Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

АКШ Мосулдагы аба соккусун иликтөөдө  


Мосул.
Мосул.

АКШ армиясы Ирактын Мосул шаарында 17-марттагы эл аралык коалициянын учактары ишке ашырды деген аба соккуну иликтей баштады. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, бомбалоодон 200гө жакын адам каза тапты.

Америкалык аскер башкармалыгы аба сокку Ирак бийлигинин өтүнүчү менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Пентагон соккуну коалиция урган болушу мүмкүндүгүн четке какпайт, ошол эле учурда өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ жасаган теракт деген версияны да карап жатат. Армия жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматты ырастаган жок.

17-марттагы аба соккудан үч имарат талкаланган. Британиялык The Guardian басылмасы билдиргендей, имараттардын бириндеги урандылардын алдынан эле 80ден ашык адамдын сөөгү табылган.

XS
SM
MD
LG