Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

Адилет баа берилбеген Аксы окуясы


Алты кишинин өмүрү кыйылган Бозпиек айылындагы эстелик. Аксы району. 17-март, 2015-жыл

Алты кишинин өмүрү кыйылган Бозпиек айылындагы эстелик. Аксы району. 17-март, 2015-жыл

Аксы окуясына бүгүн 13 жыл толду. Андан бери үч бийлик алмашса да, 2002-жылы 17-18-марттагы кан төгүүгө адилет баа берилген жок деген нааразылыктар азыркыга чейин айтылып келет.

Аксы окуясында окко учкан алты адамдын бири Кадыркул Сатыбаев өлгөндө жаңы туулган кызы бүгүн 13 жашка чыкты. Атасынын Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн курман болгонун сыймыктануу менен айткан көчөт кыздын көздөрүндө баары бир өксүк байкалат. Апасы Айбарчын Сатыбекова “Азаттыктын” кабарчысы менен маектешкенде бийликтин аткан огунан алты кишинин өмүрү өчкөн Аксы окуясына ушул кезге чейин саясий да, укуктук да баа берилбеди, бул окуяга чыныгы күнөөлүүлөр жазасын алышкан жок деген нааразылыгын билдирди:

- Мына кызым 7-класста окуп жатат. Ошондо эки айлык наристе болчу. Алар Кыргызстандын бүтүндүгү, элимдин келечеги деп өлүп кете беришти. Эч кандай адилеттүүлүк болгон жок. Мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдик берилбеди. Мына он үч жылдан бери канча ден соолугубузду жоготтук, чындык деп эле чыркырап жүрө бериптирбиз да. Мен аябай нааразымын. Мамлекеттик кызматкерлер карапайым адамдарды пайдаланып, алдыга чыгарып коет экен да, алар курман болуп кете берет экен, өлгөндөрдүн күнүн ошолор көрөт экен.

Аксы окуясына адилеттүү баа берилбегенин тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов да белгилейт. Анын айтуусунда, Аксы окуясына түздөн-түз күнөөлүүлөр тиешелүү түрдө жазасын алган болсо, 2010-жылы апрелдеги ок атуулар да болмок эмес:

- Эгерде Аксы окуясына ошол убакта укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр ошол мезгилде жазаланганда, анда кийинки кан төгүүлөр болмок эмес. Керек болсо, ошол 17-марттагы ок атууну бийлик жаап-жашырып, айыпты карапайым адамдарга оодарып коюуну каалаганда, алардын абийирин “Азаттык” радиосу ачып, ок атууну ошол түнү кыргыз коомчулугуна, дүйнөлүк коомчулукка алып чыкканда, Аксы окуясы ашкереленген.

2001-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагындагы Үзөңгү-Кууш тилкесин “президент Аскар Акаев жашыруун түрдө келишим түзүп, Кытайга берүүгө макулдугун бериптир” деген маалыматты ачыкка чыгарып, президентке импичмент жарыялаган. Көп өтпөй, 2002-жылы 7-январда Азимбек Бекназаров мурдагы иштери үчүн камакка алынган. Депутаттын камалышына нааразылыгын билдирген саясий акциялар Бишкекте, анын туулган жери Аксыда башталган. Ошол кезде “Бекназаров бошотулсун, Үзөңгү-Кууш Кытайга берилбесин” деген талап менен ачкачылык жарыялагандардын бири, укук коргоочу Азиза Абдурасулова эле. Азиза айым Аксы окуясына саясий баа берилгени менен, укуктук баасын ала алган жок деп эсептейт:

- Кеч болсо да жок дегенде саясий баа берилди. Аксылыктарга арналып эстеликтер коюлду, каза болгон балдардын аттары мектептерге, көчөлөргө, көпүрөлөргө коюлду. Мамлекет тарабынан компенсация төлөндү. Бирок эч ким жаза алган жок. Аксы окуясына тиешелүү укуктук баа берилген жок.

Ыңкылаптардын башаты

Аксы окуясы Кыргызстандагы 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрелдеги бийлик алмашууга алып келген көтөрүлүштөрдүн башаты болгон деген пикирлер арбын. 1990-жылдан тартып, 12 жыл бою башкарып келе жаткан Акаевдик режимге каршы Аксы элинин көтөрүлүп чыгышы тарыхый бир бурулушка негиз берди дейт коомдук ишмер, журналист Кыяс Молдокасымов:

- Аксыдагы элдин ок атылса да бийлик менен акыр-аягына чейин таймашып, акыр-аягына чейин чындык үчүн чыркырап, элге каршы бийлик кылган үй-бүлөлүк коррупциялык режимдин кереги жок деп чыккан аксылыктардын талабы 2005-жылы 24-мартта аткарылды. Бирок тез эле көп өтпөй, элдин талабы толук аткарылбагандыктан, 2010-жылы 7-апрелде кайра дагы элдин күчү менен бийлик алмашуусуна алып келди.

Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү

​Аксы окуясын Кыргызстандын мамлекет катары бүтүндүгүнө шек келтирүүгө кыргыз элинин каршы туруусуна алып келген бир тарыхый бурулуш катары сыпаттагандар да бар. Анткени Үзөңгү-Кууштан тышкары да Сары-Жаз, Хан-Теңири, Торугарт жана башка жерлерден баш-аягы 27 миң гектар жер коңшуларга берилген. "Бул жерлердин кантип, качан берилгени да белгисиз бойдон кала берди", - дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова:

- Эгер Аксы окуясы болбосо, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кеткени билинбей, бул тарыхта калмак эмес. Анткени баш-аягы 27 миң гектар жердин мурдараак берилип кеткени тууралуу айтылбайт деле. Ал эми Үзөңгү-Кууштун берилгенине каршылык кылып, аксылыктардын чыкканы кийин Каркыра казактарга берилип жаткан учурда да элдин каршылык көрсөтүүсүн жаратты. Элибиз Кыргызстанга тиешелүү жердин четинен кертилип, башкаларга берилбеси үчүн жок дегенде нааразылыгын билдирүүнү үйрөндү.

Аксы окуясынан бери туура он үч жыл өттү. Андан бери окуянын чоо-жайын өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Акаевдик бийликтин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын бир даары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баары аз өтпөй эле мунапыс мыйзамына туш келип, акталып чыгышкан. Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча соттук териштирүү кайрадан козголуп, бирок Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган. 2011-жылы азыркы бийлик да Аксы окуясы боюнча сот иштерин кайрадан карап чыгууга киришип, бирок чыккан чечимдерде олуттуу өзгөрүү болгон эмес.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG