Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Үңкүр-Тоо: эл президентке кайрылды


Өзбекстандын күч кызматкерлери Үңкүр-Тоодогу телемунарадан кармап кеткен төрт кыргызстандыкка адвокаттарды киргизбей жатканы кабарланды.

Камактагылардын жакындары болсо, аларды тезинен бошотуу чарасын көрүүнү талап кылып, президентке кайрылышты.

Үңкүр-Тоодогу телемунаранын жумушчусу, Өзбекстандын күч кызматтары кармап кеткен Жеңиш Ташматовдун үч баласы бар. Жубайы Ажар Шишкараеванын айтымында, 15 күндөн бери аларда уйку жок:

- Эч кандай кабар болбосо, бийлигиң деле бир ооз маалымат бербесе, кайдагы уйку. Мындай акыбал жалгыз эле менде эмес, мага окшоп, күйөөсүн, уулун, атасын күтүп жаткан башкалардын да башында болуп жатат бүгүнкү күнү. Бийлик неге алсыздык кылып жатканына түшүнбөйм. Эмнеге эки жумадан бери эч нерсе кыла албай отурат?

- Төрт жаран боюнча тийиштүү ноталар берилген. Адвокаттык топ дайындалган. Бирок Өзбекстандын күч кызматкерлери аларды киргизбей жатышат.

Ажар Шишкараева кошумчалагандай, айрым жергиликтүү жетекчилер Өзбекстанда кармалып турган төрт кишинин жакындарына акчалай жана башка жардамдар берилип жатканын телевидение аркылуу маалымдаган. Бирок эч кандай жардам берилбегенин айткан Ажар аларга акчанын да, башка жардамдын да кереги жок экенин кошумчалады:

- Биздин облустагы жетекчилер Өзбекстанда кармалып турган төрт кишинин туугандарына акчалай жана башка жардамдар көрсөтүлүп жатат деп телевизордон айтыптыр. Аны мен өзүм көргөн эмесмин, аны мага башка бирөөлөр “күйөөңдү Өзбекстанга отургузуп коюп, акчасын жеп атасың” деп какшыктап кабарлашты. Мага мамлекеттин акчасынын да, башкасынын да кереги жок. Мага балдарымдын атасын аман-эсен алып келип берсин. Мен ошону талап кылам.

Жалал-Абад облустук администрациясы Үңкүр-Тоодо кармалып тургандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берилгени тууралуу маалымат чыкпаганын “Азаттыкка” билдирди.

Ал арада Өзбекстанда кармалып турган кыргызстандык жарандарды адвокаттар менен жолуктурбай жатышканы кабарланды. Бул тууралуу 6-сентябрда парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтты:

- Төрт жаран боюнча тийиштүү ноталар берилген. Адвокаттык топ дайындалган. Бирок Өзбекстандын күч кызматкерлери аларды киргизбей жатышат. Адвокаттык топ, консул баш болуп, Намангандын Жаңы-Коргон райондук милициясына келип, кайра кетишкен.

​Разаковдун маалыматы боюнча, телемунаранын кармалган жумушчулары 22-августтан бери Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турушат. Өзбек бийлиги буга чейин алар “Өзбекстандын жеринде мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалганын, алар эми өзбек мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын” расмий кабарлаган болчу.

Айрым маалыматтар боюнча адвокаттар Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү юристтерден жалданган.

Үңкүр-Тоо маселесин талкуулаган Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Өзбекстандын күч кызматкерлери кыргыз жарандарын алып кирип кетип, камап койгонун айыптады. Фракциянын турумун жыйын соңунда лидери Бакыт Төрөбаев журналисттерге билдирди:

- Мамлекет тараптан, өкмөт тараптан иш-аракеттер жасалып жатат. Бирок абал аябай курч. Натыйжада эки өлкөнүн эли кыйналып жатат. Маселени чечүү үчүн ачууга алдырбашыбыз керек. Өзбекстан тарап да, Кыргызстан да иш-аракеттерди көрүп жатат. Чагымга алдырбаш керек. Мындан пайдаланган үчүнчү күчтөр кутум уюштурушу мүмкүн. Муну дипломатиялык жол менен гана чечиш керек.

Өзбекстандын күч кызматтары кармап кеткен төрт кыргызстандыктын тагдыры боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрь күнү Самарканга Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга барган кезде да өзбек премьер-министри Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу сүйлөшүп, талкуулаган. Ага чейин 2-сентябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында маселе көтөрүп, кармалган кыргызстандыктардын токтоосуз бошотулуусун талап кылган болчу.

6-сентябрда болсо президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго бул маселени конструктивдүү жол менен чечүүнү тапшырды. Бирок мындан кандай натыйжа чыгат, азырынча белгисиз.

Ал эми Өзбекстанда кармалып тургандардын жакындары аларды тез арада бошотуу боюнча иштерди жүргүзүүнү талап кылып, президентке кайрылышты.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG