Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Атамбаевдин Европа сапары: үмүт жана күмөн


Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушуусу. 27-март, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолугушуусу. 27-март, 2015-жыл

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бул күндөрү Европа мамлекеттеринде иш сапар менен жүрөт. Сапар учурунда Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин жетекчилери менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөрдү.

Европа сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев адегенде 23-мартта Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Андан кийин Франция президенти Франсуа Олланд менен жолугушту.

1-апрелде аяктай турган сапарынын акыркы күндөрү Кыргызстан президенти Германиянын президенти Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркел менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзөт. Бул кыргыз президентинин Европа сапарындагы акыркы жолугушууларынын бири болуп калмакчы.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаев сапарында Кыргызстан менен Европа биримдигинин, ошондой эле Биримдикке кирген мамлекеттер менен Кыргызстандын өз ара кызматташуусуна байланыштуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Андан сырткары, регионалдык маселелер, тагыраак айтканда Украина чатагында Европа биримдиги менен Орусиянын позицияларын жакындаштыруу аракети да жасалды.

Президент Атамбаев Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушууда Орусия менен Европа биримдигинин Украина жана Молдова боюнча позицияларын жакындатууга жетишкенин билдирди.

Мартин Шульц өз кезегинде жолугушуу Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусун андан да өнүктүрөрүн, бул сүйлөшүүлөрдү быйылкы жылдын экинчи жарымында Кыргызстанга сапарында улантуу ниетин билдирген.

Кыргызстан президенти менен жолугушууда Европа лидерлери өлкөдө парламенттик системаны бекемдөө, күзгү парламенттик шайлоону өткөрүүгө кол кабыш кылуу ниетин билдирген. Маселен, Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип менен жолугушууда шайлоодо жаңы технологияларды колдонуу жана маалыматтарды коопсуз сактоо боюнча пикир алмашкан. Европа комиссиясы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эксперттердин тобун Кыргызстанга жиберүүнү чечкен.

Алмазбек Атамбаев менен Франция президенти Франсуа Олланд Парижде

Президент Алмазбек Атамбаев Европага сапарында геосаясий маселелерди чечип жиберишине күмөндөр күчтүү. Андай иштерди Бишкекке караганда салмагы алда канча жогору Астана да аткара албай калганы маалым. Бул эми Украина чатагын жөнгөрүү боюнча.

Бирок да Атамбаевдин Европа сапары Кыргызстан тышкы саясатында бир гана Орусияга байланып калды деген пикирлерди кайсы бир деңгээлде өзгөртүүгө салымын кошо алды окшойт.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн сынга алып келген ишкер, саясатчы Эмил Үмөталиев президенттин Европа сапары Бишкектин көп вектордуу тышкы саясаттын сакталышына үмүт жаратты дейт:

- Таза эле бурулуп кеттик деген сөздөрүбүздөн кайтып, эми жаңы үмүткө ээ боло баштайбыз. Аны эми дагы өнүктүрүп, улантыш керек. Балансты сакташ керек. Башталышы жакшы деп, үмүт үзбөй калдык.

Эмил Үмөталиевдин айтымында, Европа менен тыгыз байланышты сактоо кыргызстандык ишкерлердин Европадан жаңы технология, жаңы ыкмалардын алып келишине шарт түзөт. Европадан менчик инвестициянын келиши да мүмкүн.

Албетте, президенттин сапары көп вектордуу тышкы саясатты кайрадан калыбына келтирет дегенге күмөн санагандар да бар. Саясатчы жана коомдук ишмер Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаевдин Европада этникалык мамилелер, Украина жана Молдова боюнча акыл үйрөтүүсү тескери реакция берет деп эсептейт. Байсалов ошондой эле Европада Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөбөгөн, Орусиянын, анын президенти Владимир Путиндин саясаты туура деген мамлекет катары пикир жаратты дейт.

Байсаловдун пикиринде, Европадан инвестициянын келиши да күмөндүү:

- Бизде азыр Кыргызстанда тилекке каршы, тыштан келчү инвестиция эмес, ички инвестицияга жакшы шарт түзүлгөн эмес. Башка эмнесин айтабыз. Ошол эле Жерүйдү карап көрсөңүз. Жерүйгө “Кыргызалтындан” башка Орусиянын эки фирмасы арыз берди. Жерүй деген биздин Кумтөрдөн кийинки эң негизги улуттук байлыгыбыз. Эмне себептен Батыштын, Австралиянын, Япониянын, Кытайдын фирмаларынан бир да арыз түшкөн жок. Анткени ишенич жок.

Эдил Байсалов ошондой эле Европа сынга алган “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү” жана башка мыйзамдардын кабыл алынып жатышы Европа убада кылган гранттардын келишин да күмөнгө саларын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG