Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Мандат чыры: Жумалиева Исаевди сотко берди


Канатбек Исаев менен Элмира Жумалиева
Канатбек Исаев менен Элмира Жумалиева

“Кыргызстан” фракциясынын сунушу менен мандатынан ажыратылган депутат Элмира Жумалиеванын фракция лидери Канат Исаевдин үстүнөн жазган арызын Башкы прокуратура иликтеп баштады.

Байкоочулар Кыргызстанда партиялык система менен шайлоо өзүн актабай калганын айтышууда.

Өзү арыз бар беле?

“Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Элмира Жумалиева “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди “жасалма документ жасаган” деген жүйө менен айыптоодо:

- Мыйзамсыз кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Ошондуктан Башкы прокуратурага да, Биринчи Май райондук сотуна да кайрылдым.

Айрым партиялар шайлоого аттанып жаткан учурда эле тизмедеги мүчөлөрүнөн “шайлоодо тиешелүү өлчөмдө добуш ала албай калсам, тизмедеги ордумду бошотуп берем” деген тил кат жана “фракциядан өз каалоом менен чыгууга макулмун” деген арызга кол койдуруп алышканы тууралуу өз кезегинде көп эле айтылган. Элмира Жумалиева фракция башчысы арызга дата коюп, жалган документ жасады деп белгилейт:

Элмира Жумалиева
Элмира Жумалиева

- Мен өзүм арыз жазган эмесмин. Арызды мурдатан жазып, даярдап коюшкан экен, ошого кол коюп бергенбиз. Бирок ал жерде датасы жок болчу. Эми ага жаңы дата коюп, БШКга беришиптир. БШК андай арызды менин өзүмдүн колумдан алышы керек эле. Мен “жазган эмесмин” деп сайрап отурсам да, БШК мени мандатымдан ажыратып койду.

Элмира Жумалиеванын арызы учурда Башкы прокуратурада каралып жатат. Көзөмөл органы депутаттын фракциядан чыгаруу тууралуу БШКга берген арызынын аныктыгын текшерүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, ал боюнча чара көрүлөрүн кошумчалашты.

11-январда “Кыргызстан” партиясынын депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыраткан БШК бул кадамга "Кыргызстан" фракциясынын чечиминин негизинде барганын айткан. Бирок 15-январда Биринчи Май райондук соту БШК Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мыйзамсыз мандаттан ажыраткан деп, алардын ыйгарым укуктарын калыбына келтирген.

Азырынча "Кыргызстан" фракциясынын жетекчилиги бул чуулгандуу маселе боюнча кандайдыр бир пикир билдирүүдөн баш тартууда.

Башка фракциялардагы мандат талаш

Мандат талаш маселеси “Кыргызстан” фракциясынан тышкары “Республика –Ата Журт” фракциясында да бар. Андагы айрым талапкерлер сот аркылуу депутаттык орунга жетишсе, ушул тапка чейин мандат ала албай жүргөн партия мүчөлөрү да бар. Мисалы, Жыргалбек Саматов буга чейин Боршайком менен соттун ортосунда бир нече жолу мандат алып, кайра ажыратылган. Акыры бул көрүнүшкө Жогорку Сот чекит коюп, 11-январда Саматов депутаттык мандатын алды. Көп өтпөй фракция лидери Өмүрбек Бабанов анын фракциядан чыгарылганын кабарлаган.

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын маселесин парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетте кароо демилгеси 19-январда комитеттин айрым мүчөлөрү тарабынан көтөрүлдү. “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов комитет төрайымынан муну талап кылды:

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

- Биз сөзсүз депутаттарды мандатынан ажыраткан БШКнын чечимин да, кайра мандатты кайтарып берген соттун чечимин да карашыбыз керек. Анткени БШК мандатын алып койсо, аны кайра сот кайтарып берсе. Эртең Жогорку сот дагы алып койсо... Бул кандай? Мындайга чекит коюлушу керек. БШК бизге келип маалымат берсин.

Ал эми өз фракциясындагы Жыргалбек Саматовго байланыштуу ишти лидер талкууга салынып жаткан маселеден таптакыр башкача деп түшүндүрдү:

- Биздин фракцияда маселе таптакыр башка болчу. Ал жерде мандат эмес, талапкер маселеси болгон. Биз депутаттын мандатын алып койгон жокпуз да. Эгер ал маселени да комитет карасын, пленардык отурумга чыгарсын десеңер, карайлы. Журналисттерди чакыралы...

Ошентсе да, мандатынан ажыратылган депутаттардын маселеси 19-январда комитетте каралган жок. Түштөн кийин БШК өкүлүнүн маалыматын угууга чогулган комитет мүчөлөрүнө Боршайкомдон бул маселе боюнча бардык маалыматтар 13-январда эле Жогорку Кеңешке берилген жана ошондой эле БШКнын сайтында илинип турат деген жооп болду.

Депутаттар парламентаризмге көө жабууда

Мандат маселесинен улам байкоочулар Кыргызстанда партиялык тизме менен шайлоо системасы өзүн актаган жок деп айта башташты. Шайлоодон утуп келген айрым партиялардын лидерлери мандаттарды каалагандай бөлүштүрө баштаганы – ошол партияларда диктатура орноп жатканынан кабар берет.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Мындай пикирди айткан жарандык активист Рита Карасартова шайлоону жалаң партиялык система эмес, мажоритардык системаны аралаштыруу менен жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкканын билдирүүдө:

- Мурунку убактагыдай жарымын мажоритардык, жарымын партиялык система менен шайлоо өткөрүү керек. Антпесе, эки жолу бийлик алмаштырган Кыргызстанда шайлоо жаатында такыр жылыш болбой жатат. Же болбосо, партиялык системанын айрым өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп жүргөн преференциалдуу добуш берүү системасын киргизүү керек. Мына, өткөн жылы деле биометриканы киргизгенде ар бир участокко зарыл техникаларды алып келдик. Демек, преференциалдуу добуш берүү системасы талап кылган технологияны деле Кыргызстанга апкелсе болот. Андай учурда шайлоочулар саясий партиялардын ичиндеги белгилүү бир мүчөгө гана добуш бере алышат. Кайсы мүчө көп добуш алса, ошолор депутат болот. Эгер биз азыртан бул маселени чечпесек, партиялык тизме менен шайланып келгендер биринчи кадам таштаганда эле мыйзамды да, өздөрүнүн партиялык принциптерин да, шайлоочуларын да сыйлабастыгын көрсөтүп коюшту. Бул аябай өкүнүчтүү. Булар жалпы парламентаризмге шек келтирип, элдин көңүлүн иренжиткени туура эмес болуп жатат.

“Кыргызстан” фракциясынын мандатынан ажыратылган мүчөлөрү Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын иши Жогорку сотто 21-январда каралат. Алардын мандатын сот калыбына келтиргенине каршы болуп, БШК Жогорку сотко кайрылган.

Бул аралыкта депутаттарды фракция лидерлеринин басымынан жана кысымынан коргоо боюнча жарандык топ түзүлдү.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG