Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Илинген кылмыш иш, ириген бизнес долбоор


Саиф бин Пилай (оңдо), Малайзиянын Ташкендеги элчиси Азиз Абдул бин Харун жана Куват Карабаев.
Саиф бин Пилай (оңдо), Малайзиянын Ташкендеги элчиси Азиз Абдул бин Харун жана Куват Карабаев.

Малайзиялык бизнес долбоордун айынан алдамчылыкка шектелген Куват Карабаевдин ишин териштирүү төрт жылга созулду.

Анын апасы Халима Карабаева бурмаланган далилдердин негизинде уулуна кылмыш иши козголгонун айтып, буга ички иштер министри Мелис Турганбаевдин катышы бар деп айыптады.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы коюлган дооматты четке кагып, Карабаев алдамчылык боюнча тагылган айыптан кутулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калуу үчүн министрдин атын аралаштырып жатканын билдирди.

Таанышуунун тамыры...

Кыргызстандын 33 жаштагы жараны Куват Карабаев 2012-жылы январда Малайзиянын жараны Саиф бин Пилай деген адам менен таанышкан. Ал малайзиялык ишкер чөйрөнүн Кыргызстанга кызыкчылыгы бар экенин айтып, эки тараптуу ортомчулук милдетти аркалаган компания түзүүнү сунуштаган.

Өзүн Ташкен шаарындагы Малайзиянын элчиси Азиз Абдул бин Харундун ишенимдүү өкүлү деп тааныштырган Саиф бин Пилай Куват Карабековду Кыргызстандагы ишкерлик долбоорлор боюнча биргеликте иш алып барууга чакырат.

Экөө Бишкекте 2012-жылы апрель-май айларында Expedition Traveler жана SNS Construction деген эки компания түзүп, каттаткан. Бул эки компания малайзиялык ишкер чөйрө менен кыргыз тараптын ортосунда алака түзүүгө ыңгайлашып, ортомчулук милдетти аткармак.

Уюштуруу иштерине жана иш сапарларга байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Музаффар Хусанов деген ишкерден алынган автоунаа күрөөгө коюлуп акча алынган. Анткени Саиф бин Пилай иш башталары менен Малайзиядан 250 миң доллар акча келерин убада кылган. Бул боюнча Куват Карабаев тиешелүү далилдерин келтирди.

Куват Карабаевдин айтымында, Малайзия элчиси Кыргызстанда малайзиялык банктын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү уюштуруу жана шаардан имарат сатып алууну тапшырган. Бул иштер менен жеринен таанышуу үчүн Малайзиянын элчиси Азиз Абдул бин Харун Бишкекке бейрасмий визит менен 2012-жылдын апрель айында келип кеткен. Ошондой эле элчи 2012-жылы 15-майда Кыргызстандын расмий жана ишкер өкүлчүлүгүн Малайзияга чакырган.

Бирок Куват Карабаев мына ошол чыгымдардын бардыгы күрөөгө коюлган автоунаанын эсебинен жүргүзүлгөнүн мындайча белгиледи:

- Менин үстүмөн азыр арызданып жаткан Музаффардын аялына катталган "Лексус-470" автоунаасын ломбардга күрөөгө коюуну чечкенбиз. Анткени кайсы бир убакытка коюлган автоунаанын эсебинен алынган акчага авиабилеттерди сатып алып, мейманкана, тамак-аш, күзөт жана ушул сыяктуу чыгымдарды төлөгөнбүз. Мунун бардыгы документтер менен далилденген. Алынган акчаны Пилайдын эсебине которуп, ал аталган каражаттын эсебинен уюштуруу иштерине кеткен чыгымдарды төлөп турган. Ал турсун Ташкенден Бишкекке келген элчинин чыгымдарын да жапканбыз. Анан он адамдан турган өкүлчүлүктүн Малайзияга барган сапарына эле 32 миң доллардай акча чыгымдаганбыз. Анын бардыгы кийин кайтарылмак. Биз ошол акчанын бардыгын күрөөгө коюлган унаалардын эсебинен жасаганбыз.

Кыргыз делегациясы Куала-Лумпурга барганда

Мына ошентип 2012-жылы 16-июнда тышкы иштер министринин кеңешчиси Азизбек Мадмаров баштаган он адамдан турган кыргызстандык расмий жана бизнес өкүлчүлүк Малайзиянын Куала-Лумпур шаарына барган. Анда тартылган сүрөттөргө жана тиешелүү документтерге караганда, кыргыз өкүлчүлүгүн Малайзия парламентинин спикери жана өлкөнүн борбордук банкынын жетекчилиги кабыл алган.

Анан он адамдан турган өкүлчүлүктүн Малайзияга барган сапарына эле 32 миң доллардай акча чыгымдаганбыз. Анын бардыгы кийин кайтарылмак. Биз ошол акчанын бардыгын ломбардга күрөөгө коюлган унаалардын эсебинен жасаганбыз.
Куват Карабаев

Жолугушууда ислам принциптери боюнча насыялоонун шарттары жана адал өндүрүшүн жайылтуу маселесинин алкагында эки тараптуу талкуу болгон. Ошентип анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуунун сегиз пункттан турган шарттары бекитилген.

Куват Карабаев иш сапардан кийин Саиф бин Пилай аны четтетип, башка өнөктөштөр менен таанышкандан тарта аны менен болгон мамилеси солгундай баштаганын байкаган.

Мына ошентип Малайзиядан келчү ишкер чөйрөнүн Кыргызстанга сапарын уюштуруунун алдында эки ортодо бири-бирине ишенбөөчүлүктөн улам араздашуу чыккан. Автоунааны күрөөгө коюп берип, анан Бишкекте элчи менен өкүлүн ташууну камсыздаган Музаффар Хусанов 2012-жылы 6-мартта Куват Карабаевге каршы милицияга арыз жазган. Ал баштапкы арызында "Лексус-430" үлгүсүндөгү автоунаа боюнча доомат койгон. Бирок ал кийинки арыздарында карызга алынган унаалардын саны жана ага келтирилген зыяндын өлчөмүн бир кыйла көбөйтүп, көрсөтмө берген.

Куват Карабаев 2012-жылы 6-мартта басым астында андан тил кат алынган жагдайга токтолду:

- Музаффар менен Эркин уюштурган куугунтуктун негизинде милицияда мага кол көтөрүшүп, басымдын астында менден тил кат алышкан. Анан мени нотариуска алып барышып, Пилай экөөбүз түзгөн эки компаниянын 49 пайыздык үлүшүнөн баш тартып, анан бардык автоунааларды өзүмө алдым деген негизде тил кат бергем. Мына ошол учурда мага козголгон кылмыш иши токтотулган. Андан кийин мен малайзиялыктарга кеткен акчамды өндүрүп берүүнү суранып, арызданганымда баягы баштапкы алынган тил каттын негизинде ишти кайра жандантышкан. Музаффар башында бир машине боюнча арызданса, кийин токтомдо ал үч машине болуп калган. Мен андан улам барып эле көз боёмочулук менен улам автоунааны карызга алып качып кетип, кайра келип дагы бирин алып, кайра качып кете берген экенмин. Бул эми күлкү келтирерлик нерсе да.

Хусанов: бул экөөбүздүн ортобуздагы гана мамиле

Бирок мындай дооматка арыздануучу Музаффар Хусанов макул эмес. Өз көрсөтмөсүндө ал эч качан малайзиялык Саиф бин Пилай жана Куват Карабаев менен ишкер өнөктөш болбогонун белгилейт. Хусанов аталган эки адамга тең карызга автоунаа берип турганын айтып, бирок кийин акчасын ала албай калгандыгы боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Муну эки адамдын ортосундагы мамиледен улам келип чыккан алдамчылык деп мүнөздөгөн Музаффар Хусанов өзүнүн жүйөсүн келтирди:

- Куват Карабаев малайзиялык Пилай деген менен ошол жылы январда таанышат, март айында аны мага тааныштырганы алып келген. Куват мага аны менен 1,5 жылдан бери кызматташып, ишкердик кылып жатканын айткан. Анын сөзүн малайзиялык адам дагы тастыктап берген болчу. Анан марттын башында автоунааларды алмаштырып, алды-сатты боюнча макулдашканбыз. Анда Куват өзүнүн "Лексус" автоунаасын коюп, анын ордуна эки арзан машине жана 5 миң доллар алган. Эки жумадан кийин дагы келип, ал “Малайзиядан конокторум келет эле, өзүмдүн машинеме көнүп калдым эле, ошону 25 миң долларга алдың эле, кайра карызга алып турайын, бир жарым айдан кийин 27 миң кылып берейин” деди. Анан мен ага "айтып жаткан бизнесиң болобу же болбойбу мага караңгы. Анан сен акчаны кантип кайтарасың" десем, “жерим бар, ошону сатып берем” деген болчу.

Ошол эле кезде Хусанов Куват Карабаев жана Пилай менен биргеликте кыргыз өкүлчүлүгүнүн курамында жеке ишкер катары 2012-жылы июнь айында Малайзияга барган себебин карызды мына ошол жактан алууга жасалган арга деп түшүндүрдү. Ошондой эле ал 2012-жылы август айында Куват Карабаевге карата басым көрсөтүү аркылуу көрсөтмө алынып, тилкат жаздырылган жагдайды четке какты. Бирок эмне себептен Куват Карабаев кармалгандан кийин гана Саиф Пилай түзгөн жаңы компаниялардын наамына автоунааларын каттаткан жагдайга түшүндүрмө берди. Музаффар Хусанов бул боюнча мына буларга токтолду:

- Саиф Пилай алган автомашиналардын бардыгы келишим боюнча алынган. Анын бардыгын кайра кайтарып алдым. Куват Саиф алган машинелерге жооп бербей эле, азыр сотто өзү алган эки автоунаага жооп берип жатпайбы. Анан сот дагы ага “бул жерге Саифти эмнеге кошуп жатасың, мында сени менен Хусановдун ортосундагы мамилеге байланыштуу жагдайды айтпайсыңбы” деп белгилеген болчу. Бул жерге Турганбаевдин же башка бир чоңдордун кандай тиешеси бар? Булар атайын бүт бардыгын аралаштырып, ишти создуктуруп жатышат.

Жетекчилердин аттары аталганда

Куват Карабаевге козголгон кылмыш иши кайра 2012-жылы октябрь айында жанданып, милиция аны тергөө абагына камакка алган. Жалпысынан тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Куват Карабаев шаардан чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.

- Эмнеге шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Норузбаев жасалма козголгон кылмыш иши боюнча ынанымдуу жүйөлөрдү көрүп туруп, ишти токтото албаганда эле мен мунун артында Мелис турганын түшүндүм.
Халима Карабаева

Учурда ага карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүүдө. Буга чейин ишти караган судья кылмыш ишиндеги бир топ кемчиликтерден улам, аны кайра тергөөгө жөнөткөн. Ал арада айыпкер тараптын адвокаты кылмыш иши жасалма далилдердин негизинде козголду деген негизде прокуратура органдарына арызданган. Анткени бул иш боюнча топтолгон материалдардын айрымдары аталган кылмыш ишинде жок болуп чыккан. Мына ошондуктан тергөөчү Дамира Турсуниязова козгогон кылмыш иши боюнча далилдер жасалмаланган деген негизде кылмыш иши козголгон.

Куваттын апасы Халима Карабаева анын уулун каматууга ички иштер министри Мелис Турганбаев өзү кызыкдар болгон деди:

- Эмнеге шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Норузбаев жасалма козголгон кылмыш иши боюнча ынанымдуу жүйөлөрдү көрүп туруп, ишти токтото албаганда эле мен мунун артында Мелис турганын түшүндүм. Анан мен анын кабинетине барып, диктофонду жандырып, жаза баштадым. Ал мага "сенин балаң ким болуп калыптыр, ал мен үчүн пешка" деди. Ал мага сенин күйөөң келгенде “Марлеске чалып, уйгурга чалып, ал баланы коё бергиле” деп чалбадым беле деди. Анан мен эч кандай арыз болбосо эле бул ишке кандай тиешеси болгонун сурадым. Бул иш баары бир бир күнү ачылат.

Ошол эле кезде ички иштер министри өзү бул доомат туурасында комментарий бере элек. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Халима Карабаеванын дооматын төгүндөгөн маалымат таратты. Анда бул жерде алдамчылык менен айыпталган жаранды апасы жоопкерчиликтен куткарып калуу үчүн министрдин атын кошуп жатканы көрсөтүлгөн. Бирок Халима Карабаева арыздануучу Музаффар Хусановду, анын кожоюну Эркин Абдразаковду жана ички иштер министри Мелис Турганбаевди байланыштырган бизнес кызыкчылыктар болгон деп белгилеген.

Анткен менен Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

- Булар жанагы ишке Турганбаевдин, Жапаровдун жана дагы башка бир кишилердин катышы бар деген билдирүүнүн негизинде биз атайын иликтөө жүргүздүк. Ошонун негизинде биз бул Халима Карабаева деген адам өзүнүн уулун сот жоопкерчилигинен сактап калуу үчүн эле мына ушундай билдирүү менен чыгып жатат деп ойлойбуз. Бул ишке Ички иштер министрлигинин, конкреттүү министр Мелис Турганбаевдин тиешеси дагы жок. Аларды тааныбайт дагы. Бул ишке жакында сот чекит коёт да.

Учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда малайзиялык ишкер долбоордун айынан алдамчылыкка шектелген Куват Карабаевдин үстүнөн териштирүү жүрүүдө. Куват Карабаевдин адвокаты 2012-жылы далилдерди жасалмалоо жолу менен топтогон аракеттерге укуктук баа берүүнү талап кылууда. Ошондой эле Куват Карабаевдин Музаффар Хусанов жана малай жараны Саиф бин Пилай менен болгон байланыштарын тастыктаган далилдерди соттун кароосуна сунуштады. Бул иш боюнча 23-мартта тараптар өз жүйөлөрүн айткан соң, сот бул тууралуу өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды.

XS
SM
MD
LG