Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Путин Борбор Азияга сапарын Казакстандан баштады


Путин менен Назарбаевдин Астанадагы жолугушуусу.
Путин менен Назарбаевдин Астанадагы жолугушуусу.

Орусия президенти Владимир Путин Борбор Азиянын үч мамлекетине сапарын 27-февралда Казастандан баштады. Ал Алматыда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Сирия жана интеграциялык жараяндар боюнча сүйлөшүү өткөрдү. 27-февралда кечке жуук анын Тажикстанга барып, президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүү өткөрүүсү белгиленген.

28-февралда Путинди Кыргызстанда күтүшөт. Владимир Путиндин сапары алдында Кыргызстанда оппозициялык фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев кармалып, саясий кырдаал курчуп кетти. Кыргызстан, Казакстан жана Орусия Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Кремлдин маалымат кызматы Путиндин Борбор Азияга сапары бул чөлкөм өлкөлөрү менен дипломатиялык байланыш түзүлүүсүнүн 25 жылдыгына арналганын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG