Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Шайлоо: саясий партиялар «чү» деди


Кыргызстанда Юстиция министрлигинен бүгүнкү күндө 199 партия каттоодон өткөн.
Кыргызстанда Юстиция министрлигинен бүгүнкү күндө 199 партия каттоодон өткөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун датасы белгилене элек. Бирок күзгү шайлоого карата даярдыктар активдешип, саясий партиялардын лидерлери региондорду кыдыруусун, курултайларын чакыруусун баштады.

Кыргызстанда Юстиция министрлигинен бүгүнкү күндө 199 партия каттоодон өткөн. Бирок алардын басымдуу көпчүлүгү парламенттик шайлоого катышпайт. Анын үстүнө шайлоого катышуу үчүн күрөө 5 млн. сомго көтөрүлүп, көпчүлүк партиялардын “барып көрөлү” дешине бөгөт коюлду.

Азыркы кезде онго жетпеген партия гана өз тизмеси менен шайлоого аттанууга бел байлап турат. Бирок алардын арасында да биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым.

Бийликтеги КСДП жана “Ата Мекен” партиялары гана кайсы бир партияга бирикпей турганын жарыялашкан. “Республика” менен “Ата Журт” биригип, “Республика Ата Журтка” айлангандан кийин, алар үчүн да биригүү бүткөнүн айтышкан.

Азыркы мезгилге карай “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” биригип, “Бүтүн Кыргызстан Эмгекке” айланары күтүлүүдө. Калган “Бир бол”, “Замандаш”, “Өнүгүү”, “Мекен Ынтымагы” партияларынын, саясатчылардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым. Бирок партиялардын биригүүсү ар кандай кыйынчылыктарга, түшүнбөстүктөргө, амбицияларга такалып жатканы жашыруун эмес.

Маселен, “Бир бол” партиясынын лидерлеринин бири Алтынбек Сулайманов биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок ал түрдүү кыйынчылыктар менен коштолуп жатканын билдирди:

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

- Биз да бүгүнкү күндө көп партиялар, күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул табигый жараян. Борбордук шайлоо комиссиясына акыркы тизмени бергенге чейин бул жараян жүрө берет. Бирок биригүү аябай оорго туруп атат. “Бүтүн Кыргызстан” менен бирикпей калдык. Маселелер көп болду.

Биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаган партиялар региондорду кыдырууга чыгышты. 13-майда “Республика Ата Журт” партиясынын лидерлери республиканы кыдырууну Таластагы “Манас ордо” комплексине гүл коюу менен баштады. Андан кийин жергиликтүү активисттер менен жолугушту. Бүгүн алар Токтогулга барышты.

“Өнүгүү” партиясы болсо 12-майда Бишкекте курултай өткөрүп, шайлоо алдындагы платформасын, басым жасай турган багыттарын аныктады. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 21-майга курултай чакырды.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 14-майда маалымат жыйынын өткөрүп, күзгү шайлоого өз партиясы менен барарын жарыялады.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр азыркы кезде чачкын абалда экени маалым. Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков алар дагы өз ара биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Жалаң эле оппозициялык платформада чогулабыз деп айта албайм. Бирок жалпысынан президенттин командасына принципиалдуу маселелер боюнча кирбей тургандар кайсы бир партиянын туусунун астында, бир идеологиянын негизинде биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жалпысынан ишибиз жакшы. Азырынча жарыя кылбасак да жакынкы айларда өзүбүздүн чечимдерди айтабыз.

Мына ошентип, расмий эмес түрдө шайлоо өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 4-октябрга шайлоо күнүн белгилөөнү президентке сунуштаган. Бирок ал тараптан азырынча жооп боло элек. БШК болсо 11-майдан тарта Бишкек жана Ошто автоматтык түрдө бюллетендерди санай турган үкөктөрдү колдонууну жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө үйрөтө баштады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG