Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Насыясын төлөй албагандар өкмөттөн жана банктардан бир жыл мөөнөт берүүнү сурашууда


Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Назгүл Асанованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, насыя акчалардын дээрлик бардыгы айыл чарба иштерине байланыштуу алынган. Быйыл аба ырайынан улам түшүм болбой калып, насыя акчаны төлөө оор болуп жатат:

- Быйыл түшүм биз күткөндөй болгон жок. Ошондуктан жок дегенде быйылча пайыздарын да, негизги суммасын да төлөөнү токтото тургула деп суранып жатабыз. Биздин өкмөт да акыбалды түшүнүп, колдоп койсо болмок.

Ар кайсы кредиттик мекеме, банкттардан насыя акча алып, аны кайтара албай калган 50 чакты киши бир нече күндөн бери Бишкекте чогулушуп, өкмөттөн өздөрүнүн маселесин карап, чечип берүүнү талап кылышууда.

Алар банкттар жана үстөк пайыз менен насыя акча берген мекемелер алдоо жолу менен элди сызга отургузуп, күрөөгө коюлган буюм-тайымдарын, үй-жайларын алып коюп жатышат деп күнөөлөшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG