Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Апта: Сариевдин кел-кели, энергетиканын кет-кети...


Жоомарт Оторбаев, Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев

Жоомарт Оторбаев, Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев

Узап бараткан жумада Кыргызстанда жаңы өкмөт башчы шайланды. Конституциялык реформа фракциялардын биргелешкен жыйынында талкууланды. Энергетика тармагы оор кризисте экени айтылды.

Темир Сариев өкмөт башына келди

30-апрелде Жогорку Кеңеш Темир Сариевди өкмөт башчылыкка шайлады. Темир Сариев өкмөткө жат киши эмес. Ал 2010-жылдан бери Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасир эткен эң маанилүү министрликтерди жетектеп келатат. Маселен, апрель ыңкылабынан кийин ал Финансы министрлигин жетектесе, дээрлик төрт жылдан бери Экономика министрлигин башкарып келатат. Тилекке каршы, бул мезгилдин ичинде мамлекеттин экономикасы оңолуп, финансысы ирденип кеткен жок. Бул азыркы мезгилдин фактысы жана чындыгы.

Темир Сариев азыркы кезде актуалдуу болуп жаткан Кумтөр маселеси менен да тааныш. Жогорку Кенештин депутаты Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия 2012-жылы Кумтөрдөгү бардык финансылык, экологиялык апааттардын бетин ачкандан кийин, бийлик да Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия түзүүгө аргасыз болгон. Ал комиссияны экономика министри Темир Сариев жетектеген.

Жоомарт Оторбаев жаңы премьер-министрге өкмөттүн ишин өткөрүп берүүдө. 30-апрель, 2015-жыл

Жоомарт Оторбаев жаңы премьер-министрге өкмөттүн ишин өткөрүп берүүдө. 30-апрель, 2015-жыл

Бирок оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын Кумтөр боюнча сунуш, корутундулары аткарылбагандай эле, Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссиянын сунуштары да аткарылган жок. Эми өкмөт башчы катары Темир Сариев Кумтөр маселесин чечерин айтып жатат:

- Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши жаңы өкмөт үчүн фундаменталдуу жана тарыхый милдеттердин бири болмокчу. ЕАЭБга кирүү бир катар кесепеттерге алып келери анык. Өкмөт бул боюнча буга чейин ачык айтып келген. Өкмөттүн жаңы курамы бир катар эл аралык инвестициялык, анын ичинде Кумтөр боюнча талаш-тартышты чечиши керек экенин белгилей кетүү зарыл. Бул маселени саясий кызыкчылыктар чөйрөсүнөн экономикалык кызыкчылыктарга которушубуз зарыл.

Андан сырткары, Темир Сариев күзгү парламенттик шайлоону өткөрүүнү маанилүү маселе катары атады. Шайлоодо бейтарап калыш үчүн Сариев “Ак шумкар” партиясы менен шайлоого барбоого убада берген.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү административдик ресурс кайсы бир саясий топко иштеп кетпеш үчүн Роза Отунбаеваны президенттикке түртүп, бирок “парламенттик шайлоого катышпайсың” деген талапты койгон эле. Бул ирет да ошондой көрүнүш кайталанат деген үмүт “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын лидерлеринин көңүлүн уялап, алар Сариевди өкмөт башчылыкка көтөрүп, анын ордуна шайлоого катышпайсың деген талапты коюшту.

Бирок Темир Сариев менен Алмазбек Атамбаевдин ой-максаты башкача болушу мүмкүн. Анткени саясаттын логикасына ылайык, алар биринчиден, КСДПнын кандай жол менен болбосун күзгү шайлоодо жеңишке жеткирип, андан кийин “мураскер операциясын” аткарууга киришүүсү күтүлөт. Бул үчүн Темир Сариев өкмөт башчылык “арабаны” дурустап тартып, КСДП шайлоодо жеңишке жетишиш керек. Мындай шартта Сариев шайлоодон кийин өкмөттү жетектеп кала берет. Ал эми президенттик шайлоо жакындаганда Путин-Медведев сыяктуу Атамбаевдин өкмөт башчылыкка, Сариевдин президенттикке барышы күтүлөт.

Темир Сариевдин Ошко көңүл буруу, жыйындарды Ошто көбүрөөк өткөрүү сыяктуу биринчи билдирүүлөрү анын дал ушундай максаттарынан кабар берет. Мындай рокировкага Орусия да каршы болбойт. Анткени Атамбаев да, Сариев да абдан эле орусиячыл саясатчылар.

Темир Сариевдин өкмөт башына келиши менен КСДП дээрлик толугу менен өкмөттү ээлеп алды дегенге болот. Анткени өкмөттүн 22 мүчөсүнүн ичинен “Ата Мекенден” социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев гана, “Ар-намыстан” эки вице-премьер-министр жана бир министр калды. Калган министрлик жана борбордук органдарды президент жана анын партиясы ээлеп турат.

Кезектеги конституциялык реформа башталды

Жогорку Кеңеште кезектеги Конституциялык реформа башталды. Парламенттеги бардык фракциялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 28-апрелде Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоор талкууланды. Долбоор эми комитеттерде каралып, андан кийин пленардык жыйынга коюлат. Андан кийин күзүндө парламенттик шайлоо менен бирге Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча референдум өткөрүү пландалууда.

Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүү жана кошумчалардын маани-мазмунуна келе турган болсок, алар негизинен президент, өкмөт башчы жана фракция лидерлеринин бийлигин бекемдөөгө багытталган.

Башкаруучу коалициянын лидери, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордун демилгечилердин бири Феликс Кулов бул бийлик вертикалын бекемдөө максатында болуп жатканын айтты:

Феликс Кулов

Феликс Кулов

- Парламентаризмдин шартында аткаруу бийлиги баштан-аяк натыйжалуу болушу маанилүү. Азыркы Конституцияда жазылбай калган нерселер кирүүдө. Мисалы, жаңы долбоордо өкмөт башчы өкмөт мүчөсүн, жергиликтүү бийлик башчысын кызматтан бошото алат. Ошол эле жергиликтүү кеңеш жергиликтүү бийлик башчысына ишеним көрсөтпөй кое алат. Бул өз кезегинде премьер-министрдин жергиликтүү кеңештерди угуп турушуна алып келет.

Конституцияга өзгөртүү киргизилсе Жогорку Соттун төрагасы жана орун басарлары президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайлана турган болот. Азыркы кезде бийликтин кээ бир чечимдерин туура эмес дегенге батынган Конституциялык палата кеңеш берүүчү органга айланат.

Андан сырткары, Коргоо кеңеши кайрадан Коопсуздук кеңеши болуп түзүлөт. Бул дагы президенттин бийлигинин кеңейишине алып келет.

Премьер-министрге болсо жергиликтүү бийлик башчыларын жана өкмөт мүчөлөрүн кызматтан бошотуу укугун берүү аракети жасалууда. Ал эми фракция лидерлеринин ыйгарым укуктары түз кеңейтилбесе да, кыйыр түрдө алардын бийлиги бекемделет. Анткени депутатты фракциядан чыгаруу укугун саясий партияга берүү каралууда. Фракциядан чыгарылган депутат мандатынан да ажырайт. Анткени Конституциянын талабы боюнча депутат фракцияда гана боло алат. Бул депутаттардын партия лидеринин көзүн кароосуна алып келет деген чочулоо парламентте күчтүү.

Ошондуктан Жогорку Кеңеште Конституцияга мына ушундай өзгөртүү жана кошумча киргизүү бир топ каршылыктарды жаратууда. Маселен, айрым депутаттар биринчиден, Конституциянын 114-беренесинин талабына ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү 2020-жылдан кийин гана мүмкүн болорун эскертсе, башкалар демократияга коркунуч келтирген жагдайлар бар деп сынга алууда.

Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Соттун жетекчилигин дайындоону президент менен парламентке берүү терс натыйжа берет дейт:

- Эми бул тескери кетип жатат. Эртеңки күндө сот бийлиги туура эмес иштеп, коррупциялык схемадан чыгалбай калса, ошол эле президент жаманатты болот, ошол эле парламент жаманатты болот. Анткени соттун төрагасын айландырып келип, президент менен парламентке байлап коюп атабыз. Мен буга таптакыр каршымын.

Мындай каршылыктар Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жеңил болбосунан кабар берет. Бул конституциялык реформаны көпчүлүк коалициянын лидерлери жана президенттик аппарат биргелешип, сунуштап жатканы маалым.

Эскини эңсеген энергетика...

Кыргызстан бийлиги энергетика тармагында эгемендүүлүк доорунан бери жүргүзүлүп келаткан реформаны ийгиликсиз деп баалап, аны артка кайтарууну чечти. Атап айтканда, бул жерде сөз Союз мезгилиндеги бирдиктүү “Кыргызэнергону” кайра калыбына келтирүү болуп жатат. Энергетика тармагын борборлоштуруу 28-апрелде Коргоо кеңешинде каралып, аны ишке ашыруу тапшырылды.

Кыргызстандын энергетика тармагы 1997-жылдан тарта Дүйнөлүк банктын сунушу жана бийликтин чечими менен реформалана баштаган. Реформанын натыйжасында бирдиктүү “Кыргызэнерго” үчкө бөлүнгөн. Булар - электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСтер, жогорку чыңалуудагы электр зымдарына ээлик кылган электр тармактар ишканасы жана төрт бөлүштүрүүчү компания.

Энергетикалык компанияларды башкаруу абдан эле татаалдашкан жана башкаруучулары көбөйгөн. Маселен, бөлүштүргүч компаниялар акционердик коом катары түзүлгөн. Алардын өздөрүнүн директорлор кеңеши, башкармалыгы бар. Алар акционердик коом жөнүндөгү мыйзамга ылайык иштеш керек. Бирок бөлүштүргүч компанияларды директорлор кеңеши, башкармалыгы эле эмес, Мүлк фонду, Энергетика министрлиги жана өкмөт башкарат. Эсеп палатасы баш болгон текшерүүчү органдар да четте турбайт.

Президент Атамбаев Коргоо кеңешинде абалды мындай мүнөздөдү:

- Электр кубатынын тартыштыгы иш жүзүндө керектүү энергияны коңшулардан сатып алууда көз каранды кылып койду. Калк арасында толтура суубуз, ГЭСтерибиз туруп, эмнеге электр энергиясы тартыш деген суроо дайыма коюлуп келет. Тармакты башкаруунун азыркы системасы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга таптакыр жараксыз. Анткени аны башкарган тараптар өтө көп. Энергетика министрлиги, Мамлекеттик мүлк фонду жана өкмөт бар. Бирок жыйынтык жок. Ошол эле учурда бул тармакты коррупция өнүктүрбөй четинен ыдыратып жатканы белгилүү. Энергетикадагы эбегейсиз каржы агымдары тармактагы аткаминерлердин көзүн кызартып, алкымын тыйдырбай жатат.

Бирок энергетика тармагын борборлоштуруу тармактагы абалдын кардиналдуу оңолушуна алып келишине эксперттер ишене бербей жатышат. Кезинде “Кыргызэнергону” башкарган Бакирдин Сартказиев бирдиктүү энергетика тармагын чачыратуу андагы кызматкерлердин санын 3 миңге көбөйтүп, алардын жалпы санын 15 миңге жеткиргенин белгиледи. Бирок ал чыгашаны өтө эле көбөйтүп жиберди деген да туура эместигин кошумчалады.

Бакирдин Сартказиевдин пикиринде, азыркы кезде багыт алып жаткан борборлоштуруу баарын чечет дегенге болбойт:

- Бирдиктүү системага алып келсе болот. Анда тармакты башкарууга жеңилдик түзүлөт. Биздин энерго система үчүн бул туура болушу мүмкүн. Бирок аны менен эле баарын чечип коебуз деген туура эмес. Чечип кое албайт. Мындан башка көп уюштуруу жана техникалык иштерди жүргүзүш керек.

Энергетикалык дагы бир эксперт Райымбек Мамыров Кыргызстан энергетика тармагындагы реформаны аягына чыгарбаган үчүн ушундай арабөк абалда калды деп эсептейт. Анткени энергетика тармагында акционердик коом формасында түзүлгөн компаниялар “Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамга ылайык иштей алган жок. "Ага мүмкүнчүлүк да берилген эмес", - дейт Мамыров:

- Реформа максатына жетпей калганынын себеби, биз аны аягына чейин чыгарбаганыбызда. Адаттагыдай эле жарымын мамлекеттин көзөмөлүндө калтыргандай болуп, компаниялар акционердик коомдун мыйзамдары менен жашабастан, же мамлекеттик болбостон ортодо калып калышты. Ушул убакыттын ичинде башка мамлекеттер: Казакстан, Орусия алдыга кетип калды. Ошолордун тажрыйбасын эске алганда, бүгүн энергетика тармагын бир жерге топтойбуз деген болбогон нерсе. Жөн эле убакытты кетиребиз.

Райымбек Мамыров реформаны аягына чыгаруу максатка ылайыктуу болорун кошумчалады. Бирок ошол эле учурда компромистик вариант катары бөлүштүргүч компанияларды бириктирип, ал эми ГЭСтерди жана Электр тармактар ишканасын өз алдынча калтыруу туура болот деген оюн айтты.

Кыргызстандын энергетика тармагы 2014-жылдан бери кризистик абалда. Мындай кырдаал дагы эки-үч жылга созулары айтылууда. Аны жеңилдетүүнүн бир жолу катары Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүп, арзаныраак электр энергиясын сатып алуу боюнча эки-үч жылдык келишимге жетишүү зарыл дейт Райымбек Мамыров.

Бирок аны ишке ашыруу да оңой болбой жатат. Анткени Тажикстан электр энергиясын былтыркы баада же 2 центтен сатпай жатат. "Анын себеби кышында Кыргызстандын Казакстандан 10 центтен электр энергиясын сатып алганы болду", - дейт Мамыров:

- Былтыр деген президент Казакстанга барып, сүйлөшүп келди. Макул, бирок бааны казактар менен кичине соодалашыш керек болчу да. Чуркап барып эле Казакстандан 10 центтен сатып алсак, албетте тажиктер быйыл айтат да, силер Казакстандан 10 центтен алсаңар, кантип бизден 3 центтен албайсыңар деп. 10 цент ошол кездеги курс боюнча 5 сом 61 тыйын болчу да.

Райымбек Мамыров Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын 3 центтен сатып жатканын кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG