Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Түрк компаниясына төлөнгөн доонун чатагы ырбады


"Ак-Кеме" мейманканасы.
"Ак-Кеме" мейманканасы.

Башкы прокуратура “Ак-Кеме” боюнча төлөнгөн доого байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Анын алкагында 23-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин айрым депутаттары көрсөтмө берди. Түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясы “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча кыргыз өкмөтүн эл аралык соттон утуп алган. Бул чечимдин негизинде Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Кыргыз тарап 11 миллион доллар доону төлөп берүүгө мажбур болгон.

“Ак-Кеме” мейманканасы боюнча түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 миллион доллар төлөп берүү боюнча өкмөттүн чечимине Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитети макулдугун берген. Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Өмүрбек Абдрахманов комитеттин төрагасы өзү жалгыз гана чечим чыгарып койгонун, мыйзамдын жобосу бузулганын айтууда:

- Өкмөт 6,5 миллион долларды бюджетен алып “Кыргызалтынга” бериптир. Калган акчаны “Кыргызалтын” кайсы бир жактан карыз алганбы, айтор акча таап, биздин камактагы акцияларды бошотуп алды. Каржы министрлиги бюджетте каралбаган акчаны кантип берди? Кептин баары мына ушунда болуп жатат. Мен бул маселени комитетте көтөрүп чыккам. Эмне себептен бизге, парламентке алып келбейсинер дегем. Бюджеттеги элге таандык акчаны берип койгонго акылары жок болчу. Мени “сиз жокто ушундай чечим болгон” деп алдап коюшкан. Көрсө комитеттин жетекчиси Курманбек Дыйканбаевдин колу менен кетирип жиберишиптир. Бул мыйзамсыз болуп эсептелет.

Курманбек Дыйканбаев өзү жалгыз кол койгонун моюнуна алды. Бирок муну менен мыйзам бузулган деген дооматты четке какты. Анын билдиришинче, кандайдыр бир чукул кырдаал жаралса, өкмөт бюджетте каралбаган каражатты өз токтому менен бөлө алат жана буга парламент же анын комитетинин макулдугун алуу шарт эмес:

- Өкмөттүн токтому менен Каржы министрлиги бюджетке өзгөртүү киргизе алат. Мунун баары мыйзамдуу. Ал комитетте каралса да, каралбаса да болот. Өкмөттүн токтому келгенде комитет жыйынга чогулбай калган. Мен ал өкмөттүн чечимине каршы эмесмин деп кол коюп бергем. Андан сырткары мамлекеттик деңгээлде ачык айтылбай турган жагдайлар болгон. Ошондуктан чечим мыйзамдуу. Жакында эле өкмөт бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет берип, андагы өзгөрүүлөр айтылды. Ошондо парламент үч окууда тең муну жактырды.

Айтор “Ак-Кеме” мейманканасына байланыштуу доонун төлөнүшүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында териштирүү башталды. Башкы прокуратура факт боюнча кылмыш иш козгоду.

Мурунку “Пинара”, азыркы “Ак-Кеме” мейманканасын эгемендиктин алгачкы жылдарында түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин аталган мейманкананын ээлери алмашкан. Буга байланыштуу “Систем мүхендислик” кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, утуп алган. Сот 11 миллион доллар доого жыгып, Кыргызстандын "Центеррадагы" акцияларын камакка алган. Кыргыз тарап доо каражатты атайын эсепке которгондон кийин гана акциялар камактан чыгарылган.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кыргыз өкмөтү “Ак-Кеме” мейманканасынын азыркы кожоюндарын соттон утуп алганын “Азаттыкка” билдирди. Түркиялык компанияга төлөгөн доо эми ошонун эсебинен жабыларын белгиледи:

- Мейманкананы малайзиялык компания мыйзамсыз алып алган. Кыргыз өкмөтү аларды сотто утуп алды. “Ак-Кеменин” баасы болжол менен 10 миллион доллардын тегерегинде. Эми аны кыргыз өкмөтү менчикке алат. Түркиялык компанияга берилген акча ошонун эсебинен жабылат.

Кыргыз өкмөтүн жалпысынан сегиз чет өлкөлүк компания эл аралык сотко берген. “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча утулгандан кийин, “Манас” банкына байланышкан териштирүүдө мурунку президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деп эсептелген Валерий Белокондун пайдасына чечим чыгарылган. Кыргыз тарап ага ылайык, 16, 5 миллион доллар доо төлөп бергени жатат.

XS
SM
MD
LG