башкы прокуратурадагы кызматтан кеткен башкармалыктардын башчылары кайсы бир кылмыш иштерин негизсиз жапкан же убактылуу токтоткон учурлар бар экени мурун эле аныкталган. Бул жагдайлар туурасында жарандык көзөмөл менен алектенген айрым коомдук уюмдар мезгилдүү басма сөзгө кайрылуу жасаган. АКОС коомдук уюмунун жетекчи орун басары Камил Умаров кызматтан кеткен прокурорлор көптөгөн коррупциялык иштерге көз жуумп келгенин мындайча мисал келтирди:

- Коррупциялык иштерди тергеп, ачабыз деген негизде, бирок ага кайра от бүркүп, күчөткөндөр мына ушулар болду. Мына ошол жетекчилердин көмөгү менен кезинде өтө чуулгандуу делген Медакадемиядагы, Агрардык академиядагы жана жер сатууларга байланышкан коррупциялык иштер жабылган. Бул боюнча биздин аларга жазган кайрылуулар көбүнчө жоопсуз калып жатты. Башында ишти жакшы эле тергеп келишип, аягында жыйынтык жок болуп жатты. Менимче мына ошол жерде чоң акча роль ойноп турду окшойт. Бекмамат уулу, Халдаров башында турган Бектурганов, Абдыкалыков, Сейиткожоев, Акматов деген сыяктуу прокурорлор айныксыз далилдер турса дагы ага көз жуумп, ага эч кандай реакция жасабай койгон учурлар болду. Алар мыйзамдуулукту сактоонун ордуна, кайра өздөрү бузуп жатты. Буга бизде толтура далилдер жана аргументтер бар. Даттанып баргандарды чымынчалык көрбөй, арыздарды кароосуз калтырган же эки ортодо ары-бери чуркаткан учурлар биздин көкөйүбүзгө көк таштай тийди. Эми кызматка келе турган прокурорлор мына ошолордой болбошу керек.

Кош стандарттардын үстөмдүгү

Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын командасына кирген Темирбек Бекмамат уулу, Уланбек Халдаров, Марат Эшперов, Жаныбек Салиев, Малик Бектурганов жана Кубан Молдоев сыяктуу прокурорлор өткөн үч жылда эмнеси менен айырмаланды? Кээ бир үлкөн саясатчыларга козголгон айрым кылмыш иштерин эске албаганда, коррупцияга каршы системалуу күрөш болдубу деген суроого жооп табыла элек. Токмок шаарынын мурдагы прокурору Марс Кыдыкбаев бул команда кош стандарттар менен иш алып барган учурларга токтолду:

- Коррупцияга каршы күрөш кош стандарттардын негизинде жүрдү. Мындагы мыйзамдын бардык жарандарга бирдейлиги боюнча принциптер одоно бузулду. Соңку мезгилде кээ бир чуулгандуу кылмыш иштери ачылып, бирок керек эмес кезде жабылган учурлар кадимки өнөкөткө айланган болчу. Мисалы, Улуттук гаврдиянын жерин сатып жиберүү фактысы боюнча кылмыш иши эмнеге ушуга чейин токтоп турат? Эсептөө палатасы аныктап бергенине карабастан Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы ири өлчөмдөгү кымтып алуулар боюнча кылмыш иштеринен эмнеге жыйынтык жок? Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Мирбек Асанакуновго козголгон кылмыш иши эмне болгону белгисиз. Бирөөлөргө кылмыш ишин ачып, экинчилерин калкалаган мына ушундай өнөкөттөн улам коомчулукта нааразылык чыгууда.

Медакадемияга упайы жетпеген абитуриенттерди мыйзамсыз окууга кабыл алган фактылар боюнча Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгы 2012-жылы иш козгоп, бирок далилдер турганына карабастан кийин ишти кыскартып салган. Ошол эле кезде парламенттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча комитетинин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиевге упайы жетпеген 24 баланын тизмесин жөнөткөнү үчүн мына ушундай эле кылмыш эпизоду боюнча иш козголгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG