Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Парламенттин тиешелүү комитетинде сотторду тандоо кеңешиндеги одоно мыйзам бузуулар сынга алынды.

Сотторду тандоо кеңеши ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, судьяларды тандоодо өзүмбилемдик менен акылга сыйбаган баалоо критерийлерин иштеп чыгып алып, ал аркылуу “өздөрүнө караштуу” талапкерлердин сынактан өтүшүн камсыздап жатканы айтылды. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев коюлган дооматтарды четке кагып, жобого ылайык баалоо критерийлери ички документ экенин, андыктан аны иштеп чыгууга кеңештин укугу бар экенин жүйө келтирди.

Тараза ташы так эмес тандоо

Парламенттин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде сотторду тандоо кеңешинин мыйзамга каршы келген ишмердиги талкууланды. Ошондой эле сотторду тандоо кеңешинин мыйзам талабын аткарбай койгон учурлары сынга алынды. Сынактарда мыйзамда көрсөтүлбөгөн баалоо критерийлери иштелип чыгып, колдонулганы белгиленди.

Кыргызстандын мурдагы Конституциялык сотунун курамы, 2010-жыл

Кыргызстандын мурдагы Конституциялык сотунун курамы, 2010-жыл

Мыйзамдын талабы боюнча сот тандоодогу сынактын суроолору сайтка жарыяланууга тийиш. Бирок бул талап үчүнчү турга келгенде негедир аткарылган эмес. Парламенттин сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Токтогул Туманов жагдайга мындайча токтолду:

- Булар өздөрүнчө мыйзамдан чыгып кетип, өзүмбилемдик менен мыйзамда көрсөтүлбөгөн тандоо критерийлерин иштеп чыгып алышкан. Талапкерлерди каттоодо кабыл алууда биринчи турда гана карала турган сыйлоо баракчалары, мамлекеттик сыйлыктары, эскертүүлөрү же алган сөгүштөрү үчүнчү турда да кайрадан каралып, ошого жараша балл коюп башташкан. Кээ бир судьялардын мурда алган сөгүштөрү эске алынбай, айрымдарыныкы болсо кароого коюлуп калып жатат. Ошонун негизинде алардын билим деңгээлин текшербей туруп эле бирөөлөрдүн баллы азайтылса, айрымдарыныкы автоматтык түрдө көбөйтүлүп жатат. Мында сотторду тандоо кеңеши өзүнө жаккан талапкерлерди өткөзүүгө аракеттенип жатканы ачык эле байкалат.

Башты ооруткан “башкатырмалар”

Сотторду тандоо боюнча мыйзамда талапкердин кесиптик даярдыгын аныктоо маселеси киргизилгенине карабастан, иштелип чыккан баалоо критерийлеринде алардын жүрүм-туруму, моралдык-психологиялык жана эмоционалдык абалы сыяктуу факторлор киргизилген. Парламенттин сот-укуктук маселелер боюнча комитеттинин мүчөсү Курманбек Осмонов талапкерлеге берилчү суроолордун башты ооруткан түшүнүксүздүгүн сынга алды:

Курманбек Осмонов

Курманбек Осмонов

- Мында экинчи бөлүмдө таанып-билүү жөндөмдүүлүгү, жалпы кругозор. Кашаанын ичинде логикалык жана аналитикалык жөндөмдүн көрүнгөн өнүгүүсүнүн төмөнкү деңгээли деп турат. Бул эмне дегендик? Мен түшүнгөн жокмун. Сиз өзүңүз түшүндүңүзбү? Мына, сиздер өзүңүздөр түшүнбөгөн нерселерди баалоо критерийи деп киргизе бересиздерби? Баалоо критерийин иштеп чыгууга укугуңуздар жок.

Ички документтердин изи менен...

Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамга ылайык, бул орган жобону жана өзүнүн иштөө регламентин гана иштеп чыгууга укугу бар. Негизги мыйзамды жетекчиликке алуу менен мына ошол эки документтин негизинде сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги жөнгө салынат. Бирок сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев сынактын баалоо критерийлерин ички жумушчу документтер катары карап, анын максаттуулугун мындайча түшүндүрдү:

- Критерийлер түздөн-түз коюла турган баллдар менен байланыштуу. Тандоо сынагы – бул жараян. Сотторду тандоо органы балл коюш үчүн талапкердин жогорку юридикалык билимин жана квалификацияга туура келе турган бийик жүрүм-турумун аныкташ керек. Бизде ар бир талапкердин сынактагы видео тасмасы бар. Ошого карап суроолордун жана жооптордун кандай болгонун билсек болот. Биз баалоо критерийлеринин максаттуулугун бардык кызыкдар тараптар менен талкуулаганга даярбыз.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети баалоо критерийлерин мыйзамга шайкеш келтирүү боюнча сотторду тандоо кеңешине эскертүү берди. Ошондой эле суроолордун түзүлүшүн жөнөкөйлөтүп, аларды сайтка жарыялоо боюнча мыйзам талабын аткаруу жагы милдеттендирилди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG