Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Узап бараткан жумада Бишкек шаарынын мэрлигине ким келери анык болду. Премьер-министрге чабуул күчөшүнүн себеби эмнеде? ЕАЭБге киргендеги алты ай үмүттү актадыбы?

Сариевди чалчулар...

Темир Сариевдин өкмөт башына келгенине май айында бир жыл болот. Өткөн жылы парламенттик шайлоого аз калганда президент жана мурунку Жогорку Кеңеш Темир Сариевди өкмөт башчылыкка алып келген. Ал эми ага чейинки өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кумтөр боюнча бийликтин планына туура келбеген британиялык лорддор менен сүйлөшүүгө барып, кызматынан кетүүгө аргасыз болгон эле. Оторбаев анда британдык лорддор менен “Центеррада” көпчүлүк акцияга ээ болуу планын сунуштаган.

Мына ушундай шартта өкмөт башына келген Темир Сариев күзгү парламенттик шайлоодон кийин да өкмөт башчы ордунда кала берди. Бирок азыркы кезде экономикадагы кризис жана калк ичиндеги нааразылыктын өсүшү кырдаалды өзгөртүүдө. Президент жана парламенттеги коалициялык көпчүлүк ал нааразылыктын мизин Темир Сариевге буруп, абалдан чыгууну көздөгөнү байкалат. Бул башкаруучу коалициядагы “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевдин өкмөт башчыны кызматтан кетирүү мүмкүндүгү жөнүндөгү билдирүүсү жана КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн кескин сынынан көрүнүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев социалдык-экономикалык кризистин шартында Темир Сариев кызматтан кетирилиши мүмкүн дейт:

- Азыркы кезде абал аябай начар. Экономика жана башка жакта аябай төмөндөп баратканда Темир Сариевди кетирсе, элдин нааразылыгы ошол тарапка бурулуп калат. Анан президенттик шайлоого даярдык көргөн кырдаал түзүлө баштады. Мэрди шайлоо да ошого байланыштуу. Анткени көп нерсе борбордо чечилет. Ушундай кезде эң алсыз жери Темир Сариев болуп жатат. Анткени ал өсүүнү камсыздаган жок.

Темир Сариевди бутага алууга негиз болгон, азыркы кезде артка чакырып алып жаткан популярдуу эмес чечимдердин көбү өткөн жылдары парламент тарабынан кабыл алынган. Ошол эле социалдык фондго төлөмдөрдү көбөйтүү, камсыздандыруу мыйзамдары, электр энергиясына тарифтерди жыл сайын көтөрүү тууралуу чечимдер мурунку жылдары кабыл алынган.

Маселен, электр энергиясына орто мезгилдеги тариф саясаты жөнүндөгү чечим 2014-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Ага ылайык, тариф жыл сайын өзгөрүп, өсүп турушу керек. Өкмөттүн токтомунда белгиленгендей, 2014-жылы бир килловат электр энергиясы 70 тыйын болсо, 2015-жылы 77 тыйын, быйылкы жылы 93 тыйын, келерки жылы 1 сом 21 тыйын болууга тийиш.

Мына ушундай тариф саясатын жүргүзүүнү парламент өкмөткө өткөрүп берген. Бирок элдин нааразылык маанайына байланыштуу депутаттар тариф эмнеге көтөрүлөт деп чуу салышты. КСДПнын мүчөсү, парламенттеги отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев:

Кожобек Рыспаев

Кожобек Рыспаев

- ​Тариф маселесин агенттикке сурангандыктан бергенбиз, бирок көзөмөлдү чыгара элекпиз. Бул маселени биз парламентке чыгарабыз. Себеби импорттун эсебинен тариф көтөрүлгөн, азыр ал токтогон. Казакстандан алып атканда 5 сом 53 тыйын болсо андан кийин 1 сом 55 тыйын, андан 1 сом 5 тыйынга чейин түшкөн жерлери бар. Муну агенттиктен сурайбыз. Алар караган да эмес. Бир кезде импорттун көлөмү азайганда 1 сом 82 тыйынга түшүргөнбүз. Элди тонобой, толук маалымат бериши керек. Депутаттар бул маселени туура көтөрүп жатат.

Тарифтерди жыл сайын акырындап көтөрүү саясаты энергетика тармагындагы өтө чоң тартыштыкка байланыштуу кабыл алынган. Бирок ал саясий себептерге байланыштуу аткарылбай турган болууда.

Албетте Темир Сариевдин тагдырын биринчи кезекте президент чечет. Андан кийин парламент. Парламент алдына премьер-министр жакынкы мезгилде эки жолу барат. Март айынын башында антикризистик программасы менен барса, апрель айында жылдык отчетун берүүгө тийиш.

“Өнүгүү” фракциясынын мүчөсү, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров өкмөт башчынын тагдыры мына ошол апрель айында тараза ташына салынышы мүмкүн дейт:

- Марттын башында өкмөт башчы антикризистик программа, инвестициялык климат боюнча маалымат берет. Ал эми апрелде жылдык отчет болот. Мына ошондо билинет кандай позиция болору.

Январь айында экономика абдан эле төмөндөгөнү байкалды. Апрелге чейин кырдаал дурус жагына өзгөрө баштабаса, өкмөт башчынын ордун сактап калышы да татаалдашат.

Албек Ибраимов атаандашсыз шайланат

Бишкек шаарынын мэрлигине Албек Ибраимов шайлана турган болду. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы көрсөттү. КСДП менен бирге Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияда турган “Ата Мекен” жана “Замандаш” фракциялары аны колдоорун жарыялады. Оппозициялык “Республика” фракциясы альтернатива катары талапкер көрсөтө албады.

Албек Ибраимовдун тил сынагында жазганы

Албек Ибраимовдун тил сынагында жазганы

19-февралда жалгыз талапкер тил боюнча комиссиядан өттү. Бирок жат жазууда бир нече орфографиялык каталарга жол бергени байкалды.

Маселен, “коррупция” деген сөздө бир “р” тамгасын түшүрүп жазган. Албек Ибраимовдун жазуусунда башка дагы каталар жана түшүнүксүз сөздөр кезигет. Бирок буга карабай Ибраимов тил боюнча комиссиядан өттү деп эсептелди. Эми шаардык кеңештердеги фракциялардан өтүп, 27-февралда шайланууга тийиш.

Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Лев Васильев фракция Албек Ибраимовдун талапкерлигин 19-февралда колдоого алганын билдирди:

- Биз анын талапкерлигин карап колдодук. Шаар башчысы ким болору өтө маанилүү. Ал кеңири ой жүгүрткөн, ишке жөндөмдүү, кыйын абалдан чыгуу жолун билген, маселени чече алган адам болуш керек. Саясий кеңеш мына ошондой тажрыйбалуу адам деп сунуштады. Анын өндүрүш менен тааныштыгы бар. Шаар үчүн чечкиндүүлүк да керек. Ошондуктан жаман эмес талапкер. Колдодук.

Ал эми коомчулукта Албек Ибраимовдун дарегине кескин сын айткандар арбын. Саясатчы жана коомдук ишмер Эдил Байсалов Бишкек шаарын ушул кезге чейин мынчалык даярдалбаган киши жетектеген эмес дейт:

- Шаарды мындай даярдалбаган киши жетектеген эмес. Бул кишини биз жөн эле сынга алган жокпуз да. “Манас” аба майданын жетектеп турган мезгилде жардамчыларына 150 миң сомдон берген адам Кыргызстан калкы эмне менен жашап атат, кандай абалда турганын билбейт. Муну ошол "Манаста" кризис болгондо байкаганбыз. Мындай адамдарды керек болсо Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да авторитардык бийлиги асмандап турганда да дайындаган эмес.

Албек Ибраимовдун ысымы Кыргызстан калкына 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин белгилүү боло баштады. Ага чейин ал Алмазбек Атамбаевдин ээлигиндеги “Кыргызавтомашта” түрдүү кызматтарда иштеп келгени маалым. Мына ошол апрель ыңкылабынан кийин ал “Дастан” заводун, Бишкек эркин экономикалык аймагын жана “Манас” аба майданын жетектеген. Албек Ибраимов “Дастанды” жетектеп турган мезгилде заводдун ири суммада акчасы шайлоого мыйзамсыз жумшалганы боюнча, ал эми “Манас” аба майданын жетектеп турганда жардамчыларына ири суммада акча бергени боюнча жаңжалдар чыккан.

Эми ал Бишкек мэрлигине дайындалуу алдында турат. Мэрликке Албек Ибраимовду тандоо менен Алмазбек Атамбаев борборду эң жакын кишилеринин бирине тапшыруу чечти. Келерки жылдагы президенттик шайлоо, эң башкысы экономикалык кризистин айынан калк ичинде нааразылык өсүп келатканда борбордо өз адамдын туруусу маанилүү болду окшойт. Албек Ибраимов шаардын проблемаларын чечүүгө канчалык жөндөмдүү болот, аны мезгил дароо эле көрсөтөт.

Кризис менен жанашкан ЕАЭБ

Узап бараткан жумада Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине алты ай болду. Бул мезгилдин ичинде Орусия жана Казакстанда экономикалык кризистин күчөшү Кыргызстан экономикасына да терс таасирин тийгизип, анын натыйжасында жалпы эле Евразия экономикалык биримдигине кошулуу канчалык туура болгон деген суроолорду жаратты. Маселен, өткөн жылы республиканын тышкы соодасы -24.6% төмөндөгөн. Кыргызстандын Орусия жана Казакстанга айыл-чарба жана тигүү тармагынын продукцияларын экспорттоо үмүтү актала элек. Тескерисинче, өткөн жылы кийим-кече экспорту 2.2 эсеге, жер-жемиш -34.8%, тамеки экспорту -27.8% кыскарып кеткен.

Казакстан менен чек арада ветеринардык көзөмөл алына элек. Ал эми фитосанитардык көзөмөл өткөн жылы алынган болчу.

Кыргызстандын фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов ветеринардык көзөмөл ачылыш үчүн төрт пункттан турган иш аткарылышы керек дейт:

- Кыргыз Республикасынын Ветеринардык кызматын Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Ветеринардык кызматына жана көзөмөл системасына шайкеш келтирүү маселеси бар. Бул - биринчиси. Экинчиден, эпизоотикалык абал туруктуу сакталышы керек. Үчүнчүдөн, экспортко чыгарган ишканалар эл аралык стандарттарга жооп берген ишкана болуп, Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине кириши керек. Анан дагы төртүнчү маселе бар, ал малдарды идентификациялоо. Бул жагынан да чечиле элек маселе бар.

Жумакановдун айтымында, бул иштерди аткаруу үчүн тийиштүү убакыт керек.

Бүгүнкү күнгө карай республиканын азык-түлүк багытындагы 15 ишканасы Орусияга продукциясын экспорттоого уруксат алган. Дагы 7 ишкана да ошондой уруксат алуунун алдында турат.

Мына ошентип Кыргызстан ишканалары Орусия жана Казакстан базарларына товарларын, продукцияларын чыгарууга толук уруксат алалбай жаткан учурда, бул өлкөлөрдүн товарлары Кыргызстандын базарын каптап, жергиликтүү өндүрүш тармагын атаандашыкта утулуп калууда. Валюталардын курсундагы айырма да Казакстан жана Орусия экспортчуларынын пайдасына ойноп, өзгөчө теңгенин курсунун төмөн болушу казак өндүрүшчүлөрүнө артыкчылык берип жатат.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү дүйнөлүк кризисттин капшабын азайтты деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде Кыргызстан бул уюмга кирбегенде төмөндөөлөр азыркыдан да көбүрөөк болмок:

- Эгерде биз кризис кырдаалында Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болбосок, анда экономика тармактарында төмөндөө күчтүү болуп, экономикада жоготуу олуттуу болмок. 2015-жылды пландалгандай макроэкономикалык параметрлерде аяктаганыбыз Евразия экономикалык биримдигине кирүү туура жана негиздүү кадам болгонун айгинелейт.

Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүн жергиликтүү ишкерлер, өндүрүш тармагы канчалык натыйжалуу пайдала алаарын быйылкы жыл көбүрөөк айкындайт. Бирок ал Орусия жана Казакстанда кризистин аякташына да жараша болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG