Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Өкмөт башчы “өкчөгөн” саясат


Темир Сариев
Темир Сариев

Өкмөт башчысы Темир Сариев шайлоодон кийин жол тосуп, жапырт башаламандык уюштура турган күчтөргө катаал чаралар колдонуларын эскертти.

Темир Сариев өкмөт бардык саясий күчтөргө бирдей шарттарды түзгөнүн айтып, нааразы болуп, чыр чыгарууга негиз жок экенин белгиледи. Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик башчыларын кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн административдик ресурстарды колдонуудан алыс болууга чакырды. Ошол эле кезде шайлоого аттанган айрым талапкерлер бийлик кайсы бир саясий партиянын пайдасына иштеп жатканы боюнча маалыматтар бар экенин жарыялашууда.

Темир Сариев эскертет

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын жарыялады. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматкерлердин үгүт ишине аралашуусуна тыюу салынганын белгиледи.

Темир Сариев шайлоого катышкан бардык партияларга бирдей шарттар түзүлгөн жагдайда нааразылык үчүн негиз жок экенин айтты. Өкмөт башчысы мына ушуга карабастан, шайлоодон кийин кайсы бир саясий күчтөр чыр чыгарууга аракеттенсе, аларга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов анын эскертүүсү боюнча мына буларга токтолду:

- Ал жергиликтүү бийлик органдарына административдик ресурс колдонулуп, эч бир тарап доомат арта турганга негиз болбосун деп айткан. Бардык саясий партияларга бирдей шарт түзүп, анан коомдук коопсуздукту сактоого көңүл бургула деген тапшырма берилди. Бирок ошого карабастан шайлоодон кийин чыр чыгарып, чатак уюштургусу келгендер болсо аларга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлө турганын билдирген. Ошондуктан өкмөт башчысы туруктуулукту бузгусу келгендер андай оюнан кайтууга тийиш деди.

Добуштарды бурмалоо каяктан башталат?

Анткен менен, жер-жерлерде үгүт иштери менен жүргөн айрым партиялардын өкүлдөрү мамлекеттик бийлик кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иш алып барган учурлар бар экенин белгилешүүдө. Айрыкча жогорку окуу жайлардын студенттерин жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин кайсы бир партиянын пайдасы үчүн үгүт иштерине тарткан учурлар мисалга алынды.

“Республика Ата-Журт” партиясынын Нарындагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланса, анда чыр-чатак чыгышы мүмкүн деп эсептейт:

- Мурда “Ак жол” партиясы кандай иш алып барып жаткан болсо азыр КСДП мына ошондой иштеп жатат деген мүнөздөмө бар. Анан учурда коомчулукту бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин экинчи ирет биометрика тапшыртууга далалат жүрүп жатканы кооптондурууда. Муну менен бийлик шайлоочулардын санын жасалма көбөйтүп, шайлоо босогосун чоңойтууга камданып жаткан окшойт деген күмөн саноолор пайда болду. Ошол эле мамлекеттик бийлик органдарына КСДП бул парламенттик шайлоодо 56 пайыз добуш алууга тийиш деген көрсөтмө бар экени туурасында имиштер айтылууда. Эгерде ушундай жол менен добуштарды бурмалоолор жүрсө шайлоого катышкан партиялардын көпчүлүгүндө нааразычылык болушу мүмкүн. Анын арты чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан шайлоону таза өткөрүү биринчи кезекте бийлик үчүн өтө зарыл.

Кошоматка “кой сойгондор” токтойбу?

Ошол эле кезде талдоочулар шайлоо өнөктүк учурунда шайлоочулардын көңүлүн буруу үчүн түрдүү ыкмалар колдонулуп жатканын белгилешүүдө. Бийликчил партиялар мамлекеттик кызматкерлер аркылуу электоратка таасир этүүнү көздөсө, айрым акчалуу партиялар шайлоочулардын добуштарын сатып алууга ыңгайланышканын айтышууда.

Шайлоого катышкан партиялардын биринин тизмесинде талапкер катары бараткан Жанарбек Акаев бийликке жагынгысы келген айрым аткаминерлер административдик ресурсту колдонушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Жеке мен өзүм жер-жерлерге шайлоочулар менен жолугушуу үчүн барганымда административдик ресурсту колдонбоого чакырып жатам. Адамдар талдап көрүп, өзүнүн жүрөгү менен добуш берсин деп жатабыз. Бирок айрым бир аткаминерлер бийлик жактан кандайдыр бир көрсөтмө болбосо деле жагынып, жакшы көрүнгүсү келип, добуш алып берүүгө кепилдик бергендер жок эмес. Мындай учурда коомчулук ага каршы турууга тийиш. Ошентип бирөөлөргө кысым көрсөтүү менен добуш алып бергиси келгендердин бети ачылышы керек. Шайлоочулар ошондой фактыларды кол телефонуна тартып алып, интернетке жайгаштырып, ошондой жетекчилердин жоруктарын ашкерелесе андай нерселер азаят. Ошол эле кезде бир эле административдик ресурстарды колдонуу эле эмес, акча менен добуш сатып алууларды уюштуруп жаткан партияларды дагы айыпташыбыз керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул күнгө карата саясий партиялар тарабынан одоно мыйзам бузуулар боюнча арыз-даттануулар түшө электигин билдирди. Ошол эле кезде өкмөт башчысы саясий партиялардын лидерлерин өздөрү кабыл алган этикалык кодекстин шарттарын шайлоодо так сактоого чакырды.

XS
SM
MD
LG