Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Кыргызстанда банктардын насыяларынын үстөк пайызы жогору бойдон кала берүүдө. Доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну түшкөндө банктар сом менен берилген насыялардын пайызын көтөрүүгө барышкан.

Учурда каржы рыногунда сом турукташканы менен насыялардын пайызы түшкөн жок. Буга байланыштуу Улуттук банк эсептик чен өлчөмдү 9,50 пайызга түшүрдү. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул чара банктык насыялардын пайызына да таасир этет деп ишендирүүдө.

Азаят деген сайын арбыган пайыздар

Былтыр күздө каржы рыногундагы туруксуздуктан улам, Улуттук банк эсептик чен өлчөмдү тогуздан он бир пайызга көтөргөн болчу. Бул чара инфляцияны ооздуктап, сомдун кунун төмөнкү чекке чейин түшүрбөө үчүн жасалган. Буга байланыштуу коммерциялык банктардын айрымдары сом менен насыя берүүнү токтотсо, кээ бирлери анын үстөк пайызын кескин жогорулаткан. Учуда бир доллар 58 сомго чейин түштү. Бирок банктык насыялардын пайыздык катышында өзгөрүү болгон жок.

Жеке ишкер Аскербек Закиров Улуттук банк каржы рыногундагы бул жагдайды жөнгө салбай жатканын сынга алды:

- Былтыр күздө доллар көтөрүлүп кетти деп, ошого шылташкан. Доллар азыр жети сомго чейин арзандады. Бирок банктар берген насыяларынын үстөк пайызын төмөндөтпөй жатышат. Алтургай азыр кээ бир банктар насыяларды 28 пайыздан 36 пайызга чейин көтөрүшкөн. Кредиттик союздарга болсо сөз жок. Алар табылбай калгансып, акчага муктаж болуп калган адамдарга тез арада беребиз деген шылтоо менен 40 пайызга чукул үстөк коюп жатышат. Улуттук банк мына ушул жагдайды карагандын ордуна башка бир болбогон маселелер менен алек. Демек Улуттук банктын өзүнүн кызыкчылыгы бар окшойт. Банктар менен кредиттик союздар учурда элдин канын бүкүлү соргонго үйрөнүп алышты.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктардын ички акча-кредит саясатына кийлигише албайт. Коммерциялык банктар менен кредиттик союздар насыялардын үстөк пайызын өздөрү аныктайт. Бирок парламент кабыл алган “сүткөрдүк ишмердикти чектөө” боюнча мыйзамга ылайык, насыялардын үстөк пайызы белгиленген ченемден ашпоого тийиш.

Насыялык донорлордун аздыгы

Коммерциялык банктардын биринин жетекчиси Нурбек Каленбаев үстөк пайыздын жогорулугун каржы рыногундагы донорлордун аздыгы жана ыңгайлуу кредиттик ресурстун жетишсиздиги менен байланыштырды:

- Биз деле азыр рынокто кандай өзгөрүү болот экен деп күтүп жатабыз. Бизде кошмо баа деп коёт. Бизде насыянын пайызы отуз алтыга чыга элек. Бирок чынында насыялоо үчүн сом жок болуп жатпайбы. Мындай шартта, албетте, үстөк пайыздар жогору болот. Себеби биздин рынокко акчасын салууну каалаган донорлор аз. Болсо да алардын өздөрүнүн катаал шарттары бар. Биз, мисал үчүн, жергиликтүү донорлордон акча алып, аны насыяга бере албайбыз. Биз башка эл аралык донорлорду издеп, ошолор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Шарттары туура келсе, ыңгайлуу кредиттик линияларды ачабыз.

Ошол эле кезде 26-май күнү Улуттук банктын башкармалыгы банктар аралык эсептик чен өлчөмдү 9,50 пайызга түшүрдү. Улуттук банк муну инфляция арымынын басаңдоосу менен байланыштырып, ал насыялардын үстөк пайызынын төмөндөөсүн шарттайт деп ишендирүүдө. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов насыялоо үчүн коммерциялык банктарга бериле турган акчанын өлчөмүн атады:

- Бүгүнтөн тарта боло турган аукциондор тогуз жарым пайыздык эсептик чен өлчөм менен жүрө баштайт. Бул чара банктык насыялардын үстөк пайыздарынын төмөндөшүнө алып келет. Биз экономиканы колдоо үчүн эсептик чен өлчөмдү түшүрдүк. Быйыл жыл башынан баштап Улуттук банк коммерциялык банктарга бир миллиард 200 миллион сом берет. Бул каражат калкты насыялоого жумшалат.

Улуттук банк мындай кадам инфляциянын турукташуусун жана экономиканын өнүгүшүн шарттайт деп түшүндүрүүдө. Анын тараткан маалыматы боюнча, май айынын орто чениндеги абал боюнча инфляциянын деңгээли 6,4 пайызга чейин төмөндөгөн. Былтыр жыл соңунда инфляциянын деңгээли 10,5 пайызга чейин чыккан. Ички дүң өнүм апрель айынын аягына карата 3,7 пайызды түзгөн.

XS
SM
MD
LG