Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Чаткалдын жолу ачылды


Жол тазалоо.
Жол тазалоо.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районун башка аймактар менен байланыштырган жол эки күндүк тазалоо иштеринен соң толук ачылды. 17-февралда жолго 20 миң куб метр кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери эки күн тынымсыз иштеп, 19-февралда каттам калыбына келгенин өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Бүгүндөн район тургундарына аталган министрликтин гуманитардык жардамы жеткириле баштайт.

Өткөн аптада Чаткалдын айрым айылдарында кардын калыңдыгы эки метрге жеткен. Мындан улам мектеп, бала бакчалар убактылуу жабылып, кайра ачылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG