Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Бүгүн Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү уланат


Астана жолугушуусу.
Астана жолугушуусу.

Бүгүн Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү уланат. Ок атышуу токтотулушун бекемдөөнү максат кылган жолугушууга Сирия өкмөтүнүн да, оппозициясынын да өкүлдөрү катышууда, бирок алардын ортосунда тикелей сүйлөшүү боло элек.

Кечээ, алгачкы күнү тараптар ок атышуу токтоп туруусунун максатын эки башка чечмелешти. Өкмөттүк делегациянын башчысы, Дамаскинин БУУдагы элчиси Башар ал-Жафари оппозициянын саясий жараянга кызыкдар топторун “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан же “ал-Каидадан” бөлүү зарылдыгын айтты. Ал эми оппозициянын өкүлү Мухаммад Аллуштун билдиргенине караганда, алар ок атышуунуyн токтошун “президент Асаддын жана башкаруучу банданын” бийликтин кетишине карай саясий чечимдин алгачкы кадамы катары карашат.

Орус президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьевдин белгилешинче, сүйлөшүүлөр “өтө кызуу өтүүдө, эки тарап бири-бирине карата каршылык мамиле көрсөтүүдөн карманууда”.

Астана сүйлөшүүлөрүн Орусия, Иран, Түркия бирге уюштурду. Сириянын алты жылга созулган жарандык согушунда Орусия жана Иран президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия ага каршы оппозицияны колдоп келатат. БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура эки тарапты тең аскер күчүнөн баш тартууга чакырып, эгер тараптар мониторинг механизмин макулдаша алса, ок атышуу бүткүл Сирия боюнча сакталарына үмүт артарын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG