Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Кыргызстанда райондордун акимдерин шайлоо партиялык, кландык, жердешчилик кызыкчылыктар аркылуу болду деген нааразычылыктар менен коштолууда.

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук кеңешинин депутаттары аларга акимди шайлоонун жыйынтыктары боюнча утулуп калган талапкердин жактоочулары тараптан коркутуулар болуп жатканын айтып чыгышты.

Сокулук райондук кеңешинин эң жаш депутаттарынын бири Азат Жаныбеков аны "мандатыңды тапшыр" деп коркуткан адамдар артынан калбай аңдып жатышканын айтты:

- Үйгө бара албай жатам. Шаарда калууга аргасызмын. Анткени коркутуулардын куйругу үзүлө элек. Бирок мен өз позициямдан кайтпайм. Шайлоодо ким жеңсе, ошол адам аким болуш керек. Бирок мени коркуткан адамдар “мандатыңды тапшыр, же шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин деп жарыяла” дегендей ыдык көрсөтүп жатышат.

Ошол эле учурда Сокулук районунун акимдигине өтпөй калган талапкер Эркинбек Аширбаевдин жактоочулары жергиликтүү депутаттарды эч ким коркутпаганын айтып, бирок аларга карата дооматтары бар экенин белгилешти. Анткени Сокулуктагы аким шайлоодо райондук кеңештин депутаттарына 5 миң долларга чейин пара берилгени боюнча тастыкталбаган имиштер тарап жатканы айтылды.

Сокулук районуна караштуу Күнтуу айылынын тургуну Арген Кутманалиев бул тууралуу райондук кеңештин айрым депутаттары билдиришкенине токтолду:

- Азыр бизде булардын көпчүлүгү добуштарын акчага сатышкан деген маалыматтар түшүп жатат. Анын мына ошол депутаттардын ичинен айрымдары бизге өздөрү келип айтышты. Булар чын эле таза жол менен акимди шайлашса, үйүнө баргандан коркпой айылга барып, элге түшүндүрүп беришсин. Бара алышпайт. Анткени эмне кылганын булар өздөрү жакшы билишет. Бизге мындай шайлоонун кереги жок.

Кызыкчылыктардын кагылышы

6-февралда Сокулуктун акимдигине болгон шайлоодо “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Мукаш Осмонкулов көпчүлүк добуш менен жеңүүчү деп табылды. Бирок буга нааразы болгон экинчи тарап шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Райондук кеңештин депутаттары утулган талапкердин жактоочулары аларды төрт саатка жакын барымтада кармашып, шайлоо бюллетендерин жана протоколду тартып алууга аракеттенишкенин айтышты. Утулуп калган талапкер Эркинбек Аширбаев 2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоонун шары менен кызматка келген. Акимдикке шайлоодо беш добушка ээ болгон.

Сокулук райондук кеңешинин депутаты Орозалы Мамаев жеңилип калган тарап аларды ыңкылапчыл талапкерди колдогон жоксуңар деп айыптап жатышканына токтолду:

- Шайлоо учурунда өздөрү каалаган жыйынтыкты чыгарууга ынтызар күчтөр максаттарына жеткен жок. Алар бизге “7-апрелде акимдикке эл шайлаган Эркинбек Аширбаевди колдобой башкасына добуш берип койдуңар” деген ойлорун таңуулап жатышат. Бирок депутаттар ошондой добуш беришти. Демек алардын эркин сыйлаш керек эле да. “Ыңкылап кылдык эле, ошон үчүн силер сыйлашыңар керек” деп эле кечээги кылган эмгегин бардыгыбызга таңуулай берсе, анда кантип өнүгүү болот?

Акимдикке шайлоонун жыйынтыктарына байланышкан мындай көрүнүштөр Кара-Суу, Түп, Жайыл сыяктуу республиканын бир катар райондорунда катталды. Мунун себептерин айрым саясат таануучулар жергиликтүү мамлекеттик башкаруу тууралуу жаңыдан кабыл алынган мыйзамдын чийкилигинен көрүшөт. Анткени анда акимдикке талапкерди көрсөтүүнүн шарттары жана шайлоонун акыйкаттуулугун камсыздоочу мыйзамдык эрежелер толук берилбей калган.

Мамлекеттик башкаруу боюнча илимий изилдөөлөрдүн автору, профессор Аалыбек Акунов акимдерди тандоону райондук кеңештерге берүүнүн өзүн жаңылыштык катары баалады:

- Өкмөт башчысы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди бүт райондун жашоочулары шайлаганда туура болмок. Жанагы АКШдагы праймериз сыяктуу бир күндө 2-3 айылда шайлоо өткөрүп, талапкерлерди тандап алунун татаал механизмдерин киргизүү керек. Мына ошондо райондук кеңештердин көзүн ар кандай жол менен бойоп келген акимдер эмес, чыныгы элдин тандоосуна арзыган жана өкмөт таяна турган акимдер иргелмек.

Экинчи бир талдоочу Орозбек Молдалиев бийлик вертикалын түзүү боюнча мыйзамда өксүктөр жок экендигин айтып, көпчүлүк эрежелерди майда-баратына чейин жазуунун зарылдыгы жок деп эсептейт. Акимдерди шайлоодо келип чыккан калпыстыктарды талдоочу бара-бара жойула турган көрүнүш катары баалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG