Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

“Ак жол” президенттикке К. Бакиевдин талапкерлигин көрсөттү


1-майда Бишкекте “Ак жол” элдик партиясынын курултайы болуп, анда 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлдү. Талапкер катары бир добуштан азыркы президент Курманбек Бакиевдин ысмы аталды.

“Ак жол” партиясынын курултайы Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өттү. Ага 344 делегат катышты.
Курултайды алып баруучу болгон “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Автандил Арабаевдин маалыматы боюнча, партиянын ар бир 300 мүчөсүнөн бирден делегат шайланып келди. Андан сырткары филармониянын залында президенттик администрация, өкмөт, парламент мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик башчылары, элчилер болду.

Курултайдын башында Россиянын “Единая Россия”, Казакстандын “Нур отан”, Кытайдын Коммунисттик жана Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясынан өкүлдөр куттуктоо сөз сүйлөштү.

“Единая Россия” партиясынын өкүлү, Мамлекеттик Думанын Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Константин Косачев куттуктоо менен бирге Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык, союздаштык биримдиги, өтө назик болгон эл аралык, регионалдык мамилелерде бирин-бири түшүнүү менен саясат жүргүзүүдө деп, эки өлкөнүн мамилесин жогору баалады.

Коноктордун куттуктоо сөзүнөн кийин партия курултайдын күн тартибиндеги негизги маселени кароого өттү. Ал 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого париянын өз талапкери менен катышуусу эле. Бул маселе боюнча алгачкылардан болуп сөз алган “Ак жол” партиясынын Ысык-Көл боюнча координатору Мурат Жетимишбаев партия лидери Курманбек Бакиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүүнү сунуштады:

-“Ак жол” элдик партиясынын Ысык-Көл облусундагы он миңдеген акжолчуларынын атынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Кыргыз Республикасында 23-июлда боло турган президенттик шайлоого Кыргыз Республикасынын президенти, “Ак жол” элдик партиясынын төрагасы Курманбек Салиевич Бакиевдин талапкерлигин сунуш кылам.

Андан кийин сөз сүйлөгөн “ Ак жол” партиясынын Чүй, Ош облусунун, Бишкек шаарынын өкүлдөрү Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоп чыгышты.

Курултай бир добуштан Курманбек Бакиевдин талапкерлигин бекитти. Андан кийин президент Курманбек Бакиев сөз алып, өзүнүн идеологиясы, платформасын жарыялады. Президент Диалог, Демилге жана Өнөктөштүк деген ураан көтөрүп, укуктук коомду курууга токтолду:

-Укуктук коомду куруунун төмөнкүдөй түптүү принциптери менен ой жүгүртүүмдүн негизи болуп келди. Ал принциптер кайсылар? Алар: мыйзам алкагында адам укуктарын сактоо; коомдун негиздерин жана дөөлөттөрүн айрым топтордун эгоизми тарабынан кыйратууларына жол бербөө үчүн коомдун укуктарын сактоо; экологиялык капсалаңдардан, адам менен табияттын татуулашып өмүр сүрүшү үчүн шарттарды бүлүнтүүгө жол бербөө үчүн жаратылыштын укуктарын сактоо, деген президент ага улуттун эс-тутумун, келечек урпактардын тунук суу, таза аба жана келечек өнүгүүгө болгон укуктарын сактоону да кошту.

“Ак жол” партиясынын ишине токтолгон президент, партия эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөө болуп, кабыл алынган чечимдерди аткарууга салымын кошууга тийштигин белгиледи. Партия ошондой эле кадрдык резерв түзүү, өзүнүн иштөө ыкмасын өзгөртүү багытында аркеттерди жасоого тийиш. “100 миңден ашуун мүчөсү бар партия менен алдыбыздагы кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем”,- деп белгиледи президент.

Курултай президенттикке талапкерди көрсөтүүнү чечкен соң партиянын уставына өзгөртүү киргизүү, саясий кеңешти кыскартуу, жетекчиликтин бир жыл ичиндеги аткарылган иштер боюнча баяндамаларын угуп, чечимдерди кабыл алды.

"Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG