Кыргызстанда 18-январда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,
Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз +1...+6,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -28...-33, күндүз -12...-17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -11...-16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -34...-39, күндүз -20...-25 градус суук.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.Түнкүсүн -9…-11, -1…+1 градус болот.