Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Мазут төгүлгөн жерде табылган адамдын сөөгү иликтенүүдө


Бишкек-Ош унаа жолунда мазут ташыган жүк унаасы оодарылган жерден табылган бир кишинин сөөгү боюнча милиция иликтөө жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 21-февралда Жалал-Абаддан Чүйдөгү “Петролеум Жунда” ишканасына мазут алып келаткан машине оодарылып кеткен. Төгүлгөн мазут жолго жакын Абыла суусуна куюлган эмес. Окуя кечки саат жетилерде болгон.

Куткаруучулар кырсык болгон жерден бир адамдын сөөгүн табышкан. Унаа ичинде айдоочу жалгыз болгону болжолдонууда.

Адам өлүмүн Жайыл райондук милициясы иликтеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG