Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Разаков: Өзбекстандын жасаган иштери мыйзамсыз


Разаков: Өзбекстандын жасаган иштери мыйзамсыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Өзбекстандын күч кызматкерлери Аксыдагы Үңкүр-Тоо телемунарасынан кармап кеткен төрт кыргызстандык жарандардын адвокаттарын алар менен жолугушууга киргизбей жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Аталган фракция бүгүн ушул маселени талкуулады. 22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен учуп келип аскерлерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды коңшу өлкөнүн тартип сакчылары кармап кетишкен. Муну “кыргызстандыктар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалды” деп түшүндүрүшкөн. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда.

XS
SM
MD
LG