Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча бардык чечимдерди кабыл алды. “Вечерний Бишкектин” кожоюнуна 400 млн. сомго жакын айып салынды.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Эмгек” партиялары бирикти.

ЕЭАБге кирүү чечимдери кабыл алынды

21-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдерге кол койду. Андан бир күн мурун Жогорку Кеңеш ал келишимдерди ратификациялап берген эле. Эми Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения парламенттери ал келишимдерди ратификациялап, андан кийинки жол-жоболор аткарылган соң Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Бул үчүн бир-эки ай талап кылынары айтылууда.

Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү болгондон кийин Казакстан менен чек ара ачылып, эмгек мигранттары жеңилдиктерди алмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен капиталдын, товардын, кызмат көрсөтүүнүн жана жарандардын кирип-чыгуусу эркин болорун белгиледи. Өкмөт башчы бул биримдикке кирүүнү жалпы эле колдоду дейт:

- Мына акыркы сурамжылоо көрсөткөндөй, элибиздин 80-90% ушул саясатты толук колдоп атат. Мындан башка өтө маани берип айтып кете турган сөз - президент, парламент, өкмөт бул маселеде бир муштум болуп, туруп берди.

Президент да, премьер-министр да Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине ыңгайлуу шартта киргенин белгилешти. Өкмөт башчы ыңгайлуулуктардын катарына биримдиктин бюджетине түшкөн жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9% Кыргызстанга чегерилишин, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүшүн, кээ бир товарлар боюнча беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт берилишин жана чек ара, бажы инфраструктуралары үчүн 200 млн. доллар Орусиядан грант алынышын атады.

Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстанга 170 млн. калкы бар базарды ачуу менен катар күчтүү атаандаштыкты да алып келет. Анткени Кыргызстан өнөр жай, айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармактары бир топ күчтүү жана өнүккөн Казакстан, Орусия жана Беларус жана Арменияга базарын ачат. Бул мамлекеттерде айыл чарбасын жана башка тармактарын мамлекеттик колдоо жана каржылоо күчтүү экени да маалым. Ошондуктан азыркы кезде Кыргызстандын канаттуулар, ун өндүрүш тармактары оор атаандаштыкка туш болору күтүлүүдө.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Казакстан ун өндүрүшү Кыргызстанда үстөмдүк кыларын белгилейт. Мурунку мезгилдерде Кыргызстан дыйкандарды жана жергиликтүү ун өндүргөн компанияларды коргоо үчүн буудай, унга бажы төлөмдөрүн көтөрүп турчу. Жаңы шартта андайга жол берилбейт.

Кыргызстандын тигүү тармагы да кыйынчылыктардан арылышы кыйын. Анткени алар тиккен буюмдарын Евразия экономикалык биримдигинин стандарттык жана техникалык талаптарына туура келерин тастыктаган документтерин камдоону үйрөнүш керек.

Ошондой эле сүт-азыктары үчүн да Казакстан чек арасы дароо ачылышы күтүлбөйт. Анткени Кыргызстан ветеринардык кызматы талапка жооп бербейт. Ошондуктан өкмөт ага аудит жүргүзүү тууралуу биримдиктин талабына каршы болду. Жумкадыр Акенеев бул маселе мезгили менен чечилет дейт:

- Биздин эмгек мигранттары жакшы укуктарга ээ болот. Андан тышкары товарлар өтө баштайт. Жеңил автоунаалар дагы кире берет экен. Товарлардын ичинен эт жана сүт азыктары үчүн маселе бар экен. Анткени лабораториялар толугу менен жабдылып бүтө элек. Эми ал бир айлык иш. Аны Казакстандан комиссия келип текшерет экен.

Эмгек мигранттарына Орусия жана Казакстанда жол ачылат жана жеңилдик түзүлөт деген менен Кыргызстандын өзүндө жумуш орундары түзүлбөй, республиканын калкын иш менен камсыздоо милдети Астана менен Москвага биротоло жүктөлгөн сыяктуу деген сөздөр айтылууда. Эмгек мигранттарына шарттын оңолуусу жакшы. Бирок эмгек миграциясы ата-эне менен баланын ажырашуу азабына, канчалаган үй-бүлө, жаш тагдырлардын трагедиясына алып келип жатканы да белгилүү.

"Вечерний Бишкектин" тагдыры жазылган сценарий боюнча чечилүүдө...

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы окуялар алдын-ала жазылган сценарий менен баратканы байкалат. Ал сценарийге ылайык, адегенде “Вечерний Бишкекке” ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% акциясы Александр Рябушкинге сот аркылуу өткөрүлүп берилди. Андан кийин “Вечерканы” толук колго алуу үчүн “Рубикондун” кожоюну Александр Кимди финансылык кудуретсиздикке учуратып, 50% үлүшүн жана үй-мүлкүн сатууга мажбур кылыныш керек эле. Окуя мына ушул сценарийде баратканын 20-майдагы Биринчи Май райондук сотунун чечими тастыктады.

20-майда Биринчи Май райондук соту Александр Кимди Рябушкиндин пайдасына 388 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Рябушкин “Рубикон” фирмасынын 2005-жылдан берки ээси катары сот тарабынан аныкталгандан кийин, ал мына ошол жылдан берки пайдасын Александр Кимден өндүрүп берүүнү талап кылган. Райондук сот Рябушкин албай калган кирешени 388 млн. сом деп эсептеп чыгып, мына ошончо сумманы төлөп берүүгө Кимди милдеттендирди.

Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцовдун билдирүүсүнө караганда, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев 20-майда сот жараянын жашыруун өткөрүп, мыйзамдарды жана Конституцияны бузду. Ал Александр Ким жана анын жубайы Анна Власенкону сотко катыштырбай чечим чыгарып, алардын өз кызыкчылыгын коргоосуна, жүйөлөрүн келтирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок.

Адвокат Воронцовдун айтымында, алар Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрылат:

- Бул чечим күчүнө кире элек. Биз мыйзамды сыйлаган жарандар катары аны жокко чыгарууга арыз жазабыз. Биздин карамагыбызда 30 күн бар. Биз Башкы прокуратурага да кайрылып, судьялар Алмаз Калыбаев жана Эмил Аксамаевдин үстүнөн коррупция боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз.

Рябушкин болсо Александр Кимге соттон чакыруу кагазы барган деген ойдо. Ал Александр Ким коргонуу максатында "сот чакырбады" деген тактиканы тандап алган дейт.

“Вечерний Бишкек” гезитинин чыгармачыл жамааты жана жетекчилиги, Рябушкиндин пайдасына соттордун ырааттуу жана системалык чечимдеринин артында бийлик башчылары турат, гезитти рейдерлик жол менен басып алуу жүрүп жатат деп билдирүүдө. Бирок бийлик аны четке кагып келет.

Кыргызстан коомчулугунда да гезитти рейдерлик жол менен басып алуу жүрүүдө деген пикирлер арбын.

Президент Алмазбек Атамбаевдин саясий өнөгү, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик бийликти космостогу баарын жутуп, өзүнө тартып турган “кара тешик” менен салыштырып, “Вечерний Бишкекти” тартып алуунун артында президенттик бийлик турганын туюнтту.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков мындай окуялардын болушун президенттин колуна чексиз бийликтин топтолушу менен байланыштырды. Ал эми мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов “Вечерканын” айланасында болуп жаткан окуяны мыйзамсыздык катары баалады:

- Мыйзамсыз болуп атканы айдан-ачык болуп турат. Анткени 13 жыл мурун сатканы маалым. 13 жыл мурун болгон башка окуяларга келгенде эскирип кеткен деген жобо колдонулуп, “Вечеркага” келгенде эмнеге колдонулбай калат? Тартып алуу, рейдерлик болуп атканын элдин баары билип атпайбы.

Ошентип, “Вечерний Бишкек” жаңжалында системдик эмес оппозиция бийликти кескин сындап чыкты. Жогорку Кеңештеги оппозиция жана депутаттар болсо президенттин каарынан чочулап, “Вечерний Бишкектин” тагдырына көз жумуп турат. Жаңы саясий маданият жана принциптер жөнүндө көп сөз кылган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев гана бул жаңжалда президент эмес, “Вечерний Бишкектин” таламын көбүрөөк талашып, анын натыйжасында эки ортодо карама-каршылык оту тутанып баратат.

21-майда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Өмүрбек Текебаев президентке тап койду. Текебаев “Суу кодексине” жаңы өзгөртүүлөр бийлик тарабынан сунушталып, ал Кумтөрдөгү экологиялык апаатка көз жумууга алып келет деп кескин сынга алды.

Парламенттик шайлоо алдында Өмүрбек Текебаевдин абалды мындай курчутууга барышы, анын төө бастыга алынышына, күзгү шайлоодо жеңүүчүлөрдүн катарында болбой калышына алып келиши мүмкүн. Дал ушундай келечектен жана ыңкылаптык тилектештиктен улам бийликтин айрым аша чапкандарына чыдап келген Өмүрбек Текебаевдин чыдамына “Вечерний Бишкектин” айланасындагы окуялар, Кумтөр маселеси чекит койду окшойт.

Партиялардагы ажырашуу жана биригүүлөр

Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында саясий партиялардын биригүүсү жана ажырашуулары активдүү жүрүүдө. Бийликтин жандоочу партиясы катары саналган “Замандаш” партиясы узап бараткан жумада оор жоготууларга учурады. “Замандаштан” көп жылдан бери партиянын теңтөрагасы болуп келген Станислав Епифанцев баш болгон беш активдүү жана таасирлүү, орус тилдүү мүчөлөр кетти. Алардын кетүүсүнө партиянын ураанын жана позициясын алмаштыруу себеп болду. Белгилүү болгондой “Замандаш” мурда “Замандаш-Современник” деп аталып, интернационализм туусун көтөрүп келген. Бирок жыл башында интернационализм ураанын патриотизмге алмаштырып, анын натыйжасында орус тилдүү лидерлер партбилеттерин таштады. Алардын кетүүсү көчкү эффектисин жаратып, Рустам Маманов, Назарали Арипов, Арзыбек Бурканов сыяктуу “Замандашка” жакында эле баш баккан саясатчылардын да чыгып кетүүсүнө алып келди.

“Бирөө жоготсо, бирөө табат дегендей”, “Замандаштан” кеткендердин айрымдары Чүйдүн губернатору Канат Исаев жаңыдан түзүп жаткан “Кыргызстан” партиясына барса, башкалары “Өнүгүүгө” барды.

“Замандаш” мына ушундай жагымсыз окуяларды башынан кечирип жаткан мезгилде “Бүтүн Кыргызстан” жана “Эмгек” партиялары биригишкенин жарыялашты. Эки партия биригүү курултайын 21-майда Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында өткөрдү. Бириккен партиялар “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” деп аталат. Жетекчилери Адахан Мадумаров жана Аскар Салымбеков.

Бул эки партия биригүү менен Жогорку Кеңешке келүүгө мүмкүнчүлүгүн көбөйтүштү. “Эмгек” партиясы “Дордой” базары аркылуу Бишкекте добуш алууга аракеттенсе, “Бүтүн Кыргызстан” түштүк региондордон ийгиликке жетүүгө умтулат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоодо, 2011-жылы президенттик шайлоодо олуттуу добуш чогултууга жетишкен. Демек, "Бүтүн Кыргызстандын" айрым кенемтелерин “Эмгек” партиясы толтурса, "Эмгектикин" "Бүтүн Кыргызстан" толтурат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG