Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Өзбекстан колдонгон төрт пансионатты Кыргызстан өзүнө алат


Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдөгү "Рохат" пансионаты

Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдөгү "Рохат" пансионаты

Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген пансионаттарды Кыргызстандын менчигине өткөрүп алуу тууралуу өкмөттүн токтому талкууга түштү.

Өкмөттүн бул чечимин шашылыш кабыл алынган, популисттик кадам катары баалагандар бар. Ошол эле учурда Өзбекстандагы ишканаларга тиешелүү пансионаттар боюнча кыргыз тараптын чечимине пансионатка ээлик кылган акционерлер жооп берери деп айтылууда.

Пансионаттар укуктук жактан Кыргызстандыкы

Ысык-Көлдөгү пансионаттар 1992-жылкы КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишим боюнча толугу менен Кыргызстандын менчиги. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев 5-апрелде маалымдап, мындай чечимди кабыл алууга бүгүнкү бийликтин саясий эрки жетти деп билдирди:

- Юридикалык жактан Кыргызстандыкы болгону менен иш жүзүндө бул пансионаттарды Өзбекстан колдонуп келген. Мурунку бийликтердин тушунда газ жана энергетика боюнча Кыргызстан Өзбекстандан көз каранды болгондуктан, бул маселени чече алышкан эмес. Азыр биз “Датка –Кемин” аркылуу энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук. “Газпромдун” жардамы менен көгүлтүр от боюнча да маселе чечилди. Бүгүнкү күндө бул президенттин жана премьер-министрдин саясий эрки менен чечилип, төрт маселе Кыргызстандын менчигине өттү.

Өзбекстан пайдаланып келген пансионаттарды 80 гектар жери менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүүнүн үстүндө өкмөттүн алдындагы мүлк фонду иштеп жатат.

Экономика министрлигинин айтуусунда Өзбекстан колдонуп келген пансионаттардын дебитордук жана салык жагынан карыздары бар. Мамлекеттик салык кызматы азырынча аталган пансионаттардын карызынын так суммасын атай элек.

Төккөн салыгынан электр энергиясына болгон карызы беш эсе көп

Маалымдай кетүүчү нерсе, “Рохат-НБУ” пансионаты электр энергиясы үчүн 15,5 млн сом карыз. Ал эми өткөн жылы аталган пансионат Кыргызстандын бюджетине 491 миң сом жер салыгын кошуп, 2,73 млн сом салык төккөн.

- 1972-жылы “Золотые пески” пансионаты авиациялык өнөр жай заводунун акчасына курулган, азыр ал заводго акционердик коом ээлик кылат. Ошондуктан, бул маселени акционерлер карап, чара көрүшөт деп ойлойм.

“Золотые пески” пансионаты 610,8 миң сомдук жер салыгы менен кошо 4,56 млн сом, ал эми “Дилором” эс алуучу жайы 748,5 миң сом жер салыгы менен кошо 3,9 млн сом салык төккөн.

“Золотые пески” пансионатынын менеджери Марта Мухтарова пансионатка келип эс алуучулар негизинен Кыргызстандын жарандары болуп келе жатканын айтат. Анын “Азаттыкка” айтуусунда, эс алуучу жайдын жетекчилери Өзбекстандан, ал эми кызматкерлердин көпчүлүгү жергиликтүү элдин өкүлдөрү:

- Негизинен Кыргызстандын жарандары иштешет. Ал эми жетекчиликтеги 3-4 киши Ташкенден. Пансионат мурда авиациялык заводго таандык болгон, эки жылдан бери механизациялык заводдун карамагына өткөн. Биздин тилегибиз – бул чечим эс алуу сезонуна зыянын тийгизбесе болду.

Марта Мухтарованын айтуусунда, “Золотые пески” пансионатынын азыркы базар баасы 6 млн АКШ долларына барабар. Аталган эс алуучу жайдын карамагында 28,25 гектар жер бар.

"Пансионаттын ээси -акционерлер"

“Золотые пески” пансионаты 1972-жылы Ташкендеги Чкалов атындагы авиациялык өнөр жай бирикмеси тарабынан курулган. Аталган бирикменин атын атагысы келбеген мурдагы жетекчиси пансионатты Кыргызстандын менчигине алуу тууралуу маселени Ташкендеги Чкалов атындагы авиациялык бирикменин акционерлери чечет деп билдирди “Азаттыкка”:

- 1972-жылы “Золотые пески” пансионаты авиациялык өнөр жай заводунун акчасына курулган, азыр ал заводго акционердик коом ээлик кылат. Ошондуктан, бул маселени акционерлер карап, чара көрүшөт деп ойлойм.

Азырынча башка пансионаттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Эки элдин ынтымагына таасир этпейби?

Ысык-Көл жээгиндеги Өзбекстан пайдаланып келген пансионаттар тууралуу өкмөттүн буйругу түрдүү пикирлерди жаратууда.

Пансионаттарга инвестиция кылабыз дегендер бүгүнкү өкмөттүн аракетин көрүп, ойлорунан кайта баштайт. Ошондуктан бардыгын таразалап, эл менен кеңешип, анан гана ушундай кадамга барса болмок. Азырынча өкмөттүн аракети популизмге окшошуп жатат.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдувахаб Нурбаев өкмөттүн чечими кыргыз-өзбек мамилесине таасир этпейт деген пикирде:

- Өкмөттүн бул токтому коңшулаш жашаган кыргыз-өзбек мамилесине, ынтымагына доо кетирбейт. Анткени, мыйзам боюнча бул пансионаттар Кыргызстандын менчиги. Ошондуктан, Кыргызстан аларды кайра өзүнө алууга толук укуктуу.

Ошол эле учурда Өзбекстан колдонуп келген пансионаттар боюнча өкмөттүн токтомун шашылыш чыгарылган популисттик кадам деп баалагандар да бар. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай чечимди кабыл алар астында тараптар сүйлөшүү өткөрүп, шарттарды тактоого тийиш эле деп эсептейт:

- Албетте, мен бул чечимди туура эмес деп айтпайм. Бирок эл аралык норма деген бар, ошонун алкагында эле чечимдерди кабыл алса деле болмок. Биз тескерисинче өзбектерди көлгө тартып, туризмди өнүктүрүү кадамдарына барсак жакшы болмок. Азыр ушундай маалыматты уккандан кийин өзбек коңшулар эс алганы келбейт. Ошондой эле туризмге каражат салабыз, пансионаттары курабыз деген башка мамлекеттерде, Европа, Индия, Кытай жана Орусияда кызыкдар адамдар бар да. Ошолордун ою да азыр тескери бурулат. Пансионаттарга инвестиция кылабыз дегендер бүгүнкү өкмөттүн аракетин көрүп, ойлорунан кайта баштайт. Ошондуктан бардыгын таразалап, эл менен кеңешип, анан гана ушундай кадамга барса болмок. Азырынча өкмөттүн аракети популизмге окшошуп жатат.

Жекшенкуловдун айтуусунда, мындай бир тараптуу чечимден кийин Өзбекстан сотко кайрылуусу жана компенсация талап кылуусу ыктымал.

Экономика министри Арзыбек Кожошев болсо компенсация маселеси жөнүндө сөз болуусу мүмкүн эместигин, пансионаттын карыздары, келишимдердин аткарылбаганы боюнча Кыргызстан тараптын да өзбек тарапка бере турган суроолору бар экенин билдирүүдө.

Казакстан пайдаланып жүргөн пансионаттарга да кезек келет

Ысык-Көл жээгинде Казакстан пайдаланып жүргөн дагы төрт пансионат бар. Алар: "Олимп" ден соолукту чындоо базасы, "Самал" эс алуу үйү, "Казакстан" санаторийи жана "Университет" ден соолукту чыңдоо лагери. 2009-жылы расмий Астана бул пансионаттарды узак мөөнөттүү ижарага алууга жетишкен. Ошол эле жылы Өзбекстандын 1-вице-премьер-министри Рустам Азимов Ысык-Көлдөгү Өзбекстан өзүнүн менчиги деп санаган курорттук объекттердин маселесин чечүү талабын койгону белгилүү. Ал убакта бул маселе чечилери айтылганы менен кандайдыр бир чечим кабыл алынган эмес.

Кыргыз тарап кези келгенде Казакстан пайдаланып жүргөн пансионаттарды Кыргызстандын менчигине алуу маселеси да караларын билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтүнүн Өзбекстан колдонуп келген пансионаттарды өз менчигине алуу чечими Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштан кийин болуп отурат. Бирок өкмөт ал чек ара чатагына чейин эле чек аралаш аймактардагы Өзбекстан пайдаланып келген бир катар мүлктөрдү кайтарып алууну баштаганын айткан. Өкмөттүн буга чейинки маалыматына караганда төмөндөгү мүлктөр Кыргызстанга алынган:

Жалал-Абад облусу боюнча: Ала-Букадагы"Орто-Токой" суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), "Чуст" каналы (14,5 км), Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км). Баткен облусу боюнча: Сох-Шаймерден каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы Савай каналы (28 км).

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG