Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

“7-апрель окуясы - бир жылдан соң”. Мына ушундай аталыштагы төгөрөк үстөл жыйынында бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү өткөн жылкы бийлик алмашуудан кийин кетирилген кемчиликтерге жана жетишкендиктерге баа беришти.

Бийлик кулады, каршылык уланды

7-апрель ыңкылабынын негизги натыйжасы үй-бүлөлүк-кландык бийлик режиминин кулашы жана демократиялык кайра курууларга ташталган кадам белгиленди. Баш мыйзам өзгөртүлүп, парламенттик башкарууга өтүү бийликтин бир колго топтолушуна бөгөт койо турган система катары мүнөздөлдү. Мындай өзгөрүштөргө багыт алуу үчүн өткөн жылы аянтта 87 адамдын каны төгүлгөн.

Андыктан Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков бул күндү Элдик ыңкылап деп атоого толук негиз бар деп эсептейт:

- Мына азыр парламент ар түрдүү көз караштагы партиялардан куралып, көчөлөрдөгү талаш-тартыш имараттын ичине кирди. Мына ошол жерде саясатчылар идеялары менен күрөшсүн, элди ынандырсын. Теледен көрүп, кимдин ким экендигин эл билсин деп ушундай системаны алып келдик. Бул жакшы жетишкендик. Мына ушундай өзгөрүүгө жол салган күндү улуу Апрель ыңкылабы деп айтканга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
Ошол эле учурда 7-апрелден кийинки бийлик боштугун толуктоодо жана ийкемдүү реформаларды жүргүзүүдө бир катар кемчиликтерге жол берилгендиги сынга алынды.

Анын натыйжасында өткөн жылы июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө этникалык кагылыш от алып кеткендиги айтылды. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бир катар өксүктөргө карабастан курч карама-каршылыктарды жөнгө салууга мүмкүн болгондугуна токтолду:

- Эгер тарых кайра башталса биз көп нерселерди башкача кылмакпыз. Мына ошондой татаал мезгилде жүздөгөн адам курмандыктарына алып келген жагдайды болтурбай койгонго башкача аракет кылмакпыз. Саясий реформаларды башкача мөөнөттө, башкача ылдамдыкта жасасак болмок деген ойлор болот. Бирок тарых кандай буюрса ошондой болуп калды. Араб өлкөлөрүндө болуп жаткан аягы көрүнбөгөн жарандык согуш аракеттерин көрүп туруп, биз кырдаалдан аларга салыштырмалуу жеңилиреек чыгып кеткенибизге тообо дейбиз.

Жаңыча система менен эскиче иштөө

Анткен менен бийликке келген партиялар тарабынан парламенттик башкаруунун табияттын туура эмес түшүнүүдөн улам, башкаруунун эски усулдары колдонулуп жаткандыгы да талкууга алынды. Андыктан бийликтеги саясий күчтөрдүн ортосунда каржылык жана административдик ресурстар үчүн күрөш мурдагыдай эле улантылып жаткандыгы мисалга алынды.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
“Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев мунун бардыгын калыс көзөмөлгө алууда президенттин туруму бир жактуу болуп жаткандыгын сынга алды:

- Президент бардыгынын үстүндө туруш керек болчу. Ал эч качан саясий күчтөрдүн ортосундагы чыр-чатакка аралашып кетпеши керек эле. Бирок андай болбостон мамлекет башчысы чырдын ичине кирип кетти. Мындай шартта чыр-чатакты ким калыс чечет? Мында кармап туруу жана тең салмактуулук механизми бузулуп жатат. Жыйынтыгында президент кыймыл аракеттинде арбитрлик ролунан ажырап жаткандыгы байкалат.

Бирок мындай доомат менен бийликте турган ыңкылапчыл күчтөрдүн өкүлдөрү макул эмес. Президенттик аппараттын жетекчиси
Эмил Каптагаев саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүүгө мамлекет башчысынын катышы жок экендигин белгиледи:

- Мунун бардыгына президент аралашып жатат деген туура эмес. Президент бардыгын үстүнөн карап гана баа берип турат. Бирок аны ошол чыр-чатакка тартууга саясий оюнчулар аракет кылып жатышат. Мына ошол баш прокурор болуп жарым жылдан ашуун иштеген К. Байболовдун айткан сөзүн терең иликтеп чыкканда бардыгы түшүнүктүү болот.

Жыйналышта 7-апрель окуясы боюнча тергеп-иликтөө иштеринин төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөндүгү мисалга алынды. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун окуянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн көпчүлүгү кармалбай калгандыгын сынга алды:

- 7-апрель окуясына бир жыл болгондугуна карабастан чекит койулбай жатат. Буга катышы бар деп шектелгендердин көпчүлүгү өлкөдөн качып кетишкен. Алардын айрымдарын ошол мезгилде атайылап качырып жиберишкен деген да маалыматтар бар. Сот иштери саясий шоу катары өтүп, тергеп-иликтөө иштери начар жүргүзүлгөндүгү көрүнүп калды.

Аягында 7-апрель окуясынан сабак алуунун негиздери жана шарттары талкууга алынып, өксүктөрдү жана кемчиликтерди жойуунун жолдору белгиленди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG